Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

“Глобустун” "Гамлети" эки ача пикир жаратты


Лондондун “Глобус” театры “Гамлет” спектакли Кыргыз драма театрынын сахнасында. 7-ноябрь, 2015-жыл
Лондондун “Глобус” театры “Гамлет” спектакли Кыргыз драма театрынын сахнасында. 7-ноябрь, 2015-жыл

7-ноябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык театрында болгон Лондондун “Глобус” театрынын “Гамлет” спектаклин көрүүнү каалагандардын басымдуу бөлүгү оюнга кире албай калышты.

Спектаклге күбө болгон жергиликтүү театр күйөрмандарынын айрымдары Лондон театры ойногон “Гамлет” спектакли жалпы театр искусствосу үчүн жаңылык экенин айтышса, айрымдары аталган театр “Гамлетти” шарттуу түрдө гана сахналаштырганын белгилешүүдө.

Кинорежиссер Чолпонай Бөрүбаева "Глобус" театры койгон “Гамлетке” тааныштарына, чыгармачыл байланыштарына кадырын салып жатып араң кирген. Ал бизге лондондук театрдын өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтып берди:

- Азыр дүйнөлүк театрлардын көпчүлүгү "Глобус" театры сыяктуу форматка өтүптүр. Мисалы, бир эле актер бир нече ролду ойнойт. Труппа мобилдүү. Бул, албетте, актерлордун чеберчилигин көрсөтөт. Мисалы, “Гамлетке” отуз, кырк актер катышыш керек эле да. "Глобус" актерлордун чакан тобунан турат экен. Булардын ар бири заматта эле образын өзгөртүп, бир нече кейипкерди жаратып коюшту. Бул актерлордун өтө чоң чеберчилиги. Мындай формат айрыкча чет өлкөлөргө фестивалдарга барганга абдан ыңгайлуу. Мен негизинен актерлордун өтө таланттуу экенин байкадым. Бир эле спектаклде үч-төрт кейипкердин ролун аткаруу бардык эле актерлордун колунан келе бербейт.

"Глобус" театрынын оюну. 7-ноябрь, 2015-жыл
"Глобус" театрынын оюну. 7-ноябрь, 2015-жыл

Бөрүбаева мындан сырткары спектаклдин жүрүшү ыкчам, жандуу экенин, актерлор көрүүчүлөр менен дайыма байланышты кармап турарын айтат. Режиссердун белгилешинче, жергиликтүү театрлар да ушундай өзгөчөлүктү өздөштүрүшү керек. Азыркы замандын шартында ар бир эле театр окуяны көрүүчүгө ыкчам жетирүүгө умтулганы жакшы.

Анткен менен айрым көрүүчүлөрдү "Глобус" театры ойногон спектакль канаттандырган эмес. Лондон театрларында билимин жогорулатып келген режиссер Шамил Дыйканбаевдин айтымында, дүйнөлүк режиссерлор койгон “Гамлеттин” жанында "Глобус" театры койгон “Гамлет” тек гана аталган спектакль тууралуу тааныштыруу болуп калды:

- Ачыгын айтканда, мен “Гамлетти” дүйнөлүк чоң режиссерлордун постановкасында көргөм. Мисалы, Эймунтас Някрошюс, Оскараса Коршуноваса, Томас Остермайер сыяктуу режиссерлордун койгонун айтсам болот. Ошол спектаклдердин жанында бул спектакль кичинекей балдардын оюну катары болуп калды. “Кел, ырдап коелу, кел, бийлеп коелу” деген мааниде. Туура, актерлор таланттуу экен. Албетте, батыштын актеру жогорку даярдыктан өтөрүн билем. Бирок, менин оюмча, режиссердун аракети “Гамлетти” сахнага алып чыгуу эмес, аталган чыгарма тууралуу айтып берүү гана болду. Алар койгон спектаклден мага аталган чыгармадагы “өл же кал” деген сөз угулган жок. Мындай спектаклди Шекспирдин чыгармаларын окубагандарга барып койсо болот.

“Глобус” театры Бишкекте “Гамлет” спектаклин койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Шамил Дыйканбаев ал эми жалпы Лондон театрларында айрыкча сөзгө маани берилерин, ошондуктан аталган өлкөдө театрлар “сөздүн театры” деп аталарын кеп кылды.

Аталган спекталге премьер-министр Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү да күбө болушту. Темир Сариев лондондук театрдын Кыргызстанда спектакль коюшун чоң маданий окуя деп баалап, классикалык дүйнө адабиятын жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Деген менен Шамил Дыйканбаев “Глобус” театрынын өнөрүн көрүүдө жергиликтүү театр сүйүүчүлөр сыртта калып, көбүнчө Ак үй, "көк үй" чиновиниктери чакырылганы капалантканын айтты:

- Кокуй, “Глобус” театры укмуш, аны көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда деп, ажитож кылышкан да. Эмне болгон күндө да чет өлкөдөн келген театрдын өз өзгөчөлүктөрү, биз үйрөнө турган жагдайлары болот. Бирок оюнду театрды сүйгөн, баалаган инсандар көрбөй калды. Бүт эле чоңдор, чоңдордун балдары, тааныштары, үй-бүлөсү келди. Алар үчүн бул жөн гана экзотика болду окшойт. Бир жерде: ”мен “Глобус” театры койгон “Гамлетти” көргөм” деп айтканга да жакшы дегендей. Айрымдары чакыруу билеттерин туугандарына, жакындарына берип салыптыр. Биз үч жүз чакты билет чиновниктерге берилгенин укканбыз.

"Глобус" театры койгон "Гамлет" спектаклин көргөнү келген премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмɵт мүчɵлɵрү. 7-ноябрь, 2015-жыл
"Глобус" театры койгон "Гамлет" спектаклин көргөнү келген премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмɵт мүчɵлɵрү. 7-ноябрь, 2015-жыл

Дыйканбаев өзү спектаклге Кыргыз академиялык драма театрынын башкы режиссеру катары келгенин, анткен менен аталган театр күтүлүп жаткандай спектакль көрсөтө албаганын айтты.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги “Азаттыкка” Бишкекте “Гамлетти” көрүүнү каалоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу билеттер социалдык түйүндөр аркылуу сынак түрүндө жүргүзүлүп, жеңүүчүлөргө бекер таратылганын билдирген.

Кыргыз академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбековдун айтымында, “Глобус” театры “Гамлетти” дүйнөлүк гостролго ылайыкташтырып сахналаштырган. Ошондуктан аны толук кандуу спектакль катары эмес, Шекспирдин музейинда анын чыгармалары менен тааныштырган актерлор тобунун жаңыча ыкмасы катары катары кароо керек:

- Бул спектакль айрымдарга жакпай калышы мүмкүн. Себеби биздин көрүүчүлөр традициялык театрга көнүп калган. Сахна жасалгаланып, чыгармада тоо болсо тоонун сүрөтү тартылып, айтор ар тараптан шөкөттөлүп туруш керек. Ал эми бул театр учурда дүйнө жүзүн кыдырып турне жасап жаткан экен. Спектаклди ошого ылайыкташтырган. Декорациянын баарын көтөрүп жүргөнгө болбойт да. Андыктан “Гамлет” шарттуулук менен гана коюлду десек болот.

Сманбековдун айтымында, анткен менен “Глобус” спектаклде эң башкысы Шекспирдин "Гамлеттеги" айтайын деген оюн бере алды. Мындан сырткары маектешибиз учурда жергиликтүү театрларда да “Глобус” театрындагыдай бир актер эки-үч ролду аткарган тажырыйба колдонулуп жатканын кошумчалай кетти.

Аталган театр "Гамлетти" баштан аяк англис тилинде койгонун айта кетели.

Бул Британиянын "Глобус" театрынын глобалдык эки жылдык долбоору “Гамлет” спектакли менен ЮНЕСКОнун колдоосу аркасында 135 өлкөнү, анын ичинде Конго Демократиялык Республикасы, Руанда, Эритрея жана Эфиопия, Сомали, Судан, Ооганстан сыяктуу жагдайы татаал өлкөлөрдү кыдырып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG