Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Советтер Союзунда эң мыкты делген он режиссёрдун бири Искендер Рыскуловдун каза болгонуна он жылдын жүзү болду. Аны жакындан билгендер таланттуу режиссёрдун эмгеги унутулуп баратканын белгилешүүдө.

Белгилүү режиссёр Искендер Рыскулов кыргыз улуттук сахна маданиятына, театр өнөрүнө зор салым кошкон сүрөткердин бири. Советтер Союзу кезинде Рыскулов Григорий Товстоногов, Лев Додин, Юрий Любимов, Марк Захаров, Анатолий Эфрос, Александр Васильев, Роберт Струа, Эймунтас Накрошюс, Андрей Борисов сыяктуу чыгаан он режиссёрдун катарында турган.

Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев, белгилегендей, Искендер Рыскулов кыргыз профессионалдык режиссурасына жаңылык киргизген режиссёр эле.

- Кыргыз профессионалдык режиссурасында Искендер Рыскулов бурулуш жасаган бирден-бир режиссёр. 1972-жылы Ош театры ачылганда Рыскулов ошол жерде жаңы багытты киргизип, авангард жолуна түшүп, кыргыз режиссурасында чоң жаңылык киргизген. Анын иштери Ош театрынын басып өткөн 1972-жылдан 1985-жылга чейинки тарыхында баса белгиленип, айтылып жүрөт. Рыскуловдун чыгармачылыгын бир гана кыргыз театр чөйрөсүндө эле эмес, Советтер Союзунда да жогору баалап, эң мыкты он режиссёрдун катарынан орун берген.

Искендер Рыскуловдун өзүнө таандык режиссёрдук сырлары, иштөө ыкмалары, бар эле дейт Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев.

- Башка режиссёрлор андай иштей албайт. Ал сахнага шарттуулукту алып келген режиссёр. Мурдагы режиссёрлор драмада жазылган декорацияларды коюп, ошого жараша мизансцена түзгөнгө аракет кылышчу. Искендер биринчи болуп сахнага станокторду (төрт бурчтук бийик секилер - авт.) алып чыккан. Спектаклди шарттуу декорациялар менен иштеп, көрүүчүнү ойлонто турган табышмактуу кыймыл-аракеттер аркылуу чеччү.

Марат Алышпаев белгилегендей, 1972-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр институтун бүтүп келишкен кыргыз кыз-уландары менен Ош облустук театры ачылат. Искендер Рыскулов да ошол учурда ГИТИСтен атактуу Юрий Завадскийден таалим-тарбия алып, режиссёрдук бөлүмдү бүтүрүп келет.

Күтүүдөн чарчаган

Жаштык дем менен жаш чыгармачыл жамаат жергиликтүү драматургдардын чыгармаларынан баштап, дүйнөлүк классикаларды жогорку деңгээлде сахналаштырып, Кыргызстан эле эмес, жалпы Советтер Союзуна, чет мамлекеттерге тааныла баштайт. Театр чөйрөсүндө Искендер Рыскуловдун феномени пайда болот.

Марат Алышпаевдин айтымында, Маданият министрлиги 1986-жылы Рыскуловду Кыргыз академиялык драма театрына башкы режиссёр кылып дайындоо менен Ош театрын жана таланттуу режиссёрду жоготуп алган.

- Искендердин Кыргыз академиялык драма театрына келгенинин өзү туура эмес болчу. Мен ошондо айткам, “ошол жакка барбай эле койчу. Сенин ордуң ушул Ош театры. Дагы мыкты чыгармаларды жарата турган учуруң келди”,-деп. Ошондо биз “Ричард III” менен чет мамлекетке чыкмакпыз. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз жээгин жорткон ала дөбөт” укумуш коюлуп, Москвага, Тбилисиге бардык. Союзда Ош театрынын атагы чыга баштаган. Ал жакта калыптанып калган жамаат болчу. Алардын көпчүлүгү азыр эл артисти болушту. Биз Искенди көз карашынан түшүнчүбүз. Бул жакка келгенде башка жамаат. Академиялык театрдын жамаатынын өзүнүн көз карашы, өзүнүн сахналык ыкмалары бар болчу. Ошон үчүн Искендер буларга сиңишип, батышып кете албай койду. Искенге абдан кыйын болду. Мен ошондо “Маданият министрлиги Искендерди кыргыз драмага алып келүү менен өсүп келаткан Ош театрын талкалады, таланттуу режиссёрду талкалады”,-деп айткам.

Эл артисти Замир Сооронбаев да Рыскуловдун режиссёрдук ыкмаларын кыргыз академиялык драма театрынын чыгармачылык жамааты оңой менен эле кабыл албаганын белгиледи:

- Чындыгында Рыскуловдун режиссурасын кыргыз драма театрынын жамааты эки колун көтөрүп кабыл алуусу өтө кыйын болду. Анткени бул улуттук салты, өзүнүн наркы бар, театрдын эски мектебинин ыкмалары менен иштеген жамаатка өзгөртүү киргизүү өтө кыйын болчу. Ошол кезде кыргыз театрынын пайдубалын түптөгөн улуу муундагы дөө-шаа артисттердин көзү тирүү эле. Бирок ошондой болсо дагы Улуттук театрга Рыскулов кийинки муундарга өзүнчө жан киргизип кете алды.

Мына ушундай кыргыз режиссурасына жаңылык киргизген улуу талант Искендер Рыскулов мындан он жыл мурда 62 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрү кыргыз драма театрында жашап, депрессияга да түшүп кеткен болчу дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев.

- Бул киши акыркы күндөрү күтүүнүн үстүндө жүрдү. Ал жашоодон чарчаган адамдардын образын көп чагылдырып, чарчап жүрдү. Ал жашоодон же чыгармачылыктан чарчаган жок. Ал сахнада чоң чыгармаларды сахналаштыра албай, күтүүдөн чарчады. Мамлекеттин маданиятка, анын ичинде театрга жасаган салкын мамилесине кейип жүрдү. Ошол кезде театрга каражат бөлүнбөй, классикалык чыгармаларды коюуга мүмкүнчүлүк болбой калган. Мына ошонун баары анын өмүрүнүн кыскарышына себеп болду го деп ойлойм.

Баары менен коштошуп...

Театр изилдөөчү Жаныш Кулманбетовдун эскерүүсүндө Искендер Рыскулов кыргыз драма театрынан башкы режиссёрлуктан түшкөндөн кийин ал койгон А.Курасаванын “Травмайдын дөнгөлөгүнөн чыккан дабыш”, Кулманбетовдун “Кагылайын Манасым”, “Чыңгызхандын терең сыры” сыяктуу мыкты спектаклдерине Москва, Прибалтика, Орто Азиядан келишкен театр сынчылары өтө жогору баа беришсе, бул жерде “Нооруз” эл аралык театр фестивалына киргизбей коюшканы айтылат.

1995-жылы “Кагылайын Манасым” спектакли Башкыртстанда өткөн эл аралык түрк дүйнөсүнүн “Туганлык” фестивалында баш байгени жеңип алган.

Искендер Рыскулов сахналаштырган Т. Абдумомуновдун «Эч кимге айтпа», Б. Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келээр», «Саадак какты», "Жолугушуу", «Атанын тагдыры», Б. Өмүралиевдин «Жаңырык», “Жүз катын”, А. Грибоедовдун «Акылдан азап», У. Шекспирдин «Гамлет», «Он экинчи түн», «Ричард-III», «Король Лир», «Ромео менен Жульетта», М. Горькийдин «Түпкүрдө», М. Гапаровдун «Күнөстүү арал», Ч. Айтматовдун «Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», Ж.Кулманбетовдун “Кагылайын Манасым”, “Чынгызхандын терең сыры” жана башка 60тан ашык спектаклдери - кыргыз улуттук сахна өнөрүндөгү өзгөчө көркөм окуяга айланган чыгармалар болуп калды.

Ал актер катары да өзүн көрсөтө алган. Кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" көркөм тасмасында Уркуянын жолдошун, Бакыт Карагулов тарткан Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" тасмасында согуштан кайткан жоокердин образын жогорку деңгээлде аткарган.

Искендер Рыскулов былтыр 70 жашка чыкмак. Бирок көзү өтүп кеткенден кийин анын чыгармачылыгы, кыргыз театр өнөрүнө кошкон салымы эскерилген жок. Ал 1941-жылы 30-июнда кыргыз киносу менен театрынын залкар артисти Муратбек Рыскуловдун үй-бүлөсүндө туулган.

Искендер Рыскулов каза болооруна бир жума калганда театралдык окуу жайда окушкан шакирттерине, театрдын артисттерине бөлмөсүндөгү китептерин, калем саптарын, сүрөттөрүн белекке берип, айрымдарына чапан жаап, калпак кийгизип алар менен коштошкондой болуптур. Анда анын түбөлүк коштошуп жатканын эч ким билген да, сезген да эмес. Улуу талант 2002-жылы 26-декабрда жүрөк оорусу кармап, ооруканада мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG