Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:43

Кыргыз эл артисти, маркум Алиман Жангорозова эгерде тирүү болгондо 31-декабрда 96 жашка чыкмак.

Айтылуу актриса карапайым, мээнеткеч, боорукер энелердин кайталангыс нукура улуттук образын түзүп, кыргыз киносунда өчпөс из калтырганы, табигый таланты менен айырмаланган.

“Ач арыстан, арыш эл,
Жардыгымдан өлбөдүм.
Алмамбет, Чубак Сыргагым,
Бардыгынан өлбөдүм.
Кабылан Манас минтип турганда,
Кайың ыйлап, тал ыйлап,
Ошондо калың журттун баары ыйлап.



Улуу тоонун арасында жашаган кыргыздын байыркы "Ак илбирстин тукуму" делген уруусунан Сайкал эне кыштын кыраан чилдесинде боз үйдүн ортосуна арчадан отту улуу жагып коюп, "Манастан" үзүндүнү айтып отурганын экрандан көргөндө актриса Алиман Жангорозованы эмес, кыргыздын Улукман энесинин элеси көз алдыга тартылып турат.

Анын жүзүндөгү майда бырыш кылымдарды карыткан карт тарыхтан кабар берсе, кайраттуу жүзү, жан дүйнөсүнүн түпкүрүнөн чыккан каргылданган сырдуу үнү кыргыздын алакандай уруусун чыдамкайлыкка үндөп, күч-кубат, дем берип турат.

Мына ушул “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын ролун ойногон актер Догдурбек Кыдыралиев биринчи жолу киного түшүп, актердук аткаруучулук чеберчиликти ушул Алиман Жангорозовадан үйрөнүптүр.

“Кожожаш тартылып жатканда Алиман эжени чыгармачыл кинотоп Бүбү энебиз дешип, сыйлап, кээ бирибиз өз баласындай эркелеп турчубуз”,-деп эскерди Догдурбек Кыдыралиев.

- Ошол кинодо Саяктын ролун ойногон Марат Жанталиев экөөбүз акчаларыбызды Алиман эжеге каттырып койчубуз. Тоо-таштын арасында жүрсөң акчаңды кое турган жер жок, жаныңда алып жүрө албайсың да. Анан эженин чөнтөктөрү көп болоор эле. Менин акчамды оң жагына катып, Мараттыкын сол жагына катып, төөнөгүч менен бекем төөнөп койчу. Анан Бишкекке шаарга келгенде да мага акча керек болуп калганда үйүнө барып алып турчумун. Мындайча айтканда биздин кассирибиз болчу. Анан бул кишинин өзгөчөлүгү өтө жөнөкөй болчу. Бирөөнүн да көңүлүн калтырчу эмес. Өз апабыздай көрчүбүз.

Таланттын татаал тагдыры

Алиман Жангорозованын нукура улуттук образды түзө билгенин, табигый талантын, сөзмөрлүгүн, мээрмандыгын жогору баалаган атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океев аны “Бакайдын жайыты” көркөм тасмасында Урум эненин ролуна тарткандан баштап, ар бир кино тартканда жанына алып жүрүүчү экен. Ал “Бакайдын жайытында” - Урумдун, “Көк серекте” - Эненин, “Уркуяда” - айылдык кемпирдин, “Кызыл алмада” - Байбиченин жана башка жыйырмага чукул тасмада бири-бирине окшобогон ар түрдүү каармандын образын түзүп кетти.



Алиман Жаногорзова жаш кезинде Өзгөн, Нарын, Каракол театрларында иштеп жүрүп, эс алууга чыкканда, элүүдөн жашы ашканда биринчи жолу киного тартылыптыр. Аны менен кинодо бирге тартылып, гастролдорго чогуу чыгып, кызындай болуп, сырдашып калган Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова эл кадырлаган улуу таланттын тагдыры татаал болгонун эскерди.

- Эженин тагдыры татаал болуп калыптыр. Согуштун учурунда жаш кезде өмүрлүк жары каза болуп, андан үч бала менен калыптыр. Андан кийин Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө дагы бир жигитке турмушка чыгып, андан да уул-кыздуу болуптур. Жашы улгайып баратканда шаарга келип, жашаган үйү жок, кыйынчылыкты башынан өткөрүптүр. Бир күнү кинематографисттер союзунун ошол кездеги төрагасы Чыңгыз Айтматовго барып шартын түшүндүрсө, Чыкем ошол замат Фрунзе горисполкомуна барып эки бөлмөлүү үй алып бериптир. Ошондо “Чыңгыздын колун бекем кармап алып, машинесинде кетип баратып аябай ыйлап баратам, алкышымды айтып баратам. Чыңгыз "кой эже, кой" деп коет. Ага болбой токтоно албай койсом болобу”,-деп айтып бергени эсимден кетпейт. Алиман эже өтө кайраттуу адам болчу. Ал жөн жерден ыйлабайт болчу. Көрсө ошондо көөдөнүнө ыза толуп, башынан өткөргөн азап-кордукка чыдабай кетип бир бошонуп алса керек.

Жамал Сейдакматова ошондой эле жыл өткөн сайын Карамолдо, Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Бүбүсайра Бейшеналиева, Болот Миңжылкиев, Алиман Жангорозева жана башка кайталангыс улуу таланттар унутулуп баратканына, кийинки муундар билбей кала турганына кейиди.

“Мына Чыкем деле жыл айланбай унутулуп баратат. Бишкекте улуу таланттардын чыгармаларын чагылдырган көркөм өнөр (искусство) музейи түзүлсө келечек муундарга үлгү болуп, келген меймандарга кыргыздын жүзүн таанытып турбайт беле”,-дейт Жамал Сейдакматова.

Маалыматтарга караганда Алиман Жангорозова 1914-жылы 31-декабрда Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Сары-Тологой деген жерде жарык дүйнөгө келген. Ал жаштайынан элдик ыр-күүгө жакын өсүп, 1934-жылып Өзгөн театрынан көркөм өнөргө чыйыр таштайт. Нарын, Каракол, Кыргыз театрларында иштеген 42 жыл аралыгында 160ка чукул ар түрдүү ролдорду ойногон. 1993-жылы 29-декабрда Бишкекте көз жумуп, 31-декабрда сөөгү жерге берилген.

Эл артисти Алиман Жангорозованын чыгармачылыгы коомчулукта атайын эскерилбесе дагы, ал тартылган тасмалар сыналгыдан дайыма көрсөтүлүп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG