Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08
Кыргыз маданиятынын эң эле кызыктуу, эң эле сүйкүмдүү жылдары, эзелтен элетте өсүп-чоңойгон элдик өнөрпоздор тар чөйрөдөн кең чөйрөгө чыккан, бир гана айылдын же аймактын сүймөнчүгү болбой, жалпы кыргыз элине таанылган, ал гана эмес бүткүл Союзга аты чыккан мезгил 1930 - 40-жылдар болгон экен. Элестетип көрөлүчү: Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев, Атай Огомбаев, Саякбай Каралаев, Мыскал Өмүрканова, Саит Бекмуратов, Шаршен Термечиков…

Эл шайырлары Муса, Жумамүдүн, Молдобасан, Шаршен, Алымкул, Ыбрай (1940-жылдар)

Эл шайырлары Муса, Жумамүдүн, Молдобасан, Шаршен, Алымкул, Ыбрай (1940-жылдар)



Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин Москва менен Ленинграддан Н. Рахлин баштаган атактуу дирижерлор, А. Свешников сыяктуу хормейстерлер, Д. Ойстрах, Э.Гильельс, Я. Флиэр, М. Кусевицкий өңдүү аткаруучулар жана композиторлор келип, атайын чакырсаң келбей турган атактуу артисттер Фрунзеге жайнап кетиптир. Келээри менен жергиликтүү музыканттар менен тыгыз аралашып, билгендерин үйрөтүп дегендей, айтор, кыска убакыттын ичинде кыргыз маданияты өтө катуу жанданып, согуш жүрүп жатканына карабай маданий турмуш аябагандай активдешип кеткени тарыхтан белгилүү.

Ошол жемиштүү жана жеңиштүү жылдардын эл сыйлаган сүймөнчүгү, улуттук маданиятыбызга зор салымын киргизген улуу таланттардын бири Муса Баетов болгонун баса белгилей кетели. 1902-жылы Ак-Талаанын Байгөнчөк айылында туулуп, болгону 47 жаш өмүр сүрүп, бирок ошол кыска өмүрүндө элдик ырдан операга чейин жетип, артына өчпөс из калтырган, кайталангыс ырчылык өнөрү менен замандаштарынын сүйгүнчүгүнө, чыныгы кумирине айланган Муса азыр да элибиздин эсинен эч бир чыга элек жана анын ырлары азыр да уккан адамдын моокун кандырып, жанын жыргатат.

Атыңды угуп алыстан,
Айылыңдан чочуйм барыштан,
Ашыктык оту желимдей,
Ансайын мага жабышкан.

Аман бол кайта көргөнчө
Асылкеч курбум, Даанышман
Азабы калбас жүрөктө
Арзыган күнү таанышсам,
-- деп ырдачу экен 30-жылдары эле “Булбул Муса” атка конгон ырчы “Даанышман” деген ырында.

Ырас, дале болсо Мусанын атын алыска чыгарып, талантынын бактысын ачкан Совет заманы, Совет бийлигинин элдик таланттарга жасаган астейдил мамилеси болгон. Ошондой болсо да Ак-Талаа чөлкөмүнөн алыс чыга элек, тар чөйрөдө гана уккандын кулагын жыргаткан Мусаны биринчилерден болуп байкаган Кубанычбек Маликов болгон. Ошол киши жаш ырчыны 1931-жылы Ак-Талаадан Нарынга алып келгенин, Нарындагы элдик театрда ырдагандан кийин “Муса Баетов” деген ысым калк ичине чагылгандай тез тараганын, кийинчерээк Фрунзеге келип, Алымкул, Калык, Осмонкул сыяктуу дааналардын сынына толуп, ошолордун катарына кошулганын эскерте кетели. 1934-жылдан баштап кыргыз ырчы-комузчуларынын негизги тобунда болуп, курдашы Атай Огомбаев менен катарлаша иштеп, жаңы замандын жарчысы, эски замандын, падышалык колониализмдин жарааттарынан жаңы гана айыгып бараткан Кыргызстандын байрак башыларынын бири болуп, шаңкылдаган доошу менен сайрап чыккан тилине айланганын тарыхтан билебиз.



Муса Баетов жаштайынан ар нерсеге дилгир, жаңылыкка жакын инсан экен. Дал ошол себептен эң биринчилерден болуп гармоника менен ырдып чыккан, кийинчерээк нотаны үйрөнүп, операга келген, ал эми 1943-жылы опера театры ачылгандан кийин опералык ырчы катары да жакшы таанылган. Анткени үнүнүн диапазону кенен, созгон обону драмалык тенорго жакын келип, өтө бир жагымдуу жана колориттүү добушу бар Муса операда да өзүн мыкты көрсөтүп, бир нече операда негизги арияларды аткарганга жетишкен.

Дагы бир жагдай -- Мусанын ырдаганы башка улуттарга да абдан жаккан. Маселен, согуш учурунда майдандагы жоокерлерге концерт бергенде уккандардын баары жапырт дуулдап, алаканды шатырата чаап, аскерлердин демине дем кошкону тууралуу композитор В. Власов таң калуу менен эскргени бар. Бомбалар үстөккө-босток жарылып, жер үстү алакайыр болуп турса да, жоокерлер айрыкча Муса Баетовге абдан маашырланып, анын улам бир кайрыктан экинчи кайрыкка өтүп, бирде катуулап, бирде шаңдана кеткен доошу уккандардын моокун аябагандай кандырган эле, - деп эскерет В. Власов.

Ошондой болсо да Мусанын 1939-жылкы кыргыз искусствосунун декадасында, Кремлде ырдаганы айтса түгөнгүс легенда.

Баса, бул тууралуу акын Абдрасул Токтомушевдин атайын жазган ыры да бар:

Күн булуттан чыккан өңдүү жаркырап,
Турмуш көркү көз алдыма тартылат,
Коңур үнүң Кремлде жаңырып,
Ырдаганың өчпөс элес калтырат.


Ошол оргуштаган талант Муса Баетов болгону 47 жаш гана өмүр өтөгөнү кандай өкүнүчтүү. Ырчы катуу оорудан айыкпай турганын алдын-ала билип, артымда өнөрүмдү алып кала турган талантттар чыгаар бекен деп көп кабатырланчу дешет. Акыры 1949-жылы булбул Муса бу дүйнөдөн келбес сапарга узаган экен. Кудайдын буйругу го, ошол жылы Атай Огомбаев да катуу оорудан каза болгон эмеспи.

Өлүмдү кыйын экен сага жоруш,
Жалп этип, капыс өчтүң кайран добуш,
Толгонуп, күүгө келип турган бойдон,
Даңылдап калып калды үч кыл комуз.

Кош, Муса! Келбес жайга жөнөдүңбү,
Ким билген мезгили жок өлөрүңдү,
Мусанын ырдап жүргөн обону деп,
Түбөлүк элиң сактайт өнөрүңдү,
- деп арман менен жазган эмеспи атктуу акын Мидин Алыбаев.

Булбул Муса -- кыргыз элинин эч качан эскирбей турган маданий символдорунун бири. Анын магнит тасмага жазылып калган (кудайдын ушунусуна тообо) арген абазы азыр деле ошол кездегидей кубулжуйт, азыр деле уккан жандын жанын жыргатып, сезимин ойготот. Демек, Муса азыр да биздин арабызда, азыр да биздин руханий кумарыбызды кандыра турган соолбос булак.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, бул дүйнөдө аягы жок суу, өчпөгөн от, сынбас идиш, жартылбас кийим болбойт экен, бирок эч качан эскирбей, түбөлүк кала бер турган бир гана нерсе -- адам баласынын өнөрү, айткан акылман сөзү, элге кылган эмгеги болот тура.

Буга эң бир сонун далил -- Муса Баетовдун чыгармалары, обондору менен жаркын элеси, эч качан эскирбей турган кереметтүү ырлары десек эч бир жаңылышпайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG