Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

“Таңкы шоокум” берүүсүнүн мейманы - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшөкеева.

Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин ырчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшөкеева Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бирлик айылында туулуп-өсүп, балалык курагы өткөн.

Он жети жашында М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында чыгармачылык чыйырын баштаган.

- Сиздин чапчаң, бетке чабар мүнөзүңүзгө караганда айылда секелек кезиңизде аттын кулагы менен тең ойноп өссөңүз керек?

- Мен кичинемде атты аябай чаптырчумун. Биздин үйдө бир көз чалыр “сокур ат” деген атыбыз болор эле. Бир жолу ошону минип алып катуу чаап келатып жыгылгам. Ошондон кийин ат минбей калгам. Андан бери бир топ убакыт өттү, бала кездегидей атты мине албайм.

Ал эми мүнөзүмдүн чапчаң, бетке чабар болуп калышы кереметтүү Ат-Башынын таза абасы, жомоктогудай тоолор таасир берсе керек. Анын үстүнө атам “калп айтпа, бирөөнүн көзүн караба” деп тайманбас кылып өстүргөн.

Ал эми апам болсо колу уз адам. Шырдак, туш кийиз, ала кийизди жакшы жасайт эле. Аялдарга тиешелүү кол өнөрчүлүктү кудайга шүгүр, жакшы эле үйрөнгөм.


Жумакем жолумду ачкан

- Сиз чыгармачылык чыйырыңызды Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук Музыкалык драма театрында баштадыңыз эле. Кандай себептер менен филармонияга келип калдыңыз?

- Азыркы Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри Нарынга гастролго барып калышат. Анда мен Нарын театрында чоң-чоң ролдорду ойноп, азыркыча айтканда “жылдыз” болуп калгам. Ал кезде таланттарды аймактардан тандоо жүрчү.

Анан менин ырдаганымды филармониядан баргандар көрүп жактырып кетишкен. 1982-жылы Бишкекке Жумамүдүн Шералиевдин отчеттук концертине келээрде мени Нарындын чиновниктери концертке кошпой калтырып коюшкан. Алар театрдагы таланттуу кызыбыз борборго кетип калат деп чочулашкан.

Ошол кезде Жумамүдүн агай өзү ноталарды жашыруун Бишкекке жиберип, аны Сардарбек Жумалиев оркестрге аранжировкалаптыр.

Мен болсо “концертке катышпасам болбойт” деп ыйлап атып Бишкекке келгем. Ошондо Жумамүдүн агай экөөбүз сырдашканбыз.

- Эгерде жашыруун сыр болбосо эмне жөнүндө сырдаштыңар эле?

- Менин тагдырым тууралуу болчу. Мен барып Жумамүдүн агайга ыйлап, “эмне үчүн мен Бишкекке отчеттук концертиңизге барбашым керек”,-деп көгөргөм. Ал кезде ал киши чоңдордон тартынса керек.

Мени чакырып алып, “ушул тарсылдаган кыялыңды качан койосуң, ачык айткан мүнөзүң качан калат, акырын жүрүп ишти бүтүргөнүң жакшы. Ал жакты борбор дейт, сен ырдашың керек. Сенин бул жакта калганыңды мен деле каалаган жокмун. Сен келечекте чоң ырчы болосуң. Сен ырдай турган ырлардын ноталарын Бишкекке берип жибергем. Эч кыйналбай бара бер. Анан ошол боюнча филармонияда калып кал”,-деп айткан. Мен ошондо Жумамүдүн Шералиевдин “Үкөй” спектаклине жазган Үкөйдүн ырын оркестр менен ырдагам.

- “Үкөй” пьесасын Кадырбай Маметакунов жазып, режиссер Эрменбек Токтогулов койбоду беле. Менимче ошол спектаклди Бишкекке алып келип койгондо жигиттер артыңыздан калбай алып качып кетейин десе керек эле?

- Ооба, Бишкекке алып келип койгондо мен башкы каарман Үкөйдүн ролун ойногом. Анда чач узун, кошмо чачты кошуп өрүлгөн эки чач жерге тиет. Спектаклден кийин “Кыргызстан” мейманканасында жатканбыз. Менден улуу байкем мени узатып барды.

Артымдан жоон топ балдар ээрчип барышып, “бир мүнөт эле сүйлөшүп алалы, таанышып алалы” дешип мейманканага чейин барышкан. Анда жигиттерде ыйман бар экен. Мен мейманканага кирип кеткенден кийин бир далайга дейре эшиктин алдында ары-бери басып жүрүштү, мени чыгып калаар бекен деп. Анан үмүттөрү өчкөндө кетип калышты.

Мага ошол окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдыма тартыла калат. Ошол жигиттердин үмүттүү көзү, айоо сезимдери, тоонун тентек кашка суусундай тазалыгы эсиме түшө калат.




Майрам айым менен студияда баарлашып отурсак Эл акыны Шайлообек Дүйшеев да келип калды. Ага чейин Майрамдан кыргызда “сиз сыйлаган акын-жазуучулар кимдер?” деп суроо салсам, токтолбостон “Шайлообек байке”,-деп жооп берген.

Шайлообек Дүйшеев:

- Биз Майрам экөөбүз илгери артисттердин жатаканасында кошуна турганбыз. Бир жолу жаңы жылда аппапак кар жаады. Көптөн бери кар жаабай, жер кара, топурак учуруп, көңүл да чөгүп турган маал эле. Аппак карды көрүп алып делебең козголуп, ырдагың келип, чымындарың ойгонуп не бир укумуштуудай бир учур болду.

Таңкы саат төрттө кар жаап атат, лапылдатып. Тамдын алдындагы жолдо аппак карды кечип Майрам ырдап баратат үнүнү бардыгынча, анын изине түшүп алып мен бакырып ырдап баратам. Албетте шампандан ичип алганбыз да. Ошол мезгилди эстесем бир сонун кезди өткөрүптүрбүз.

Анан Майрамда чоң касиет бар: адамдык касиети да, ырчылык касиети да бар. Деги эле улуу таланттардын адамкерчилигин салыштырып көрөм. Майрам Жумакемдин, таланттардын тарбиясын алган кыз.

Андан кийин мунун кудай берген үнү бар. Бизде кудай берген үндөр аз эле. Болот Миңжылкиевдин, Гүлмайрам Момушеванын үнүн айтышчу. Майрамдын үнүндө да ошондой касиет бар. Ошол үнүн барктай албай келатпайбызбы.

- Шаке, сиз Майрамдын ырдаган кайсы ырын жакшы көрөсүз?

- Мен Майрамдын бардык ырын жакшы көрөм. Мен анын концертинде отурганда көзүмөн жаш чыга берет. Мен ар бир ырын укканда ыйлай берем. Себеби мен жакшы нерсени ыйламайын кабыл алалбайм.

Майрам Дүйшөкеева обончу, маркум Асанкалый Керимбаевдин акын Шайлообек Дүйшеевдин “Гүлкайыр” деген ырына жазылган обондуу ырды аткарганда жүрөктө жакшы бир жылуу сезим пайда болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG