Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Эсенгул Ибраев: Ынтымак деп өлөмүн!


Жекшемби күнү Улуттук филармонияда акын жана сатирик Эсенгул Ибраевди эскеришти.

Кыргыз сатириктеринин бири, журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин 80 жылдык мааракесине арналган поэзия кечесинде анын чыгармачылык өмүрүн чагылдырган “Түбөлүктүүлүккө сапар” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Тасмада Ибраев өзүнүн ырларынан окуп берип, “Чалкан” журналында иштеген чейрек кылымга жакын мезгил анын чыгармачылыгындагы урунттуу учур болгонун белгилейт:

- Союз кезинде коомду тазарта турган “Чалкан” деген журнал бар эле. Ошондо чейрек кылымдан ашуун иштеп, аздыр-көптүр коомго пайда келтирдим го деп ойлойм. Анткени “Чалкан” журналына чыккан фельетон, материалдарга партиялык бийлик аябай көңүл бурчу, чара колдончу. Ошондо менин жазган чыгармаларыман тарбия алган, фельетондорумду, сатираларымды окуп түзөлгөн адамдарды көрүп, угуп алып "бул өмүрдө бекер жашабаптырмын" деп койдум.

Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да “Чалканга” калемдеши Эсенгул Ибраевдин келиши менен журналга жаңы үн, жаңы дем кошулганын айтты:

- Эсенгул журналга келгенде жалтанбай, таасын жазылган фельетондору абдан кызыктуу болду. Совет доорунда "Чалканга" чыккан материалдар бюролордо каралып, сынга алынып, бөтөнчө маани берилчү. Ошого Эсенгул өмүрүнүн көп учурун арнады. Сатиралары өтө курч, турмуштагы терс көрүнүштөрдү чалкан менен чаккандай көрсөтчү.

Ыр кечеде Эсенгул Ибраевдин тарбиялык мааниси бар балдар ырлары аркылуу мугалимдик даражага жеткени, сатиралары аркылуу коомдогу терс көрүнүштөрдү ашкерелеген коомдун дарыгери болгону, лирикалык ырлары аркылуу жан дүйнөнүн дарыгери катары бааланары айтылды.

Башка акындан айрмаланып, Ибраевдин жүздөн ашуун ырына ондогон обончу-композиторлор обон чыгарыптыр. Кечеге келген Кыргыз улуттук университетинин профессору Ниязбек Шаршеев буларды айтты:

- Кыргыздын көп обончу-композиторлору Эсенгул байкебиздин сөзүнө мыкты-мыкты обондорду жаратыптыр. Угуп отуруп, тан бердим. Кадыресе канат байлап калдым. Албетте Эсенгул байкенин ырлары эч качан өлбөйт. Элибизге калтырган мурасы эл ичинде экинчи өмүрүн жашай берет. Акындын түбөлүктүүлүгү ушул болсо керек деп ойлойм.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилде Эсенгул Ибраевдин мамлекеттүүлүктү, Мекенди, эне тилди сактоого, калкты биримдикке, эмгекке чакырган ырлары бүгүн дагы маанисин жоготпой турганы анын “Жан дүйнө жаңырыгы” деген поэмасындагы саптардан көрүнүп турат.

Оң карегим түштүк болсо,
түндүк сол жак карегим.
Оң бөйрөгүм түндүк болсо,
Сол бөйрөгүм түштүгүм.

Аба, суудай керек бизге
Биримдешкен күч бүгүн.
Оң жак ыптам түндүк болсо,
түштүк менин сол жагым,
Сол жак ыптам жабыркаса,
Кошо сыздайт оң жагым.

Билгим келбейт,
Билбейм дагы,
Билбейм мындан бөлөгүн,
Ынтымак деп төрөлгөмүн,
Өлөөрдө да
Ынтымак деп өлөмүн!

Эсенгул Ибраевдин замандаштарынын айтымында, ал адамгерчиликтүү, көптү билген ойчул, өтө маданияттуу адам болгон.

Аны менен калемдеш, жакын санаалаш сырдаш курбусу, Эл акыны, маркум Жалил Садыковдун жубайы Сабира эже Ибраевдин үй-бүлөсү менен жакын ымалада болушканын, аларды жакындан жакшы билерин, ата катары бала-бакырасына күйүмдүү, бөтөнчө камкор адам болгонун эскерди.

- Эсекемдин ата-энени сыйлаганы, балдарын тарбиялаганы, жубайына мамилеси бөтөнчө эле. Азыр мындай кишини кезиктире элекмин десем жаңылбайм. Жолдошчулукка дагы өзгөчө бекем, нарктуу эле. Жалил экөө үзөңгүлөш болуп жүрдү. Бири-бирибиздикине ат тезегин кургатпай катышып турчубуз. Эсекем үй-бүлөгө өтө камкор, абдан жакшы киши эле.

“Жабыркап жүргөндөрдүн,
Жадырап күлгөнү бар.
Бактысыз дегендердин,
Бактылуу күндөрү бар.
Жолдордо уланыш бар,
Жок болуу, куралыш бар.
Күндөрдө көп болсо экен,
Күтүүсүз кубанычтар” (Э.Ибраев)

Негизинен чымыны бар, чыгармачыл адамдар көп сырлуу, көп кырдуу гана болбостон, кыял-жоруктары дагы башкаларга окшобой, айырмаланып турганын айтып калышат. Ал эми Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов калемдеш агасы Эсенгул Ибраевди сызык менен түз жүрүп, түз өткөн инсан катары эсте калганын айтты.

- Эсекем өмүр бою сынга салгандай, кушту таптагандай өзүн таптап кетти. Адамгерчилиги жагынан, адамдарга, чыгармачылыкка, ишке болгон мамилеси жагынан бул бир сырдуу, бир гана түз жолго басып кеткендей, ушундай эрки күчтүү өзүн тарбиялап өттү. Анын ырлары да ички дүйнөсүнө жараша таза, адептүү болду.

Эсенгул Ибраев 1933-жылы 16-мартта Нарын облусунун Чет-Нура айылында жарык дүйнөгө келген. 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1961–1987-жж. республикалык саясий сатиралык «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, башкы редактор болуп иштеген.

Артына ырдан өлбөс эстелик тургузган акын мындан 8 жыл мурда 72 жаш курагында акка моюн сунган.

Балдар үчүн жазылган “Бөбөгүм”, “Кичинекей манасчы”, ”Тай күлүк”, “Сур улак” поэма-жомок китеби, “Ичиң күйсө...” деген сатиралары, тамсилдери, эпиграмма, арноолору жарык көргөн. Патриоттук темадагы “Мекеним менин жүрөктө”, “Эрдик”, “Насыят” ж.б. көптөгөн китептери чыккан.
XS
SM
MD
LG