Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Эгембердиев: Наамды өкмөт эмес, эл берет


Архивден: жетиөгүздүк мугалимдердин наарызылык акциясынан бир көрүнүш, 13-декабрь, 2010-жыл
Архивден: жетиөгүздүк мугалимдердин наарызылык акциясынан бир көрүнүш, 13-декабрь, 2010-жыл

"Азаттыкка" публицист Табылды Эгембердиев маек куруп, талант, наам, айлык тууралуу кеп салды.

- Айлыктын жогорулатылышын талап кылып алгач мугалимдер, анан дарыгерлер чыккан эле. Азыр маданий кызматкерлер айлык көтөрүүдө түшүнбөгөн жагдайлар болгонун айтып нааразы болушууда. Негизи эле ушул көрүнүштөргө кандай карайсыз?

- Чынын айтыш керек баарынын эле айлыгы аз, чөнтөккө жараша. Баарынан мугалимдерге боорум ооруйт.

Мен жакында Кытайда эки жыл иштеп келдим. Ал жакта бир нерсеге таң калдым: эң жакшы окуган балдарды мугалимдин окуусуна өткөрүшөт экен. Анан кийин дарыгер, андан кийин анан башка кесиптерди тандашат экен. Кытайдын негизги байлыгы – адамдар дешет экен.

Биз дарыланганда ооруканада 200-300 сом таштап кетебиз, чындыкты айтып коюш керек. Маданият кызматкерлерин да түшүнүп атам, бирок бөлүштүрө келгенде мугалимдерге көбүрөөк көңүл буруш керек.

Табылды Эгембердиев
- Эл артисти, эмгек сиңирген деген наамы бар адамдар тескерисинче айлыктары азайып, эмгеги бааланбай калганын айтышууда. Сиз чет өлкөнү кыдырып жүрөсүз. Ал жакта кандай?

- Мен муну түшүнбөйм. Чет жакта мындай жок. Совет маалында эч ким окубаган элдик жазуучулар, элдик акындар көп болчу. Алардын китептери дүкөндө чаң басып жыйылып турчу.

Байдылда деген акын бар болчу, Совет маалында деле анын эч бир наамы жок болчу. Ошонун китебин таппай, тилибизди салаңдатып чуркап издеп жүрчүбүз. Эмгиче жок, таппайсың. Кеп ушунда да.

Чыныгы талантты өкмөт бербейт. Наамдарга негизинен каршымын.

Баары эмес, бирок арасында коррупциялашкан, таанышына, дагы башкасына ар кандай себептер менен берилип кеткендери бар. Бирок наамы бар кишилер тамада болуп, тойлордо ырдап акча таап атышат. Бул бизнестин эле бир түрү.

Батышта искусство адамдары “жылдыздар” деп көбүнөн бай жашайт. Мугалим деген – милдет, чоң кызмат. Алар эмне окуучудан акча алабы? Биздин шартыбызда башка бир кесиптегилердин кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү бар. Мугалимде гана эч нерсе жок.

- Бирок чыныгы эмгек сиңирген адамдардын эмгеги бааланбай калды деген да сөздөр бар...

“Мен арызданам” аттуу спектаклден бир көрүнүш.
- “Бетке айткан сөздүн заары жок”, наам деген бардыгына бирдей берилген эмес. Жакшы китеп, жакшы ыр, жакшы музыка жазып койсоң ансыз деле өзүн актайт, эл көтөрөт.

Мисалы, акын балдар бар, Аалы Туткучов, Жеңиш Токтобековго окшогондор да жанын каякта болсо багып кетишет наам берсе да, бербесе да. Наамды мамлекет бербейт, эл берет. Мамлекет аны туура бере алган эмес, азыр да бере албайт.

- Анда маданият кызматкерлери бул маселени көтөрбөй эле коюш керекпи?

- Ушул саатта көтөрбөй эле койгон оң. Мугалимдер турганда уялып да коюш керек. Совет убагында баарынан да мугалимдерге үй салып берчү, көмүрүн түшүрүп берип көңүл бурулчу.

Мугалимдер дегенде да баарынын эле катары менен, жөн эле айлыгын көтөрө бергенге мен каршымын. Кээ бир мугалимдер бар - алар окуткан окуучулардын бири да университетке өтө албайт. Кээ бирлери бар - окуучуларынын 90% жогорку окуу жайга өтүп, мыкты адамдар болот. Буларга да диференсация кылып, мектептерге, мугалимдерге наам ыйгарса башкача кеп болобу деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG