Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Кыргыз симфониялык оркестринин “атасы” атыккан белгилүү дирижер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры – Асанкан Жумакматовду эскерүү.

Белгилүү кыргыз дирижеру – Асанкан Жумакматов кыргыз музыкасына өмүрүн арнаган залкар талант катары тарых бетинде калды. Ал көптөгөн залкар күүлөрүбүздүн улуу жаратмандары: Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов баштаган биртоп комузчулардын алтын фондудагы чыгармаларын симфониялык оркестрге түшүргөн.

Карамолдо Орозов атындагы элдик аспаптардын оркестринде жана Улуттук телерадио корпорациянын симфониялык оркестринде дирижерлук кылган кезде мыкты музыканттардын башын кошуп, эң бир сонун концерттерди элге тартуулаган.

Учурда бул вазийпаны “Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр" улантып келет. Оркестрдин жетекчиси Асанкан Жумакматовдун шакирти, белгилүү дирижер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев:

- Биздин консерваторияда опералык - симфониялык дирижерлук факультети жок болчу мурда. Асанкан Жумакматович биринчи болуп ачып, сабак берди. Факультет азыр түптөлүп калды. Менде азыр он бешке жакын бала окуйт. Казакстандан келип окуйбуз дегендер да болуп жатат.

Асанкан Жумакматов эмгек жолун 1941-жылы СССРдин мамлекеттик симфониялык оркестринде барабанчы болуудан баштаган. Согуштан кийин Москвадагы Мамлекеттик консерваторияда окуган. Бир аз иштеген соң, дирижерлук билимин тереңдеткени ал окуу жайга кайра тапшырып, экинчи ирет күчтүү мугалимдерден окуган экен. Мына ушундан кийин “Русалка”, “Кармен”, “Пиковая дама”, “Көкүл”, “Ак шумкар”, “Токтогул”, “Жамила”, “Борис Годунов”, “Евгений Онегин”, “Мефистофел” жана башка эң бир татаал дүйнөлүк классикалык операларды биринин артынан бирин коё баштаган. Жандүйнөсү менен берилип иштеген жана андан убактысын да, түн уйкусун да аяган эмес.

- Абдан тез иштечү. Кечинде алып кеткен программасы, таң эрте даяр болуп калчу. "Түнү бою кирпик какпайм, уйку жакшы келбейт" деп өзү айтып калчу эле.

Өмүрүндө элүүдөн ашык дүйнөлүк, чет өлкөлүк жана улуттук опера-балет классикасын койгон инсан, оркестрдеги ар бир адамды түшүнүп, анын тилин таап, музыка аркылуу сүйлөшүп да, иштешип да, ар биринин чыгармага жеке мамилесин ойгото алган. Репертуарда көптөгөн сааттар бою иштеп, фестивалдарды уюштуруп, эл аралык конкурстарга калыс болуп, музыка дүйнөсүндөгү бүтүндөй бир доордун күрөө тамырын колунда кармап турган.

- Абдан уникалдуу, тамашакөй киши эле. Пультта туруп оркестр кичине бир кыйын жерлерди аткара албай атса, анекдот айтып, көңүлдү көтөрүп койгон жакшы мүнөзү бар болчу. Ошол эле маалда талапты да кое билчү. Мен анын окуучусу болуп калганым үчүн тагдырга ыраазымын,- деп эскерди Рахатбек Осмоналиев.

Карапайым гений...

Асанкан Жумакматов жакындарынын эсинде дайыма жөө жүргөн, спартандардай катуу жерге уктап, таң эрте муздак сууга жуунуп, түрдүү көнүгүүлөрдү жасаган чыйрак адам катары калды. "Жумушка баратканда баштыкка нанын, үч-төрт помидорун, башка дагы майда-баратын салып алчу. Ошол үйдөн ала барган тамак менен түштөнчү. Анан да, оозунан түшпөгөн бир сөзү бар эле" деп эскерет келини Динара Жумакматова:

Уул-келини жана неберелери.

Уул-келини жана неберелери.

- Дирижер катары тик турган бойдон көзүм жумулат деп айтчу. Айтканындай эле турган бойдон кете берди, бирок өкүнүчтүүсү лифттин ичинде.

Дирижер көзү ачыктык кылган экен. Балким аян болгондур. 2008-жылдын 20-июлунда Бишкектеги борбордук ооруканада саламаттыгын чыңдап аткан Асанкан Жумакматов ишемби күнү түштөн кийин бейтапканынын лифтине кирген бойдон чыкпай калган. Маркумдун сөөгү эки күндөн кийин гана табылган.

Жумакматовдун ата-энеси өткөн кылымдын 30-жылдары кулакка тартылган. Репрессиянын эпкини анын турмушка чыккан эжелерин кыйгап өтүп Кыргызстанда калышкан экен. Улуу эжесинин бир кызы Рейна Чокоева. Ал кыргызга аттын кашкасындай таанымал балерина экени баарыбызга белгилүү. Эки бир тууган репрессиядан кийин кантип табышканын Рейнанын эжеси Дамира Чокоева минтип эскерди:

- Асанкан анан улуу таекем Мураткан, таенем Украинага айдалып кетишиптир. Апам сиңдиси экөө күйөөдө, өзүнчө жашагандыктан бул жакта калат. Апама алар кат жазганда дареги жок келчү экен. Керим Сооронбаев деген аталаш агабыздын үйүнүн короосунда атам менен Керим байкем апамды карашып: “тааныйт бекен, тааныйт бекен” деп атышканы эсимде, көрсө Асанкан таякем келе жатыптыр. Дарбазадан кирип келгенде эле апам “иий, айланайын!” деп чуркап барып кучактап калган.

Бир туугандар андан кийин бири-биринен кол үзүшкөн эмес. Бат-бат жолугуп турушкан.

- Асанкан таякем биздин үйгө бат-бат келип турчу. Мени театрга алып барчу, оркестрде барабанда ойночу. Мени дирижердун жанына отургузуп койчу, ошол жерден Бүбүсара Бейшеналиеваны биринчи жолу көргөм. Анан эрте үйлөнүп алды. 17 жашында балалуу болду. Биринчи аялы Уултай Кулдарова деген балерина болчу. Андан бир эркек, бир кыздуу болгон.

Ошол 17 жашында Асанкан Жумакматов Улуу ата мекендик согушка аттанган экен. Жашын бир жылга чоңойтуп алып барып, чалгынчылардын ротасында кызмат кылган. "Согушта ал ийининен жарадар болгон. Анын айынан колдору жакшы көтөрүлгөн эмес. Ошого карабай дирижерлукту таштаган жок",- деди келини Динара Жумакматова:

- Неберелери кичинекей кезинде быйтыйган колдорун анын ийининдеги чуңкуруна салып ойноп “бул эмнеге мындай, оорубайбы” дешип сурай беришчү. Колдору жарым-жартылай гана көтөрүлчү, бирок чебер дирижер эле.

Гүлкан Сатаева

Гүлкан Сатаева

Асанкан Жумакматов кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти, Гүлкан Сатаева менен кол кармашкан. Динара Жумакматова экөөнүн уулу Эриктин жубайы. Гүлкан Сатаева дирижер кайтыш болгондон жыл айланбай артынан кете берди.

Учурда дирижердун небереси Жамила “Асанкан Жумакматов атындагы жаш таланттарды колдоочу фонд” түзүп, чоң атасынын эстелигин орнотуп, эмгектерин архивдештирүү иштерин жасап жатат. Ошол эле мезгилде ал Асанкан Жумакматовдун атын коюуга көчө да, жер да табылбай жатканын айтып, өкүнүчүн билдирди.
XS
SM
MD
LG