Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Кыргыз адабиятынын тарыхына стилист жазуучу катары кирген прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун көзү тирүү болгондо 22-мартта 80 жашка чыкмак. 80 жылдыктын алкагында жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө демилгеси көтөрүлдү.

Мурза Гапаров деген ысымды укканда окурмандар - Айгүл тоону, сакура гүлүн, ага үндөшкөн өрүкзарды, жаңгактуу токойду, ээн бактагы эки караанды эстейт.

Жазуучунун чыгармаларында карапайым каармандар бирде сүйүү отуна кабылса, бирде шиңгил жүзүмгө, же жаңгак токоюна, же ээн бакка туш болот. Айтор, жазуучунун ар бир чыгармасында кадимки эле табият жана жөнөкөй адам тагдыры баяндалат.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Мурза Гапаровдун чыгармалары так ушундай жөнөкөйлүгү менен өз окурмандарына жугумдуу болгонун айтат. Жазуучу мындай жугумдуулукка жетиш үчүн адабиятка чоң даярдык менен келген экен:

- Гапаров дүйнөлүк классикалык адабиятты - Чеховду, Бунинди, Хемингуэйди, Флоберди кыргыз адабиятына алып келген киши. Ошол доордо жашаса да ал эч качан өзүн социалисттик реализмдин чынжырына байлаган эмес. Ал карапайым адамдардын жөнөкөй турмушун ачып берүү жагынан кыргыз адабиятында өз орду бар жазуучу. Мейли, ал прозаларында, же драмаларында болсун окурманга эң башкысы адам тагдырын ачып берет.

Муратов белгилеп өткөндөй, Мурза Гапаров тоталитардык-буйрукчул доордун гүлдөгөн мезгилинде жашаса да өз чыгармаларында колхоз-совхозду жазып, коммунисттин жалындуу образын түзгөн эмес. Ал өзүнүн жазуучулук ишмердүүлүгүндө карапайым адамдын жөнөкөй турмушун сүрөттөө менен адабиятка, театрга ак кызмат өтөгөн.

Адабиятчы окумуштуу Аскар Медетов Мурза Гапаровдун чыгармачылыгы өз доорунда бааланбаганын айтат:

- Себеби ал киши нукура көркөм дөөлөттөрдү, көркөм чыгармаларды жаратам деп ошол багытта иштеген. Бул советтик идеологияга, коммунисттердин адабиятына туура келген эмес. Бирок нукура көркөм дөөлөттөрдү жараткан. Өзгөчө аңгеме жанрынын устаты болгон. Түштүктүн өзгөчөлүгүн, элдин мүнөзүн таамай, жеткиликтүү чагылдырган. Гапаровдой түштүктүн турмушун, элдин психологиясын, дүйнө таанымын ачып берген жазуучу азырынча чыга элек.

Медетов Мурза Гапаров улуттук адабияттагы толук изилденбеген авторлордун бири экенин айтты.

Мурза Гапаровдун шакирттеринин бири, жазуучу, журналист Мамат Сабыров устатынын өзгөчө чыгыш адабиятын, анын ичинде жапон адабиятын, турмушун изилдеп, аны менен кыргыз турмушун жуурулуштуруп, кайра окурмандын алдына философияга ширелген жөнөкөй чыгарманы тартуулаган кыялкеч автор болгонун эскерди:

- Кээде гезиттин иши менен кайсы бир саясий окуя тууралуу пикирин сурап калчумун. Ошондо ал “Мамат, ушунуңарды койгулачы, мен болгону сулуулук издеген кишимин”, - дечү. Ал чындыгында эле сулуулук издеген киши болчу. Жаз келип Айгүл гүлү ачылганда, өрүк гүлдөгөндө атайын ошону көрүү үчүн Баткенге ат арытып жөнөп калар эле. Биз жашоонун кара жана ак түстөрүн гана көрсөк, ал турмушту түстүү көрө билчү деп ойлойм.

Сабыровдун айтымында, жай жашоосунда эч нерсеге жулунбаган, мүнөзү жумшак, болгону ар бир аткан таңдан эргүү алган, табияттын сулуулугуна суктанган жазуучу эгемендик алган жылдары өз жеринде драмалары коюлбай, китептери чыкпай чайналып калды. Бул учурда ал өзүнүн күчтүү делген чыгармаларынын көбүн орус тилинде жазып, Казакстандын театрларында койдурду. Алар бүгүнкү күнгө чейин кыргыз сахнасына коюла элек.

Абдыкерим Муратов быйыл Кыргызстан жазуучулар бирлиги башында турган адабият күйөрмандары Мурза Гапаровдун 80 жылдык мааракесин белгилей турганын, анын алкагында бир топ иш-чаралар башталганын билдирди:

- Тил комиссиясы Мурза Гапаровдун тандалмалар жыйнагын чыгарды. Ал мектептерге бекер таратылып берилет. Ал аңгемелерден, повесттерден жана драмалардан турат. “Турар” басмасынан “Сулуулуктан улуулукка. Мурза Гапаров баяны” деп аталган китеп да чыкты. Анда Мурза Гапаров тууралуу жазылган илимий макалалар, эсселер, ал менен уюштурулган субхаттар бар. Ошондой эле автордун өзүнүн буга чейин жарыяланбаган чыгармалары да киргизилди.

Мындан сырткары жогорку окуу жайларда, Улуттук китепканада, өзүнүн туулган районундагы мектептерде жазуучунун чыгармачылыгына арналган бир нече иш-чаралар өтөт экен.

Мурза Гапаров окурмандарга “Ак поезд”, “Бир шиңгил жүзүм”, “Кызыл беде”, “Дарыялардын шоокуму”, “Чагылгандын огу”, “Темир корук”, “Сүйүү кайыгы”, “Спонсор керек, өлгүм келет”, “Туздуу чөл”, “Көпөлөктөр өрөөнү”, “Экөө ээн бакта”, “Киотого кеткен жол” баштаган бир топ чыгармалары менен таанымал.

Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаров 1936-жылы 22-мартта Ноокат районунун Чечме-Сай айылында төрөлгөн. 2002-жылы 66 жаш курагында каза болгон.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG