Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Быйыл Кыргыз Эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиевдин 90 жылдыгы. Кылымдык жашка чыксада тунук акыл менен зирек ойлонуп, тың-тарс жүргөн акын өзүн кадимки казы, карта, чучук менен сактайт. Бирок өмүрү бүтүн поэзияга арнаган С. Эралиевдин да ыр жазуудан корккон мезгили келди.

Мага карылык келди. Жаңы ойлор, жаңы талап кылуулар жөнүндө сүйлөө азыр мага кыйын.

Сен 90 жашка чыкканда билесиң. Күйүп турган жаштык кез жок, негизинен чыгармачылык жаштык кезде жазылат экен. Азыр ыр жазуудан корком, мүмкүн мурдагы ырларымдай жаза албай калып окурманыма уят боломбу дейм.

Бирок ырларымдын үстүнөн кайрадан иштеп, байбичем азыр жыйнагымды даярдап жатат. Мен айта албай калсам, ушул айтат, бул менин уландым. Өкүнгөнүм - айрым ырларымдын бышпай калган жерин кайрадан оңдоп жаза албай жатам. "Ай, антсем болмок, минтсем болмок" деп өкүнөт экенсиң.

Менин мааракем ушул жылдын октябрь айында өтөт. Азыр ошону жакшы өткөрүп алалы дегенде эки көзүбүз төрт. Аман-эсен күзгө жетсек… Биз жазаарыбызды жаздык. Эми жаштарга кудай кубат берсин.

Жакшы иштеп койгондо...

Негизинен мен жакшы иштептирмин, башкаларга караганда изденүү менен иштедим, бул жагынан мен мактана алам.

Чыгармачылыктын өсүп турган мезгили СССР учуна таандык. Союз баарын көзөмөлдөп турчу. Чыгармачылык ошондо өтө өнүккөн. Мен ал убакта көптөгөн өлкөлөрдү кыдырдым, мен бул жагынан ыраазымын кудайга. Эл аралык жыйындарга дайыма эле мени жиберчү. "Сиз ылайыктуусуз, сиз барыңыз" дешчү.

Ал эми эгемендик алгандан кийин чыгармачылык жүрүп атат, бирок жаңы нукка бурулуп кеткен жок. Мурункунун эле калыбы менен уланды. Азыр баарынын эле абалы ушундай. Өкмөттүк камкордук жок. Биз мурун жазганды гана билээр элек, жазганыбызга акча алчубуз. Азыр тырышып өзүңдүн китебиңди өзүң чыгарасың. Чыгармачылык каралбай калды.

Манастын баркын билбей

Азыр мени элдин турмушу ойго салат. Мындай болбошу керек эле. Себеби биз Манастын калкыбыз. Манас деген улуу адам, анын уул- кыздары бардык жагынан билимдүү, жигердүү, күчтүү болуш керек эле. Бирок бизде ынтымак, биримдик жок.

Манас эл үчүн жаралган киши экен. Ушуга чейин элге ата болуп берүүдө. Бүгүн да Манастын жолу менен жоругун алып жүргөн жакшы адамдар бар. Биз мындай шартта Манастын ролун көтөрүшүбүз керек болчу. Биз Манасты жеткиликтүү деңгээлде баркын көтөрө албай жатабыз.

Улуу адамды жоктоп...

Чыңгыз Айтматовго жолугабыз деп дүйнө жүзүнөн адамдар келип тураар эле. Ушундай мыкты жазат, өзү кандай экен деп келишчү да алар. Өзгөчө орустун чыгармачыл инсандары көп келишээр эле.

Ал бизди да чакырчу. Чыңгыз өлгөндөн кийин эч кимге келбей калды. Көрсө адамдар да улуу инсандарга келет тура. Чыңгыздын улуулугу ал өлгөндөн кийин ого бетер сезилди да.

Ырга арналган жылдарым…

***
Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.

***

Бир кезде баскан эски жолдорумду,
О курбум, жок алиге унутканым.
Алыскы сапарлар да болду орундуу,
Үстүмдө калкып тууган булуттарым.
Жол – дүйнө, турган дайым күрү-күүдө,
Шарактап, аркы-терки турмуш көчүп.
Жер болсо, тегирменче жүгүрүүдө,
Үстүндө өмүр жылт-жулт күйүп-өчүп.
Барабыз мына биз дагы жөнөлүп,
Бүгүндөр өткөндөргө кырдуусунуп.
Арада ай төрөлүп, күн төрөлүп,
Алардан жаңы бир жыл тургузулуп.

***

“Жайлоо” десең, жаным менен түшүнөм,
Окшоп анда жашап жаткан кишиге,
Таңкы, кечки шүүдүрүмдө үшүгөн,
Жер шыргалаң тийип турган тишине.
Бара калсам маңдайынан сылаймын,
Адырларда арчаларын, таштарын:
“Силер аман тургулачы, ылайым,
Аман турсун силердеги жаш чагым?!”
Ар бир күнүн алаканга салгым бар,
Ар бир кечин жонго аркалап алгым бар.
Ал тоолордун башка жакта табылгыс
Ырларында өмүрлүккө калгым бар.
Карап-карап, канбаган соң көз кумар,
А жөн эле чөбү болуп өскүм бар.
Бурчу сайын булак болуп агып же
Бүркүт окшоп бийиктерин сезгим бар.
Канбай калам жаңы таңдын нуруна,
Суусунума кечти кошуп жутпасам.
Чыккансыймын бул дүйнөнүн кырына,
Тулаңында жатып, төшүн жыттасам.
Шуру көздүү шүүдүрүмдөр мөлт эткен,
Өрдөп бийик жылгаларды, өрөөндү,
Ойлой берем: “Эгер эртең мен кетсем,
Качан келем, кайра экинчи көрөмбү?!”

Акындын батасы

Атаңдан алтын калбаса да, акыл калсын уулуңа,
Бабаңдан бото калбаса да, бата калсын тууруңа.
Айлуу күндү Теңирим, сарсанаага салбасын,
Саналууга бербесин, бешикте балабыз коркпосун.
Белесте атыбыз үркпөсүн,
Айылыбызда кырсык болбосун,
Арыкта суубуз соолбосун,
Эмчек баштуу эне жер — эсендикти улап турсун,
Алтын баштуу ата жер — амандыкты сурап турсун!
XS
SM
MD
LG