Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Актер Токон Дайырбеков отузга чукул тасмада эсте калаарлык ар түрдүү образдарды жаратканы менен өзү каалаган каармандардын ролун аткара албай арманда кеткен сүрөткердин бири.

Токон деген ысым менен таанымал киноактер Токтоналы Дайырбеков алыскы айылдардын биринде оор турмушту башынан өткөргөн. Бойго жеткенде бел болуучу атасы каза болуп, кийин апасынан да айрылат.

Кичинесинен актер болууну самаган Токо Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өткөндөн кийин Өзгөндүн Жалпак-Таш айылындагы атасынан калган үйдүн каалга-терезелерин тактай менен бекитип коюп, окуусун улантат.

Анын аталаш тууганы, коюндаш өскөн классташ курбусу Маматназар Жакыпбаев (аны айылдагы туугандары Супатай деп коюшат) буларды эскерет:

- Током жалгыз уул эле. Орто мектепти аяктап атканда атасы бейиши болгур, көзү өтүп кетти. Андан кийин институтка өткөндө апасы кайтыш болду. Анан үйүнүн эшик-терезесин тактай менен жаап, Москвадагы окуусуна кеткенге аргасыз болгон.

Жакыпбаев Токон ысык-суукка эрте бышып, аттын кулагы менен тең ойноп, улакка түшүп, эр мүнөз болуп чоңойгонун да эскерди.

1978-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна Бишкектеги Кино үйүндө кабыл алуу болуп, кыргыздын жүздөн ашуун кыз-уландары сынакка катышканбыз. Ошондо мурду барбыйган, эрди калың, маңдайы ачык, сөөктүү, арык жигит менен мамилем жакшы болуп кетти. Ал өзүн Токон деп тааныштырды. Үч күн катары менен сынак болуп, акыркы күнү он беш баланын тизмесин окуп, кинозалга киргизди. Ал тизменин арасында Токон экөөбүздүн фамилиябыз дагы жүрөт. Москвадан келген кабыл алуу комиссиясы баарын бир сыйра сыдырып карап чыгып, Токон экөөбүздү сыртка чыга бергиле дешти. Ошентип он үч бала институтка өттү деп, алардын аты-жөнүн жарыялады. Токон экөөбүз боз ала болуп, көөдөнүбүздү ызалык ээлеп, москвалыктар деле калыс эмес турбайбы деп калдык. Себеби Арсен беле, айтор аты-жөнү толук эсимде жок, шаардык бир баланы тамак-аш салынган чоң кара сумка көтөрүп келип, тааныштары окууга өткөргөнүн көрүп, Токон экөөбүз абдан ызаландык эле.

Бир кезде Токон бирөө менен мушташчудай болуп, “Аман, жүрү кеттик Москвага”, - деди. Мен сынактан өтпөй калгандан кийин "экөөбүзгө Москвада суутуп коюптурбу" дедим. Бирок Токон ошондо өжөрлүк менен жети атасы тааныбаган Москвага кетип, өзү эңсеген Бүткүл союздук кинематография институтуна өтүп кетиптир. Арадан убакыт өтүп мен Искусство институтунун режиссура бөлүмүн бүтүрүп, Нарын музыкалык драма театрында иштеп калдым.

Ошол 1983-жылы Ат-Башынын Селкинчек деген жайлоосунда “Кожожаш” тасмасы тартылып жатканда Токон менен жолугушуп калдым. Токон булчуңдары буржуйган, мүчөсү келишкен, кудум эле моңголдун баатыр жигиттериндей болуп өсүптүр. Ошондо ал Москвада ачка-ток жүрүп окуп, спорт, каратэ менен машыгып, башынан далай кыйынчылыктар өткөнүн айтып берген болчу.

Токон менен Москвадагы Кинематография институтунда кыргыздын ондон ашуун улан-кызы белгилүү актер, СССРдин Эл артисти Алексей Баталовдун курсунда таалим-тарбия алышкан. Алар окууну бүтүп келген жылдары “Кыргызфильм” студиясында “Бөрү зындан”, “Сүйүү закымы”, “Ак илбирстин тукуму” деген тасмалар тартылып, Токон баш болгон жаш актерлордун бардыгы роль ойношуп, чыгармачылык менен алектенишкен.

Ошол жылдары жаш режиссер Аман Камчыбеков тарткан “Лифти бар үйдөгү тепкичтер” деген кыска метраждуу тасмада эки байбиче, Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова көп кабаттуу үйдүн тепкичи менен баратканда каратэнин кыймылдары менен жогортон төмөн түшүп, ылдыйдан жогору чыгып “кия-киялап” кыйкырган кимоночон узун чачтуу жигит жолугат эмеспи. Токон кичинекей ошол ролу менен “жарк” этип, көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

Союз жоюлуп, “Кыргызфильм” киностудиясы кризиске учурап, тасмалар тартылбай, киноишмерлер моралдык, материалдык жактан жабыр тартышкан. Алардын арасында таланттуу актер Токон Дайырбеков дагы бар эле. Бирок ал экономикалык кыйынчылыктарга моюн сунбай, белгилүү “Мосфильм”, “Довженко” киностудияларына барып, киного түшөт. Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести боюнча “Довженко” студиясы Германия менен биргеликте тарткан фильмде Токон башкы каармандардын бири Мылгундун ролун жогорку чеберчиликте ойноп, эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарга жетишкен.

Ошондо Тынч океанды көргөнүн, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” тасмасы тартылган Охот деңизинде кайыктан кулап муздак сууга чумкуп, бөйрөгүнө суук тийгизип алганын айткан.

Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында жарык дүйнөгө келип, жаратылыш менен коюндаш өскөн Токон Дайырбеков Чыңгызхандын образын кинодо жаратсам деген тилегине жетпей кетти. Кыргызстанда кино тартылбай калганда ал Кыргыз драма театрында, "Учур" жаштар театрында, Бакен Кыдыкеева атындагы өспүрүмдөр театрында иштеп жүрдү. Бирок сахнада ал каалаган Отеллону, Ричард, Ашырбайды ойной албай арманда кетти.

Анын чыгармачылыгы бааланбай кеткенин курсташы, кезинде “Эрте жаздагы турналарда” Султанмураттын ролун ойногон актер Эмил Борончиев белгилеп, кайталангыс дагы бир талант, күч-кубаты толуп турганда мезгилсиз дүйнөдөн кайтып кеткенине арман кылды.

- Кайран Током башка артисттерге окшоп той алып барып тамада болгон жок. Чоңдорго кошомат кылган жок. Анын сейрек кездешүүчү таланты эл-жеринде бааланбай калды. Анын деңгээлиндеги фильмдер тартылбай калды. Кыскасы ал өз мекенинде капаска түшкөн куштай болуп жүрдү. Кайран Токо, арманда кетти. Азыр Маданият министрлигинин, мамлекеттик кинодепартаментинин эсинде Током барбы-жокпу айта албайм. Токон Дайырбеков чоң тасмаларда тартылса, кыргыздын эле эмес, Борбор Азиянын жылдызы болмок.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Токон Дайырбеков 52 жашында мындан эки жыл мурда 2-августта мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал "Акбаранын көз жашы", "Ак илбирстин тукуму", "Чыңгызхан" (Италия), "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" ("Довженко"), “Шайтандын мөөрү”, "Ысык-Көлдүн бешбармагы", “ГАИшниктер” жана башка отуздан ашуун кинодо кайталангыс образдарды жаратып кетти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG