Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

“Шырылдаң” берүүсүнүн мейманы - белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов. Ал комузда кол ойнотуп, күү чыгарып, кыргыздын тарыхын изилдеп, каада-салттары, көчмөн элдин үрп-адаттары боюнча эмгектерди жазып келет.

Күүнүн сырын билген коомдук ишмер

Мамлекеттик концерндин мурдагы президенти, экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов мамлекеттик, коомдук иштеринен бошой калганда комузда кол ойнотуп, күү чыгарып, он чакты обон жаратат.

Ал «Карылык», «Энеме» жана башка күүлөрдү чыгарып, элдик күү Шырдакбектин "Боз жоргосу" деген күүнү кайрадан иштеп чыгып, өзүнүн вариантын чертип жүрөт.



Сарыгулов “Энеме” деген күүнү апасына арнап чыгарган экен.

"Энем он бешти төрөп, он бирин аман-эсен багып чоңойткон. Энеге эми сөз жок да. Эне үч касиетке ээ. Бир дагы эркекке мындай касиетти жараткан буйруган эмес. Эне, биринчиден, өзүн курмандыкка чалганга даяр. Себеби бала ооруса атасы үч жолу турат. Андан кийин уйкусу келип жатып алат. Ал эми эне “ийне сайгандай” тикеси менен тик турат. Көз ирмебейт.

Экинчиден, эне дайыма балдарына эсеп-чоту жок мамиле кылат. Андай-мындай деп эсептешпейт. Ошол үчүн эне кыздарынын, балдарынын кимиси болсо да батып кетет. Ал эми ата батпайт. Себеби эне ошончолук кенен болот.

Үчүнчүдөн, эненин тилеги балдарына дайыма ак. Балдары кандай гана жаман иш кылбасын эне аны кечирет. Бул кечиримдүүлүктү жараткан аялзатына берген экен. Апамдын мына ушундай жакшы сапаттарын эстеп, ага арнап чыгарган күүмдү “Энеме” деп атадым. Бул күүнү радиодон бергенде энем өзү угуп калды".

Дастан Сарыгулов "Кыргызалтын" концернинде иштеп жүргөндө белгилүү комузчулар Мукул Абылов, Болуш Мадазимов, Самара Токтакунованын аткаруусунда 135 күүнү, тарых-таржымалы менен жаздырып, кыргыз күүлөрүнүн жыйнагын түзгөн.

Ошол кезде комузчулардын жана кыргыздын музыкалык аспаптарын жасаган усталардын кароо-сынагын өткөрүп, комуз өнөрүн өркүндөтүүгө зор салым кошкон.

Азыр Дастан мырзанын колунда Карамолдо Орозов менен Чалагыз Иманкуловдун комузу сакталуу турат. Бөлмөсүндө андан башка мыкты усталар жасаган он эки комуз күүдөн жазбай, азыр чертүүгө даяр.

Хан Шырдакбек баяны

Мына ушундай улуу өнөрдү аздектеген Дастан Сарыгулов элдик күү Шырдакбектин «Боз жоргосун» кайрадан иштеп чыгып, жорголордун жүрүшүн, жылкынын көркүн, чапчаң кыялын күүгө салат.

Комузчу, коомдук ишмер бул күүнүн таржымалы, Шырдакбектин тарыхтагы орду тууралуу кененирек кеп салып берди.

"Шырдакбек баатыр болгон. Эл башы болгон. Эгемендүүлүк үчүн күрөшүп, каламактарга каршы аттанып чыгып, акыры ошол душмандарынан ажал тапкан белгилүү инсан. 17-кылымдын орто ченинде калмактардын кол-саны көп болуп.

Кыргыздын Жамгыр деген баатырын жекеме-жеке сайышта Галдама деген калмактын баатыры өлтүрүп, ошондон кыргыздын эли чабылып, сүрүлүп, жанын сактап Бухара, Гисарга чейин барган заман болгон. Ошол учурда калмакка каршы кол курап, аттанып, элдин башын кошуп көтөрүлүп чыккан ушул Шырдакбек баатыр. Бул киши өзү кыпчак уруусунан кожомшүкүр деген уругунан. Анжиян жеринен Байтак деген айылда төрөлүп өсүп, белгилүү эл башчы болуп, Фергана, Наманган, Ташкентке чейин элди жетектеп, сурап, бийлеп турган учуру экен.

Бул кишинин тарыхта, кыргыз улутуна калтырган чоң издеринин бири - белгилүү Боз жоргосу. Шырдакбектин коргону азыр деле Ак талаа өрөөнүндө турат. Дубалдарынын эни кенен, араба жүрчү экен. 120 метр чарчы тоодогу булактан жер асты менен чепке суу киргизген.

Бул чептин сырын Шырдакбектин аялы Эркеайым билчү экен. Ал чыккынчылык кылып калмактын ханы Шыгай ханга чептин сырын айтып, калмактар келип булакка саманды сала берип, суу түтүкчөлөргө толуп калгандан кийин, бир аптадан кийин аргасы кетип чептин дарбазасын ачат. Байдөбө деген жерден Шырдакбек калмактардын колунан ажал табат".

"Боз жорго" баяны

Дастан Сарыгулов Шырдакбек баатырдын таржымалын кынабын келтирип айтып, жылкынын асылдыгын, дулдулдугун комузга салып "Боз жоргону" чертип отурду.



- "Боз жоргонун" тарыхы жалгыз эле кыргыз элине таандык эмес, жалпы Борбор Азия элдерине тараган. Жалпы кыргыз улуту ат жаныбары болбосо, ким билет тарыхтын тегирменинен өтөт беле, өтпөйт беле? Бул жоргону мүнөздөгөндө акындар минтип айтчу экен:

Ай караңгы түн болсо,
Адашпаган Боз жорго,
Хан Шырдактан башкага,
Жарашпаган Боз жорго,
Төрт жүз элүү күлүккө,
Алдырбаган Боз жорго.
Чапкан сайын байге алган,
Чарчабаган бул жорго,
Адамдын көзүн уялтып,
Жал куйругу жаркырайт.
Дүбүртү катуу угулуп,
Төрт туягы тарсылдайт,
Кызыганда ооздук,
Кесе тиштеп карсылдайт.
Төрт жүз элүү жорголор,
Байге алалбай салпылдайт.
Өркөчү бийик, зээри паз,
Өйдөгө чапса чарчабас.
Аркасы бийик, зээри паз,
Адырга салса чарчабас,
Жалы тайкы чара баш,
Мындай жылкы жаралбас.
Кулагы типтик куйгандай,
Куюндан бүтүп туулгандай.
Күмүш куйрук, сом туяк,
Аккула жалгыз болбосо,
Айбанда болбойт, бул сыяк.

Баатырларга ылайык мындай жылкылар күчү да, жүрүшү да зор. Буларды асман жылкы деп коюшчу экен. Себеби Арстанбоб жеринде Тулпар көл, Айгыр көл деген көл бар экен. Ошол көлдүн тегерегинде жапайы айгырлар жүрүүчү экен. Ошол жапайы айгырлардан туулган кулун, кийин чыгаан күлүк же талыкпас жорго чыкчу дейт. Мына ошол айгырлардан туулган Боз жоргону Шырдакбек минип алып эртең менен Ак талаадан чыгып, Өзгөнгө барып жумуштарын бүтүрүп, күүгүм кире электе кайра Ак талаага барып калуучу экен.

Ал жоргону казактын хандары, калмактын башчылары дагы келип жоргону сураптыр. Бирок жорго менен хандын жаны бир да. Бирөөнө да жоргону берген эмес. Мына ошол "Боз жорго" деген күү үч кылымдан бери кыргыз элинде чертилип келатат. Бул кыргыз элинин жылкы баласына болгон сүйүүсү, урматын камтыды деген ойдомун.

Атанын тарбия башаты күү менен...

Дастан Сарыгуловдун атасы Ислам аксакал болсо өз заманында үйүнө залкар комузчуларды чакырып, комуз черттиртип, өзү да комуз чертип, балдары комуздун күүсүн угуп чоңоюшат. Алардын үйүнө кыргыз элинин кыйырына белгилүү болуп калган атактуу адамдар сый көрүшсө, жергиликтүү өнөрпоздор ат тезегин кургатпай келип турушчу.

Мына ошол күүлөрдүн, өнөрлүү адамдардын таасириби, Ислам аксакалдын он бир баласы тең зээндүү өсүп, бардыгы жогорку билимге ээ болушат.

Дастан мырза 1970-жылдары Ленинграддагы курулуш институтун бүтүрүп келип, курулушта иштеп жүргөндө комузга ышкысы ойгонуп, алгач майда күүлөрдү үйрөнүп, кийин чоң комузчулардын кара күүлөрүн черткенге жетишет.

Дастан Сарыгулов Ленинграддан курулуш институтун аяктап келгенден кийин Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында көп жыл жооптуу кызматтарда иштейт. Бош убактысында жыгачтан эмерек жасап, устачылык да кылат. Ал жасаган эмеректер дагы эле бар. Азыр убактысы тардыгынан улам керки-чотун кармабай калган.

Коомдук ишмер, комузчу Дастан Сарыгулов 1947-жылы Талас облусунун Иван-Алексеевка айылында туулган.

1970-жылы Ленинграддагы Эмгек кызыл туу ордендүү инженер-куруучу институтун бүтүрүп, "курулуш жасалгалоо жана конструкция өндүрүшү" боюнча адистигин алган. 1999-жылы «Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти болуп иштеген.

2005-жылы Мамлекеттик катчылык кызматты аркалап, бир жыл өткөндөн кийин өз каалоосу менен кызматтан кетерин расмий жарялап, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге арыз жолдогон. Ал өз арызында март ыңкылабынан кийин бардык иш тажрыйбасын, билимин, эмгегин мамлекеттин бүтүндүүлүгү жана Кыргызстан эли үчүн жумшаганын, таза иштегенин белгилеп, өлкөдө коомдук-саясий туруктуулуктун кызыкчылыгы үчүн кызматтан кетерин билдирген.

Себеби 2006-жылы 29-апрелде Бишкекте миңдеген атуулдар митинг өткөрүп, март ыңкылабынын талаптары аткарылбай жатканына нааразы болуп, бир катар мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан кетүүсүн талап кылган болчу.

Учурда Дастан Сарыгулов "Теңир Ордо" коомдук корун жетектеп, кыргыз тилин өнүктүрүү, маданият, фольклорду жайылтуу, руханий кайра жаралуудагы көйгөйлөрдү чечүү багытында иш алып барууда.
XS
SM
MD
LG