Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Билет бар, орун жок


Кыргыз улуттук филармония
Кыргыз улуттук филармония

Эл көп келген концерттер шылуундардын бизнесине айланды. Билетти так өзүндөй көчүрүп жасап алуу менен акча жасагандардын айынан кыргыз ырчылар мындан ары концертке келген ар бир көрүүчү билеттерин атайын текшерүүчү аппараттан өткөрүүсү керек деген демилгени көтөрүп жатышат.

Байкоолорго караганда, бир кездерде эл такыр эле келбей калды делген маданий жайлар бүгүн көрүүчүлөргө толуп, өзгөчө тирүү үн менен кыргыз ырларын аткарган ырчыларды сагынгандар арбыды дешет.

Мисалы, 6-июнда борбор калаада ырчы Токтобек Асаналиевдин концерти өттү. Баргандар ырчынын концерти өтө жогорку деңгээлде өттү деп макташканы менен айрым гезиттер менен интернет басылмалар концерттеги орун талаштан чыккан ызы-чууларды уюштуруучулардын күнөөсү деп сындап жазып чыгышты.

Ырчы Токтобек Асаналиев өзү эмне дейт?

- Мен 1500 билетти санап, сатыкка чыгаргам. Баарын так эле карап жатканбыз. Бирок концерт болуп аткан учурда бир орунга экиден, кээде үчтөн адам болуп талаш болду. Карасаң билеттердин баары окшош дешет. Кайдан чыгарып атышат билбейм, алып саткандар билетиңди өзүндөй кылып жасатып алат экен да.

Ошол күнү менин концертимен эле эң азы 12 миң сом жасаптыр. 700 долларга чейин акча тапкандар болуптур. Ал эми ошол эле маалда эки- үч концерт удаа болду. Ким канча акча жасап атат, ким билет? Бул алып сатаарлар бизден да көп акча таап атышпайбы. Өкүнүчтүүсү биз эч кандай чара көрө албайт экенбиз.


Биз ушул окуянын эртеси эле күнү башка ырчынын концертине билет сатып жүргөндөрдүн бирин сөзгө тартып, жасалма билеттер туурасында сураганбыз. Маектешибиз өзүн Асыл деп тааныштырды:

- Мен 1996-жылдардан бери билет сатып иштейм. Мурун эми берген билеттерин эле сатып, пайызын кармап калчубуз. 2000-жылдан тарта өзүбүз алып үстүнө акча кошуп сатып калдык. Ал эми билеттерди жасатып сатат дегенге мен кошулбайм. Билетти жасаса да мөөрдү кантип жасайт? Андай болбойт. Ырчылар бизди “цыгандар” деп жамандап жүрүшөт. Чындай келсе ошол эле айрым ырчыларга биз билет сатып жардам беребиз. Мындайда эле кыйын болуп калышат.

Ырчы Каныкей
Асыл айым белгилегендей, билетти жасоо мүмкүн эмес деген сөз жөн гана шылтоо экен. Азыркы технологиянын жетишкендиги алдамчыларга ушундай жакшы шарт түзүп коюптур. Көрсө, билетти өздүгүн далилдеген мөөрү менен кошо өзүндөй кылып чыгарышат. Компьютер адиси Канат Борсоев мындай түшүндүрмө берди:

- Азыркы технологиянын күчү менен баарын жасаса болот. Маселен профессионал фото сканер болсо, билетти өткөргөндө ал бардык өңү менен түстүү болуп чыгат. Анан басмадан чыгарып коёт. Бирок жакшылап байкаса мөөрдөн байкалат. Жаңы басылган мөөр менен көчүрүлгөнү агыш болуп көрүнүп эле турат. Дыкат кароо зарыл.

Мындай алдамчылыктан кутулуунун бир гана жолу - уюштуруу иштериндеги өтө тыкандык, же ар бир көрүүчү тынч эс алам десе билетти алып сатаарлардан эмес, ошол концерт болуп жаткан маданий жайдын атайын кассасынан алуусу керек. Мүмкүн аргасы түгөнгөндө айрым кыргыз ырчылары көтөрүлүп жаткандай, ар бир көрүүчүнүн билетти атайын аппарат аркылуу текшерилүүсү да шарттыр.
XS
SM
MD
LG