Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:26

Кыргыздардын идеологиясы ырым-тыйымдардан куралган.

Мындай пикирин кытайлык кыргыздардан чыккан илимпоз, Үрүмчү шаарындагы “Тил жана котормо” журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай өткөн аптада Бишкекке келгенде “Азаттыкка” курган маегинде сөз кылды. Профессор ырым-тыйымдары боюнча изилдөөсү, ал тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда кеп кылганы тууралуу айтып берди.

Макелек Өмүрбай: Биз азыр кыргыздын идеологиясын таба албай жатпайбызбы. Ошол идеология байыртадан эле ырым менен, тыйым менен куралган экен. Муну ырым-тыйым десе эч ким деле билбейт. Мисалы “нан ооз тий, аш ооз тий” деген – бул ырым. Сага жакшылык болот дейт. "Нанды тепсебе, ашты каралаба, тузду төкпө, антсең кесирин, кесепетин тартасың, жаныңа жаман” деген бул – тыйым.

Ырым деген жаныңа жакшы болот, өзүңдү ырым менен түздөп жүр, тыйым деген өзүңдү тый деген кеп. Адам болуунун эң чоң белгиси өзүн тыя билүүдө турат. Ушул ырым-тыйым жөнүндөгү билим кыргыздын мүнөзүн билдирет. Кыргыз кандай, эмнени жаман, эмнени жакшы көрөт дегенде эле ырым-тыйымдарга такалат.

Мисалы, Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча, Манас биринчи аттанганда Акбалта тосуп алып, бир күндүн ичинде, таң аткандан күн батканга чейин алты жолу ырым жасалат. Улактын өпкөсүн чабат, чыбык кыркып башынан айландырып ыргытат, суу тегеретип чачат. Ушулардын баарынын өзүнүн чоң билимдери бар. Баары адамды жамандыктан сактоо, тазартуу үчүн жасалат. Ырым тазарууга жол ачат. Адам ар кандай напсисин тыя алса бул тыйым болот. Ал түздөн-түз ырыскынын, ооматтын келишин тоспоо, ошондой ишке барбоо деген сыяктуу кыргыздын чоң философиясы, түбү, мүнөзү десек болот. Азыр ушунун баары иреттелип бүттү, жакында жарыяланат.

Ырым-тыйымдар маселеси, кыргыздын салт-санаасы, тырыхы боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгондо сөз болду. Президент ырым-тыйымдарды колдонууну колдой турганын айтып кетти. Бул киши да кыргыздын түпкү идеологиясына өтө чоң маани берип жатыптыр деген ой кетти менде.

“Азаттык”: Ырым-тыйымдарды жандуу колдонуп, азыркы коомго сиңирүүгө, идеология катары пайдаланууга мүмкүнбү? Мисалы, азыр коом ашкере эле исламдашып баратканы айтылып келатат.

Макелек Өмүрбай: Менимче, колдонууга өтө эле оңой болот, андан эч ким кете албайт. Азыр жок болгондон кийин башкалар ээрчитип, жетелеп кетип жатат. Кыргыздыкы чыккандан кийин ар бир кишиге керек болот, ыргытып жиберсең да керек болот. Тиги жерде нан турса ооз тийбей кете албайт. Эмне себептен нан ооз тийүү керек деген китепте жазылып турса, адамдар ошого тартылат. Кыргыздар азыр өзүндө жок болуп, эмне кылышты билбей, жол таба албай турганда сакалчандар, же дагы башкалар келип алып, биздики жакшы деп ээрчитип кетип жатат. Мына, ата-бабабыз ушул жол менен келген, кылымдардан бери жер бетинде жүргөндө ушуну тутунган деп айтышыбыз керек. Адам болуу жолун өзүнчө кыргыздык ыкма менен карманып келгенин көрсөтүшүбүз керек. Ушул ыкмалардын баары ырым менен тыйымда. Тыйым деген эл арасында да бар, аны “табу” дешет.

Тыйым болгон үчүн кыргыздар канын таза сактап келген. Эмне үчүн ата журт, тага журт, кайын журт жана дос-тамыр дешет? Булар өз ара бири-бирин тыйган. Мисалы, ыйбаа кылуу менен, атын тергөө менен кадырлап турган. Кыргыздар мына ушундай маданиятты, ушундай цивилизацияны сактап келген. Болбосо жакындары менен тамашалашып ойной турган, же болбосо канды буза турган жоруктарга барса тукумга залалы тийген. Ушундан улам күйөө бала кайнененин ордуна отурбайт, келин да кайнене-кайнатага ушундай мамиле кылган, тергегендин башкы мааниси ушунда. Тергеп кадырласаң, ал дагы сага ошондой сый мамиле жасайт. Ушундай ыкма менен өзүн темирден да катуу торго бекитип, тыйып, өзүн жакшы алып жүргөн. Ырым-тыйымдардын мазмунун айтып отурсаң өзүнчө эле керемет. Өзүнүн төрт журтунда өз ара мамилени жөнгө салуу үчүн, бейчеки иштерге барбаш үчүн тыйымдарды карманган. Өлүм узаткандагы тыйымдарды өзүнчө сөз кылса болот. Идеология дегендин өзү эле жашоо-мүнөздү айтса болот.

“Азаттык”: Кыргызстанда идеологияны иштеп чыгуу, аны коомго сиңирүү боюнча бир топ аракеттер болгон. “Манастын жети осуяты” деп алынган бир кезде, бирок алынып кеткен эмес....

Макелек Өмүрбай: Сиңбегенинин себеби – ал жасалма болгон. Манас осуят айткан эмес. Керээзинде деле андай сөз жок. Эгер элдин ичинен, элдин өзүнөн таап келсең, эл аны өзү эле кабыл алат. Эгер имаратта отуруп алып, анда даярдалганды элге айтсаң ал сиңбейт. Эл жанына жакканды кабыл алат, зыяндан качат. Ырым деген ушул. Ырым кылсаң жаныңа пайда, балекеттен качасың.

“Азаттык”: Ырым-тыйымдар боюнча иликтөөңүзгө Кыргызстандан да маалыматтарды коштуңузбу?

Макелек Өмүрбай: Кыргызстандан кошуу мүмкүнчүлүгү жок чынында. Мен, мисалы, Чоң-Алайга чейин бардым. Жетимиш жылдан бери унутулуп калыптыр, канча сурасаң да чыкпайт. Азыр 70ке чыккан аксакалдар деле ошол совет доорунда жашаган да. Бизде болсо ошол турмуш, ошол колдонуу бар. Эгер биз ошонун баарын жазып чыксак, бул жактагы аксакалдар эстейт, ишенет. Унутуп калуунун шору, ошол улутту башка чоңураак сүйлөгөн улуттар ээрчитип кете бергенинде жатат. Түбүң түптөлүп турса андайга барбайсың. Мисалы, аялдар тамак жасаганда билегин кайсы жакты көздөй түрүш керек? Эгер сыртына карай түрсө шымаланып алган, шымаланган, ар кандай нерседен кайтпаган неме экен дешкен. Эгер ушундай кыргыз мүнөз жоголуп кете турган болсо, тилибизди сактап калдык деген менен, түбүбүздү жоготобуз. Түбүбүз жоголгондон кийин тил үстүндөгү эле жабуу болуп калат. Улут түбү менен улут болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG