Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Тарыхчы Кайнарбек Бийлибаев кол ойнотуп комуз чертип, онго чукул күү, отуздан ашуун обон чыгарып, ырларын белгилүү ырчылар аткарып жүрүшөт.

Тарыхчы, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кайнарбек Бийлибаев "Тай кожо", "Жоргонун салынышы", "Жаштарга", "Салтанат", "Тоо арасында", "Беш таш кайрыктары" деген күүлөрдү чыгарып, Кыргыз радиосунун "Алтын фондуна" жаздырган.

Ал "Тоо арасында" деген күүсүн устаты Бейшеке Жандаровго арнап чыгарыптыр.

- Чоң комузчу, мыкты обончу Бейшеке Жандаров кайтыш болду дегенде Кеминге барып, ага аза күтүү митингин уюштуруп, бейитине топурак салып келгенден кийин бир топ күнгө чейин кайгырып жүрдүм. Кайран киши залкар талант эле, карыганда калкына белгисиз болуп кете берди.

Бир күнү колума комуз алып, ага болгон күйүтүмдү комуздан чыгардым. Канча айткан менен ал киши менин устатым эле. Анын арбагына карыз болуп калбайын, парзым эле деп "Тоо арасында" деген күүнү чыгардым. Анда кыргыздын мурдагы, азыркы турмушу, устатымдын кыялы камтылган.



Кайнарбек Бийлибаев бала кезинен ыр-күүгө жакын өсөт. Анын атасы Шеримкул да комуз чертип, күү чыгарып, өрөөндүн өнөрлүү адамдарынын бири болгон.

Кайнарбек Бийлибаев 1978-жылы Ленинграддагы Кесиптик кошуундун жогорку мектебинде окуп жүргөндө да колунан комузун түшүрбөгүнүн мындайча эскерди:

- Мен Бишкектеги азыркы Медициналык академияга тапшырып, окууга өтпөй калгам. Дарыгер болсомбу деген тилегим бар болчу. Анан Кудайдын буйругу менен Ленинграддагы профсоюздардын жогорку мектебине атайын жолдомо менен окууга өтүп кеттим. Ал жерде Чехословакия, Монголия, Вьетнам, Югославия, СССРдеги бардык улуттардын өкүлдөрү окушчу. Алардын баары эле улуттук аспаптарын “кыңылдатып” калышат.

Мен каникулга барганда комузумду ала барып, группалаштарыма чертип берсем аябай кызыгышып, “концертке чыгышың керек” деп калышты.

Ошентип Атайдын кол ойноткон күүлөрүн чертип, окуу жайдын концерттерине чыга баштадым. Бир жолу Ленинграддагы Киров атындагы опера жана балет театрында (Мариинский театр) Профсоюздардын жогорку мектебинин чоң концерти болуп, Атайдын “Ак тамак менен көк тамак” деген күүсүн кол ойнотуп, чымчыктай сайратып чертип берсем кол чаап, сүрөп эле жатып калышты.

Кайта-кайта сураганынан Атайдын “Кара өзгөйүн” чертсем ого бетер кыйкырып, жер тепкилеп “браволоп” калышканда комуз күүсүнүн касиетин сезгем. Ошондон кийин колумдан комузумду түшүрбөй келем.

Бир жолу Жумгалда гастролдо жүргөндө Бейшеналы Кулболдиев “Атайдын арбагын Париждеги концерттик залдардын дубалынан көргөм” деп айтканы бар. Ошол сөздөр менин кулагыма жаңырып, Атайдын күүлөрүнүн укумуштугун, комуздун сыйкырдуу касиетин ошондо түшүнгөм.



Кайнарбек Бийлибаев 1952-жылы Талас районундагы Кара коюн өрөөнүндөгү Кайнар айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан билим алып, ошол жылдары филармониянын алдында алгачкылардан болуп түзүлгөн “Гүлкайыр” үн-аспаптар ансамблинде бас гитара, комузда ойнойт. Кийин ал ансамбль жоюлуп кетип ал өзү туулуп өскөн айылдагы маданият үйүндө иштейт.

Ленинграддагы Кесиптик кошуундун жогорку мектебин бүтүрүп, Таласта, Кара-Көлдө кесиптик кошуунду жетектеп, Улуттук университеттин тарых факультетин сырттан окуп бүтүрөт. Тарых боюнча көптөгөн илимий макалалардын автору.

Ал Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, анын “Адашуу” деген аталыштагы повестин 2003-жылы, “Жанкороз” даректүү-тарыхый романы 2010-жылы жарык көргөн.

Кайнарбек Бийлибаев Кемин районундагы Тоо-кен металлургиялык комбинатында өрттөн өчүрүү кызматынын жетекчиси болуп он жылдан ашуун иштеп эмгек эс алуусуна чыгып, учурда “Көк Асаба” гезитинде баяндамачы болуп иштейт.
XS
SM
MD
LG