Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Балдар тасмасындагы доор көйгөйү


Балдардын үмүт жандырган тасмалары
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Балдардын үмүт жандырган тасмалары

Балдардын "Карек" аттуу республикалык кинофестивалы жыйынтыкталды.

16-ноябрда жыйынтыкталган сынакка 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар тарткан тасмалар катышып, тогуз номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңген тасмаларды эми уюштуруучулар элге кеңири таанытуу камын көрүшөт.

"Мыкты көркөм тасма" номинациясын жеңип алган “Инсомния” же “Уйкуздук” тасмасын 17 жаштагы Тимур Исхаков тарткан. Беш мүнөткө жетпеген көркөм тасмада кайталанма күндөрдү кечирип, жашоонун түркүн түстүү боёгун жоготуп алган жигит тууралуу кеп болот. Тасманын автору Тимур өз фильминде көрүүчүлөргө эмне тууралуу айтып бергиси келгенин кеп кылды:

- Бул адам өзүнүн жашоого болгон кызыкчылыгын таптакыр жоготуп алган. Анын жашоосунда боз түс гана калган эле. Мындан улам ал өзүн-өзү өлтүрүүгө барышы мүмкүн болчу. Бирок ал түшүндө өлүп көрүп, ойгонгондон кийин бул тирүүлүк ар бир адамга бир гана жолу берилерин түшүндү. Демек өз өмүрүнө кол салуунун кереги жок экен. Мындан улам ал ой токтотуп, кызыктуу өмүр сүрүү үчүн жөн гана тирүү болуп жүрө берүү эмес, чындап жашоо зарылдыгын билди. Ошондо гана ага жашоонун түркүн түстөрү кайтып келди.

Быйыл Бишкекте 11-класста окуп жаткан Тимур тасманын идеясын өзү курактуу жаштардын турмушунан алганын кошумчалады.

"Мыкты режиссер" номинациясы боюнча жеңишке жетишкен он бир жаштагы Уланбек уулу Кайрат бул фестивалга Кочкор районунан келип катышты. Кайрат өзүнүн “Жыл ичиндеги бир күндүк жалгыздык” тасмасында өспүрүм балдар менен ата-энелер ортосундагы мамилени чагылдырган:

- Менин фильмимде апасына таарынып, үйүнөн чыгып кеткен бала тууралуу баяндалат. Бала “мен ата-энесиз эле жашайм” деген ишенимде болот. Тегерегиндеги балдар да ошонтип ойлошот. Бирок мен ага каршымын. Себеби, бир кезде ошол балдар деле ата-эне болот. Бул тасма аркылуу мен дүйнөдөгү бардык балдарга ата-энеңерден качпагыла деп айтар элем.

Кинорежиссер болууну кыялданган Кайрат кокусунан мыкты режиссер аталганына жетине албай кубанып турду.

“Карек” кинофестивалынын директору Толкун Дайырбекова сынакка жалпы жонунан 87 фильм сунушталып, алардын ичинен 23 кино калыстардын элегине коюлганын белгиледи. Толкундун айтуусуна караганда, балдар тарткан тасмалардын көпчүлүгүндө азыркы учурдун көйгөйлүү маселелери да бар:

- Балдардан түшкөн тасмалардын ичинде митинг темасы боюнча тартылган бир нече тасмалар бар. Ошол эле учурда миграция темасын камтыган да тасмалар келип түштү. Айрым тасмалардан балдардын чоңдорго болгон нааразычылыгын, таарынычын да байкасак болот. Мисалы “Инсомния” тасмасында биз - ата-энелер жашоого келген максатыбызды билбей эле өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызды көздөп баратканыбыз тууралуу айтылгандай. Айтор балдардын айрым тасмалары бизди чындап эле ойго салды.

Дайырбекова кинофестивалдын максаты ар бир балага өз мүмкүнчүлүгүн, талантын ачууга, образ жаратууга, ой-жүгүртүүгө, кийинки муун өкүлдөрүн кинематография искусствосун сүйүүгө шарт түзүү болгонун кошумчалады. Ошондой эле келип түшкөн тасмалардын 80% телефонго, калганы фотоаппаратка же камерага тартылганын айтты.

Балдар тасмаларын режиссерлор Артыкбай Сүйүндүков, Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, Алтынбек Максүтов баш болгон кино ишмерлери электен өткөргөн. Алардын бири Садык Шер-Нияз балдар тасмаларына калыстык кылуу өтө татаал болгонун кеп кылды:

- Биринчиден, биз чыгарма жараткан авторлордун жаштыгын, алардын өзгөчө дүйнө таанымын карадык. Бир нерсени айтайын деп ал максатына жете алдыбы деген суроого жооп издедик. Мында дагы бир кыйын жагдай: тасма тартууда балдарга улуулардын жардамы тийдиби же жокпу деген маселе да каралып жатты. Айтор балдардын эмгектерин акыйкат салмактап берүүгө болушунча аракет кылдык. Алты сааттай талашып отуруп акыры бир жыйынтыкка келдик.

Садык Шер-Нияз кыргыз киносунда анимация жанры жоголуп кетти деген мезгилде бул темага кызыккан өспүрүмдөр бар экени кубандырганын белгиледи.

Сынактын жыйынтыгында «Мыкты анимациялык фильм», «Мыкты документалдык фильм», «Мыкты көркөм фильм», «Мыкты режиссер», «Мыкты сценарист» сыяктуу тогуз номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, фестивалдын статуэткасы, диплому, видео камера жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG