Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Жолдошбек Жанжигит уулу: Дайыма алдыга караймын


Жакында “Учур” мамлекеттик театры ирлан драматургу Мартин МарДонахтын “Дүйнөдөгү жок сулуу” драмасы боюнча коюлган спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады.

Андагы каарман Пато Дули деген жигиттин ролун театрдын таланттуу актёру Жолдошбек Жанжигит уулу аткарып, кызыктуу образ түзө алган.

- "Дүйнөдөгү жок сулуу" спектаклинин маани-маңызы тууралуу кыскача токтоло кетсеңиз?

- Жалпы спектаклдин мазмуну эне менен кызынын ортосундагы карама-каршылык. Эки бир туугандын ортосундагы мамиле.

Жаш муун, орто муун жана жашы улгайган адамдардын улуу муундун ортосундагы пикир келишпестик, бири-бирине түшүнбөстүк чагылдырылат. Күнүмдүк жашообуздагы жөнөкөй көрүнүштөрдүн турмушубузга терс таасир тийгизери, карама-каршылык окуяны өрчүтүп отурат.



- Спектаклдин кыргыз сахнасына коюлушу канчалык актуалдуу?

- Абдан эле актуалдуу. Анткени Кыргызстандын көптөгөн жарандары чет өлкөлөрдө жан багып жүрүшпөйбү. Мына канчалаган миңдеген бүтүрүүчүлөр, студенттер окуусун бүтүп алып, жумуш издеп сыртка кетип жатышат.

Далайлары чет жактан иштейбиз деп, банкрот болуп келгендер канча. Мына ушул спектаклдеги каарман Пато Дули да Ирландиядан Лондонго жумуш издеп барып жарытылуу маянага жетишпей, ал жактан Америкага кетет. Ирландиядагы социалдык жактан начар маселелер бул жакта деле бар.

- Пато Дули деген каармандын образын жаратууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

-Бул спектаклдеги Пато деген жигит менен менин мүнөзүмдө карама-каршылыктар бар экен. Мен жашоодо оптимистмин. Бардык нерсеге кайыл болуп, алдыга жүргөнгө аракет кылам. Ал эми ролдогу каарманым пессимист, бир нерсеге бат ишенген, бир нерседен бат көңүлү калган, бир ишти аягына чыгара аткаралбаган адам. Мына ушул нерселерди жаратуу мага кыйын болду. Режиссер экөөбүз талашып-тартышып жатып, образды жараттым.
XS
SM
MD
LG