Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

2-ноябрь - Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Адистер эгемендик жылдары маданият жана искусство таануучулардын жаңы мууну өсүп чыкпаганын, бул аралыкта кыргыз маданиятынын өнүгүшү илимий негизде талданбай калганын айтып келишет.

Орусиядан хореография окуу жайын бүтүп келип, учурда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында иштеп жаткан Жамиля Туляева билимин андан ары тереңдетип, театр таануучу болгусу келген экен. Бирок ал Кыргызстанда искусство таануучуларды даярдай турган бир да окуу жай жок болгонун айтат:

- Искусство таануучу болоюн деп ойлогом. Бирок бизде андай окуу жай жок экен. Өзүм ушул тармакка абдан кызыгам. Театр таануучу болсом дейм. Бирок шартым туура келбей жатат. Бул кесипке ээ болуу үчүн Казакстанда же Орусияда окуп келиш керек экен.

Туляева жакында Бишкекте өткөн эл аралык театр фестивалында жериликтүү театр сынчыларын байкабаганын да кошумчалады.

“Эсимде” спектаклинен бир көрүнүш

“Эсимде” спектаклинен бир көрүнүш

Театр ишмерлер биримдигинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов чынында эле учурда маданият тармагында искусство таануучулар жок экенин белгилеп, бул кесип өткөн доордон бери уланбай калганын билдирди:

- Анткени искусство таануучунун да кандайдыр бир материалдык кызыкчылыгы болуш керек. Бизде алар иштеп, күчүн пайдалана тургандай эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр бул кесипке эч ким кызыкпайт, окубайт. Совет мамлекетинен калган искусство таануучулар бар. Бирок алар кесибин эчак эле өзгөртүп жиберишкен. Үй-бүлөсүн бакканга ылайыктуу кызматтарда жүрүшөт. Журналист, мугалим болуп кетишкен.

Кулмамбетов мындан улам акыркы 20-30 жылдагы искусствонун, маданияттын тарыхы кандай жазылары өтө чоң суроо болгонун айтты.

"Курманжан Датка" спектакли

"Курманжан Датка" спектакли

Композиторлор бирикмесинин төрагасы Турдубек Чокиев болсо жогорудагы пикирлерге кошулбайт. Маектешибиз учурда маданият тармагынын бардык жанрында искусство таануучулар бар экенин, бирок алар өздөрүнүн пикирин элге жеткирүүдө заманбап ыкмаларды колдоно албай жатканын кеп кылды.

- Кино таануучулар бар. Кээде кайсы бир тасмалар тууралуу теле берүүлөрдү уюштуруп жүрүшпөйбү. Сүрөт боюнча искусство таануучулар бар экенин да билем. Бирок негедир ушулардын дымы чыкпай калды. Менимче бир убакта алардын макалаларын гезиттер баспай койгон. Илимий негизде жазылган макаланы кайсы гезит басмак эле... Мындан улам мен көп эле музыка таануучуларга "элге жете турган жалпак тил менен жазып үйрөнбөйсүңөрбү" деп айтып калам. Искусство институтунда музыканттарды окутуп жатпайбы. Мен аларга журналистиканы да кошо окутууну сунуштап жүрөм.

Турдубек Чокуев канткен менен учурда маданияттагы ал-абал талдоодон өксүп турганын моюнга алып, бул үчүн искусство таануучуларга доомат койсо болорун кошумчалады.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов окуу жайларда эмне үчүн искусство таануу адистиги даярдалбаганын мындайча түшүндүрдү:

- Себеби бүгүнкү күндө ошол адистикке окуй турган каалоочулар аз. Өтө эле аз. Андыктан бул багытта атайын факультет ачыш кыйын. Адегенде талап болуш керек.

"Абийир кечирбейт" пьесасынан бир көрүнүш

"Абийир кечирбейт" пьесасынан бир көрүнүш

Мамашарип Чотонов бул маселе учурда кыргыз маданиятында актуалдуу көйгөй экенин белгилеп, аталган окуу жай жаш муунду искусство таануучулукка тартуу максатында атайын маданий журнал чыгарууну демилгелеп чыкканын билдирди:

- Буга чейин Кыргызстандын маданият тармагында илимий журнал жок эле. Жогорку, орто окуу жайлар менен макулдашып, илимий журнал ачтык. Ал кыргыз, орус тилдеринде жарык көрөт, “Маданияттын жарчысы” деп аталат. Биз искусство, маданият тармагындагы мугалимдердин, студенттердин илимий негиздеги талкуусун жарыялай турган илимий журнал даярдап жатабыз. Мен ушул журнал искусство таануучулардын көбөйүшүнө жана жаштардын тартылуусуна таасир берет деп ойлойм.

Чотоновдун айтымында, учурда аталган журналдын үчүнчү чыгарылышы даярдалып жатат. Ректордун пикиринде, маданият таануучулардын жоктугу жана алардын ишмердигине маани бербестик маданият тармагынын өнүгүшүнө кедергесин тийгизип жатат.

Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келатат. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG