Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Кыргыз драма театрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыдыкбек Жамановдун 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, актер Сыдыкбек Жамановдун Кыргыз улуттук драма театрында драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” эпикалык драмасында Бакайдын ролунда ойногонун көргөм. Ошондо анын Бакайы — ак сакалы жайкалып келбети келишкен, акыл-ою тунук, турмушка кеңири байкоо жүргүзгөн сынчы, насаатчы, эл камын ойлогон даанышман, нукура аксакалдар бийлеген мезгилдин көп мүнөздүү белгилерин таасирдүү ачып берген.

Нукура талант Сыдыкбек Жаманов сахна өнөрүнүн көп түрдүү сырларына талыкпаган эмгеги, өз алдынча аракети, көшөргөн өжөрдүгү менен жеткенин кесиптеши Сатыбалды Далбаев белгиледи.

- Сыдыкем түзүлүшү бир башкача киши болчу. Узун бойлуу, кең далылуу, көзү ботонун көзүндөй болуп балбылдап турчу. Темпераменти ушундай күчтүү, эмоцияга берилип ойночу. Ал Курманбекти ойногондо жоо кийимдерин кийип сахнага чыкканда кадимки Курманбек келип калгандай таасир калтырчу. Көрүүчүлөр эле эмес, жанында роль ойноп жүргөн биз дагы анын баатыр мүнөзүнө кадимкидей ишенип турар элек.

Бир окуяны айта кетейин. Илгери биздин театрга Шекспирдин “Отелло” деген трагедиясы коюлуп калды. Муратбек Рыскулов Отеллону, Сыдыкбек Жаманов Ягону ойнойт. Баягы эски театрда оюн жүрүп жатканда терс каарман Ягонун кулк-мүнөзүн Сыдыкем ушундай келиштирип, ишенимдүү аткарганда бир көрүүчү жигит антрактка чыкканда атайын муштумдан чоңурак таш алып келип, экинчи бөлүк башталып, Яго чыкканда баягы таш менен көкүрөк талаштыра бир койгондо Сыдыкем кулап түшөт. Көшөгө жабылат.

Бир кезде кайра көшөгө ачылып, Сыдыкем эч нерсе болбогондой ролун аягына чейин аткарган. Муну менен эмнени айткым келет? Сыдыкем табигатынан Кудай таала берген талант эле. Ар бир ролду чоң-кичинесине карабай ийнине жеткире ишенимдүү аткарчу.


Сыдыкбек Жамановду баатыр мүнөз башкы каармандарды аткарууга жаралган актер катары сыпатташат. Ал драматург Касымалы Жантөшевдин “Курманбек” эпикалык драмасындагы Курманбектин, Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Жаңыл" драмасындагы Түлкүнүн, Аалы Токомбаевдин "Өлбөстүн үрөнү" драмасындагы Балбайдын, Токтоболот Абдумомуновдун “Ашырбай” драмасындагы Ашырбайдын образын жогорку деңгээлде, зор чеберчиликте ойноп, театр өнөрүнүн тарыхына өчпөс из калтырып кеткени менен айырмаланат.

Сыдыкбек Жамановдун 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө демилге көтөрүп, иш-чараны уюштурган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жыпариса Көчөрбаева унутта калып бараткан улуу таланттарды эскерүү иш-чаралары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынбай келатканын айтты.

- Бизде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушундай болуп аткан иш-чараларга дегеле катышы жоктой, өз арбайын өздөрү согуп, чет мамлекеттерди кыдырып жүрүшөт. Алар баарын көрүп бүткөнчө биз өзүбүздүн колубуздан келген ишибизди, чыгармачылыгыбызды элге арнап атабыз. Бирок Маданият министрлиги биздин кыргыз драма театрынын же айрым бир адамдардын, өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын уюштурган, жасаган иштерин “биз жасап атабыз” деп мактангандан уялышса. Ошентип мамлекет башчыларына отчет бербей эле коюшса.

Сыдыкбек Жаманов 1913-жылы май айында Жумгал районун Беш-Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Суусамыр жайлоо советинин катчысы болуп иштөө менен баштаган. Бой келбеттүү, ыр-күүгө жакын, сөздү баалай билген жигит 1935-жылы Фрунзеге келип, өспүрүмдөр театрына артист болуп кирет. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры ачылгандан тарта өмүрүнүн акырына чейин (1993-жылдын 23-июль) сахнадан түшкөн эмес.

Ал "Өнөр өргө жетелейт" деген мемуардык китептин жана бир нече пьесанын автору. Жаманов атайын актердук билим албаса дагы кыргыздын профессионалдык театр искусствосунун алгачкы баштоочуларынын катарында туруп, өзүнүн табигый таланты жана талыкпаган эмгеги аркылуу кыргыз театрынын тарыхында из калтырган.

Ал Шекспирдин “Отеллосунда” Ягонун, “Он экинчи түндө” Себестьяндын, К. Жантөшевдин “Каныбегинде” Каныбектин, “Курманбек” драмасында Курманбектин, А. Көбөгөнөвдун "Болот менен Тынарында" Болоттун, Т. Абдумомуновдун "Ашырбайында" Ашырбайдын, Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча коюлган спектаклде Субанкулдун, Назым Хикметтин "Унутулган адамында" Доктордун, А. Салынскийдин "Мария" пьесасында Добротиндин, К. Тренев, "Любовь Яровая" драмасында Яровойдун, Ж. Садыковдун "Жукеев-Пудовкининде" Байковдун, Н. В. Гоголдун "Үйлөнүүсүндө" Кочкарёвдун, “Текшерүүчүдө” Ляпкин-Тяпкиндин, Грибоедовдун "Акылдан азап" комедиясында Скалазубдун, Н. Погодиндин "Кремль куранттарында" Забелиндин, Ж. Садыковдун "Манастын уулу Семетейинде" жана "Сейтек" эпикалык драмасында Бакайдын жана башка ондогон ар түрдүү образдарды жаратып, кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн калыптанышына зор салым кошкон.

“Мосфильм” тарабынан тартылган "Илья Муромец" көркөм фильминде, кыргыздын алгачкы тасмасы болуп эсептелген "Салтанат", "Менин жаңылыштыгым", "Алыскы тоолордо" деген кинолордо кызыктуу кулк-мүнөздөгү ролдорду ойногон. Кинорежиссер Болот Шамшиевдин Ч.Айтматовдун повести боюнча тарткан "Эрте жаздагы турналар" тасмасында Жумалынын эсте калчу образын жараткан. "Токтогул", "Он үчүнчү башкарма" жана башка кинофильмдерге тартылып, кыргыздын кино өнөрүнүн калыптанышына өз салымын кошкон.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Сыдыкбек Жаманов 1993-жылдын 23-июль айында Бишкекте каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
XS
SM
MD
LG