Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Быйыл алгачкы кыргыз китебинин чыкканына жүз жыл толду. 1911-жылы Казан шаарында атактуу акын жана ойчул Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” китеби жарыкка чыккан. Биринчи кыргыз китеби туралуу жана азыркы мезгилдеги китеп окуу маданияты, дегеле кыргыз тилинин кудурети тууралуу профессор, окумуштуу Осмонакун Ибраимов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Молдо Кылычтын “Кысса-и-Зилзала” деп аталган китеби Казан шаарында жарык көргөн экен. Биз ушул китепти кыргыздардын жазма маданиятынын, жазуу адабиятынын башталышы деп эсептесек болобу?

Осмонакун Ибраимов: 100 жыл мурда биздин улуу окумуштуубуз, тилчибиз, коомдук ишмер Ишенаалы Арабаевдин күчү, ошол кишинин демилгеси менен Молдо Кылычтын “Кысса-и Зилзаласы” чыккан.

Бул көркөм чыгарманы эң биринчи кыргыз адабиятынын үлгүсү деп айтууга болот. Ошондуктан биздин жазма адабиятыбыздын китеп түрүндө чыкканына, китеп тарыхыбызга 100 жыл болду деп айтууга негиз бар.

"Азаттык": “Кысса-и-Зилзаланын” чыгышы менен, кыргыздар цивилизацияга кадам таштап, китеп чыгаруу тез арада өркүндөгөн деп айтып жүрүшөт, ушул чынбы?

Осмонакун Ибраимов: Ошол китеп кыргыз элинин бактысына ак жолтой, карлыгач китеп болду. Анын артынан эле Ишенаалы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун китептери чыккан. Кийинчерээк Казандан же Уфадан эмес, жакын эле Ташкенден чыгып, анан Кыргызстанда да китеп чыгаруу иши жөнгө салынган.

Кийин “Эркин тоо” гезити чыгып, анда Аалы Токомбаевдин ыры жарык көрдү. Ошентип кыргыз маданияты тез жетилип, балапан курагынан өттү. Анан биздин адабиятка Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу алптар келген.

"Азаттык": Дүйнөдө китеп окуу маданияты бар эмеспи, азыр бул түшүнүк Кыргызстанда кандай деңгээлде? Азыр улуу муун жаштардын дарегине сын-пикирлерди айтып, китеп окубай калышканын баса белгилешүүдө.

Осмонакун Ибраимов: Аалы Токомбаевдин доорун алсак гезит окуу бул өтө чоң жаңылык болгон, анткени гезиттен башка окуй турган эч нерсе болгон эмес. Андан кийинки муунга көз чаптырсак, Дүйшөн менен Алтынайдын тарыхын билесиңер, ал өзүнчө заман болгон.

Биздин муунду алалы. Биздин убакта телевизор деле баарында жок болгондуктан китеп окуу менен алектенчүбүз. Эми азыркы заманда интернет пайда болду, ар кандай электрондук каражаттарды ойлоп табышууда, мына “Айпад” деген чыкты. Жаштар ошолорго алаксып жатпайбы. Заман ушундай, оңдоо мүмкүн эмес. Бирок менимче баары бир билимдин очогу, негизги булагы - китеп. Китепсиз билимдүү, илимдүү болуу мүмкүн эмес.

"Азаттык": Кыргыздар үч арипти колдонушту, араб, латын жана кириллица. Негизи кыргыздардын жазма маданиятына кайсы арип ыңгайлуу деп ойлойсуз?

Осмонакун Ибраимов: Биздин жазма маданиятыбыз үчүн латын ариби ыңгайлуу болмок. Себеби латын арибинде биздин көп тыбыштар, фонетикалык кубулуштар дурусураак чагылдырылмак. Бирок кеп арипте эмес, кеп өзүбүздүн маданиятыбыздын потенциалында.

Мисалы, жапондор менен кытайлар деле башка элдер көп түшүнбөгөн өзүлөрүнүн иероглифтери менен жазып эле өркүндөп жатпайбы. Бир кездерде латын арибине өтүп кетпейлиби деген сөздөр болгон, бирок бул өтө кыйын. Ансыз деле башыбыз айланып турганда тамганы да алмаштырып жиберсек, элибизде башаламандык, кыйынчылыктар болот деп ойлойм.

"Азаттык": Акыркы мезгилде кыргыз тили жарды, көптөгөн жаңы технологиянын, медициналык илимдин түшүнүктөрүн кыргыз ачып бере албайт деген сөздөр айтылууда. Бул боюнча сиз кандай көз караштасыз?
Бир билимдин очогу, негизги булагы - китеп. Китепсиз билимдүү, илимдүү болуу мүмкүн эмес.

Осмонакун Ибраимов: Биздин кыргыз тил 19-кылымда оозеки маданияттын тили катары өнүгүп келген, анан 20-кылымда жазуу маданиятына өттү. Кудайга шүгүр көп чыгармалар жазылды. Кыргыз тили көп башка тилдерге которулду.

Илимий жактан алганда “термин” деген түшүнүк бар да. Кыргыз тилинде сөз жасоо мүмкүнчүлүктөрү кенен, ошол терминдерди которуп эле улам-улам айтып кулакка сиңире бериш керек. Ошондо гана алар кыргыз тилиндеги термин болуп бизге кабыл алынып, кийин адабияттарда, илимий ой-жүгүртүүлөрдө калыптанып калат эле. Же болбосо дүйнөлүк адабиятта колдонулган, дүйнөлүк илимий тилде болгон терминдерди ошол бойдон калтырып, түшүндүрмөсүн кыргыз тилинде жасасак болот. Биз ошону жасабай атабыз да. Бул өзүбүздүн эле жалкоолугубуздан чыгууда.

Советтер Союзунан бери калыптанып калган “орус тили сонун, кыргыз тили өнүкпөй калган тил” деген стереотип бар, биз ошол стереотиптен алыстай албай атабыз. Эми ошол орус тилинде сүйлөп калдык деп эле ошол орус тилине чокунуп, сыйынып отура берген болбойт.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG