Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Уурдалган скрипка, талкаланган виолончель


Өткөн жылы 7-апрелде президенттин “Манас” камералык оркестри жайгашкан бөлмөгө белгисиз адамдар кирип, кымбат баалуу бир скрипка жана виолончелди уурдап кетишкен.

Эл аралык уюмдардын жардамы менен аталган оркестр музыкалык аспаптарын толуктап, март айында өтүүчү концертке кыргыз композиторлорунун чыгармаларын даярдашууда.

Уурдалган аспаптардын изи жок

Президенттин “Манас” камералык оркестри Бишкектин чок ортосундагы Киев көчөсүндө Агропромдун имаратында 7-кабатында жайгашкан. 7-апрелдин түнү имаратка белгисиз адамдар кирип, 1-кабаттан 7-кабатка чейин талап-тоношкон.

Мындай талап-тоноодон “Манас” камералык оркестринин бөлмөсү да четте калган эмес. Классикалык музыканын оркестрге иштелип чыккан ноталары айрылып, чачылып, контрабас, виолончель, эмеректер талкаланып, компьютер, принтер сыяктуу техникалар уурдалган.

Эрнис Асаналиев
Оркестрдин директору Жылдыз Кудайбергендин айтымында, бул талап-тоноо музыканттарга моралдык, материалдык жактан өтө чоң сокку болду.

- Биз үчүн ал күндөр өтө оор болду. 778 миң сомдун тегерегинде чыгым тарттык. Музыкалык аспаптарды, мебелдерди талкалаганы аз келгенсип, компьютер, телефондорду, дагы башка буюмдарды көтөрүп кетишиптир. Көркөм жетекчибиз Эрнис Асаналиевдин өзүнө таандык кымбат баалуу скрипкасын, Эмгек сиңирген артисткабыз Аида Ташыбаеванын кымбат баалуу виолончелин уурдап кетишкен.

Апасы белекке берген скрипкадан айрылган музыкант

Уурдалып кеткен скрипка 150 жыл мурда Германияда жасалыптыр. Кымбат баалуу музыкалык аспапты белгилүү скрипкачы Эрнис Асаналиевдин апасы сатып бериптир. Ал скрипка менен бир катар эл аралык фестивалдарда Эрнис Асаналиев Кыргызстандын атын чыгарып, байгелүү орундарды жеңип алган. Таланттуу музыкант скрипкасыз калганда Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги демөөрчүлүк кылып Италияда жасалган кымбат баалуу скрипканы белекке беришкен.

Оркестрдин директору Жылдыз Кудайберген уурдалган аспаптар табылбай калганын, сынган музыкалык аспаптарды калыбына келтирүүгө жана жаңы техника, эмеректерди сатып алууга Бишкектеги эл аралык уюмдар (Кристенсен кору, Нидерландиянын “Канзаада Клаус” кору, “Сорос” кору) көмөк көрсөткөнүн белгиледи.

Классикалык музыка Кыргызстандын аймагында

Кыргызстан композиторлор уюмунун жетекчиси, композитор Турдубек Чокиев "Манас" камералык оркестри Бишкекте концерт берүү менен чектелбей, президенттик камералык оркестр болгондон кийин өлкө башчысы иш сапары менен аймактарга барганда кошо барып, бир-эки күн концерт тартууласа, өлкө аймагында классикалык музыка маданиятын жайылтууга өбөлгө болот эле деген пикирин айтты.

- Президенттин оркестри деген макамы болгондон кийин Бишкектеги маданий мекемелерде жылына бир-эки концерт берип тим болушпай, мамлекет башчысы аймактарга барганда оркестр да кошо барып концерттерин тартууласа жакшы болот эле. Мына 20 жыл аралыгында симфониялык оркестр түгүл, камералык оркестрлер алыскы Баткен, Ат-Башы, Чаткал, Алай райондоруна бара элек. Ошондо төрөлгөн балдар азыр жыйырмага чыкты. Алар скрипка, виолончель, флейта деген инструменттер эмне экенин көрө элек. Классикалык музыкадан таптакыр кабары жок. Бир муунду жоготуп алгандай эле болду. Эгерде президент Алайкууга барам дегенден эки күн мурда камералык оркестр ошол жерге барып, концерт берсе эки иштен бир иш жергиликтүү элдин маданий турмушун көтөрүүгө да көңүл бурулат эле. Болбосо эстрада деп эле шалдыр-шулдур музыкалар менен элдин табити бузулганына маани берилбей атпайбы.

“Энесай” тобунун жетекчиси, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев классикалык музыка менен адамдардын жан дүйнөсүн дарылоого болорун, медицинадагы психотерапия ыкмасын кеңири колдонуу керектигин айтып келет. Анын пикиринде, жандуу музыканы элге жайылтуу үчүн өкмөт тарабынан колдоо болсо, музыканттар калктын кыйырын кыдырып келүүгө даяр турушат.

Маданияты бийик өлкөдө туруктуулук болот

“Манас” камералык оркестринин көркөм жетекчиси Эрнис Асаналиев бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлсө Кыргызстандын аймагы түгүл, чет өлкөлөрдө кыргыздын композиторлорунун классикалык музыкалары менен элдин, мамлекеттин жүзүн таанытууга болорун, буга кудуреттери жетерин белгиледи.

- Мамлектибизде искусство жок болсо экономика өнүкпөй калышы толук ыктымал. Муну дүйнөлүк тажрыйбалар деле көрсөтүп жатпайбы. Театр, живопись, кино, музыка, жалпы элдин маданияты өнүкпөгөн жерде туруксуздук, зомбулук үстөмдүк кыларына күбө болуп жатабыз. Мисалы, музыканттар биздин элдин элчиси катары кызмат кылып жатышат десем болот. Эл аралык конкурстарга катышкан биздин өнөрпоздор аркылуу Кыргызстан жөнүндө, элдин жашоо-турумушу тууралуу кеңири маалымат алышат. Биз аркылуу кыргыздарды таанышат. Биздин өнөрпоздор дүйнөлүк аренада өнөрлөрүн татыктуу көрсөтө алышат. Мына биздин президенттик “Манас” камералык оркестри дүйнө жүзүнүн кайсы жерине барса да жогорку деңгээлдеги концерт берүүгө даяр. Репертуарыбыздагы дүйнөлүк классикалык шедеврлердин чыгармаларынан бөлөк, кыргыз композиторлорунун чыгармалары аркылуу кыргыз элине, мамлекетибизге баасын беришет. Тилекке каршы транспорт, жатакана сыяктуу маселелер кендирибизди кесип жатпайбы. Эгерде бийлик тарабынан анча-мынча колдоо болсо оркестр толук кандуу концертин элге тартуулайт эле.

Аткаминерлердин маданиятка мамилеси кандай?

“Манас” камералык оркестринин уюушулганына быйыл он жыл болот. Анын курамына Кыргызстандагы мыкты, таланттуу музыканттар топтолгон. Он жыл аралыгында дүйнөлүк классикалык музыка жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары менен репертуары байыган.

Турдубек Чокиев
Ошентсе да Кыргызстанда классикалык музыкага баа берилбей келатканын оркестрдин директору Жылдыз Кудайберген белгиледи. Анын маалыматына караганда, президенттик камералык оркестр деген макамы бар чыгармачыл топтун концертине мурдагы өлкө башчысы К.Бакиев, парламент депутаттары бир дагы жолу келишкен эмес. Ал эми азыркы президент Роза Отунбаева бийликке келгенге чейин эле бош убактысында камералык оркестрдин концертине кандай келип жүрсө, азыр да келип турат.

Жылдыз Кудайберген ошондой эле акыркы беш жыл аралыгында классикалык музыка кечесине Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, мамлекеттик кызматкерлер келбегени менен Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчилигинен, жергиликтүү интеллигенция өкүлдөрүнөн байма-бай концерттерге келип турарын кошумчалады.

- “Манас” камералык оркестри президенттин иш башкармалыгына карайт. Он жети кишиден турган бул камералык оркестр уюшулгандан берки он жыл аралыгында дүйнөлүк классикалык музыканын алптары Моцарт, Бах, Вивалди, Штраус, Шопен, Жорж Бизе, П.Чайковский жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган мыкты программадагы кырктан ашуун концерт тартуулашкан.
XS
SM
MD
LG