Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Улуттук китепканада СССРдин Эл артисти, айтылуу дирижер Асанкан Жумакматовдун 90 жылдыгына карата "Жумакматов же музыка кылымы" деген аталыштагы тематикалык көргөзмө ачылды.

Улуттук китепкананын Маданият жана искусство залындагы тематикалык көргөзмө үч бөлүктөн турат. “Жоокер, музыкант жана новатор” деген бөлүмүндө Асанкан Жумакматовдун аскерий окуу жайда окуп, кичи сержант наамын алганы, Сталинград согушуна катышып жарадар болгону, майданда алган орден, медалдары тууралуу документтер, Ата мекендик согуштан кийинки Москва консерваториясында дирижерлук факультетте окуганы жөнүндө архивдик документтер коюлган.

Экинчи бөлүгү “Дирижерлук таякчанын өкүмдары” деген темада кыргыз жана дүйнөлүк классикалык музыкадагы чыгармачылыгын камтыйт.

Үчүнчү бөлүк болсо Жумакматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын камтыган “Менин тагдырымдын оркестри” деген китептин негизинде аталган.

Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева тематикалык көргөзмө тууралуу буларды айтты:

- Кыргыз маданиятына, искусствосуна зор салым кошкон, музыка өнөрүнүн туу чокусунда турган залкар дирижер Асанкан Жумакматовдун өмүрү, чыгармачылыгы кийинки муунга өрнөк. Тематикалык көргөзмөдө маэстронун өмүр жолун чагылдырган китептер, гезиттердеги макалалар, пластинкалар, фото документтер коюлду. Бул Асанкан Жумакматовдун 90 жылдыгына арналган атайын көргөзмө.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги, улуу дирижер Асанкан Жумакматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому чыккан. Ага ылайык, маэстронун өмүрү жана чыгармачылыгы күзүндө расмий белгиленерин Кыргызстан композиторлор биримдигинин төрагасы, композитор Турдубек Чокиев билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайлардан билим алышкан атайын адистиги бар музыка изилдөөчүлөр болгону менен, не деген залкарлардын өмүр таржымалы, чыгармачылыгы кыргыз тилинде жазылбай келет.

- Мен ачыгын эле айтсам, биздин кыргыздын музыка иликтөөчүлөрү чабалдык кылып атышат. Асанкан Жумакматов жана башка залкалар тууралуу кыргыз тилинде жазылган китептер жокко эсе. Кийинки муундарга мурас кылып калтырып кетели, белгилүү композиторлор, музыканттар, ырчылар жөнүндө китеп жазгыла деп эле атам. Бирок чыгынып жазган бирөө-жарым боло элек.

Композиторлор биримдигинин башчысы Турдубек Чокиев белгилегендей, кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу таланттар жөнүндө орус тилинде жазылган китептерди Кыргызстандагы славян улутундагы музыка изилдөөчүлөр жазышкан.

Кыргыз профессионалдык музыка өнөрүнүн калыптануусуна, өнүгүүсүнө эбегейсиз зор салым кошкон залкар дирижер Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жарык дүйнөгө келген.

Өткөн кылымдын отузунчу жылдары атасы Жумакмат Чалов Совет бийлигине жат, бай-манап деп жалган айып тагылып, Шиберге айдалып дайынсыз кеткенден кийин Асанкан апасы жана эки бир тууганы менен Украинанын Скадовский районуна сүргүнгө айдалат. Ошол жерден ал 1941-жылы өз ыктыяры менен согушка кетет. Бир жылдан кийин Сталинграддагы кандуу кармашта далысынан оор жаракат алат.

1945-жылы Москвадагы консерваториядан билим алып, аны бүткөндөн кийин Бишкектеги опера жана балет театрына башкы дирижер болуп дайындалат. Жумакматов 50 жылдык чыгармачылык өмүрүндө Прокофьевдин “Ромео жана Жулетта”, Вердинин "Аида”, Мусоргскийдин “Борис Годунов”, А.Малдыбаевдин, Власовдун, Ференин “Токтогул” жана башка элүүдөн ашуун классикалык чыгармаларды оркестрлештирип, кыргыздын күүлөрүн, ырларын симфониялык оркестрдин коштоосунда дүйнөгө тааныткан.

Ал өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген Телерадио корпорациясынын Мамлекеттик оркестри анын ысымында аталып, көзү өткөндөн кийин Кыргызстандагы бирден бир симфониялык оркестр КТРдан чыгарылып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Жумакматов Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору болгон.

Улуу маэстро 2008-жылы 21-июлда Бишкектеги Адистештирилген атайын оорукананын лифтинде белгисиз жагдайда каза болгон. Кесиптештеринин айтымында, анын бейажал тапканы тууралуу окуя жабылуу бойдон калган.
XS
SM
MD
LG