Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

“Азаттыктын” кабарчысы Шайлообек Дүйшеевдин кинодокументалист Тилек Мураталиев менен маеги.

“Азаттык”: “Кара жорго” деген бий чыгары менен элге ушунчалык алынып кетти. Азыр шаан-шөкөт болгон жердин баарында эле ушул бий биринчи бийленчү болду. Атургай жолду бууган көчө жыйында да кемпирлер “Кара жорго” бийлеп чыга калганын билесиң. “Кара жорго” эми кыргыз көркөм дүйнөсүндө өзүнчө бир окуя болду окшойт. Кыргыздар бул бийди “байыртан бери эле биздин ата-бабалар бийлеп келген” деп чыкты. Казактар “биздики” деди. Качан болсо эле казак менен кыргыз бир эл экенин билбей, бир бийди, бир боз үйдү талашып келет. Өзүңүз Кытайга барып келген сапарыңызда ушул бий кимдики экенин билип келген экенсиз. Анда кеп бий жөнүндө болсун...

Тилек Мураталиев: Азыр казак-кыргыз бир бийди, бир боз үйдү талашып келатат деп атпайсызбы. Жакында казак менен кыргыз бир боз үйдү биргелешип ЮНЕСКОдон каттоодон өткөрүп жакшы кылышты.

“Азаттык”: Мындан кийин эми боорсогун деле, бешбармагын деле ЮНЕСКОдон биргелешип өткөрүп жүрсө деген ой да, жөнү жок эле талаша бербей...

Тилек Мураталиев: Анан бий жөнүндө өзүнчө маселе. Мен “Кара жорго” бийи биздики экен, эми таап чыгып, жандандыра баштадык, кыргыздын унутулуп калган бийи экен” дегенде эле күмөн санагам “Бул кандайча унутулуп калат?” деп. Эгер тарых унутулуп кала турган болсо, бий унутулуп кала турган болсо, анда тетиги чоң-чоң дастандарыбыз деле унутулуп калбайт беле?” Эми кыргызда кандай акыбал болгон күндө дагы, жаман акыбалбы, жакшы акыбалбы, той-топур болуп келген эмеспи. Ошол той-топурларда деле бул бий унутулмак эмес. Эл менен кошо жүргөн нерсе кантип унутулсун? Анан мен Кытайга барганда эле ошол жердеги кыргыз туугандарыбыз айтты: “Ой, силер бизди маңгулдарга уят кылдыңар го?” дейт. “Ой эмне болуп уят кылдык?” десем, “Жанагы “Кара жорго” бийин алып алып “кыргыздын бийи” деп бийлеп атасыңар” дейт. “Ой, анан кимдин бийи?” десем, “мобул эле биздин маңгулдардын (“монголдор” дегени) бийи” дейт.

“Азаттык”: Кытайлык кыргыздарбы?

Т. Мураталиев: Ооба, кытайлык кыргыздар айтып жатат. Анан кийин мен “ой, бу кандайча? Ушуну айтып бербейсиңерби?” деп кызыгып сурап калдым. Анан айтышты, “бул маңгулдардын бийи болчу” дейт. Анан ошол жердеги менден он чакты жаш улуураагы айтып калды: “Мен бала кезде дейт, “Баян-Маңгул” деген автоном облусу бар Кыргыз автоном облусу сыяктуу, ушул Шинжаңдын ичинде" деп. Эми бул маңгулдар биздеги эле калмактар да. Анан жанагы киши айтып атат, “ошол жакта чоң той болуп, атамды ээрчип баргам” дейт. Атасы башкарма экен. Анан ошол тойдо “Кара жорго” бийи бийленет деп калды дейт. Анан эл кол чаап туруп калганда маңгул боз үйдөн чыга калып бийлешти дейт. Ошондо мен биринчи жолу “Кара жорго” бийин көргөм, ошондон бери эле маңгулдардын телеканалынан “Кара жорго” бийин көрүп келатам дейт. Кийин маңгул бийлерин көп эле жолу көрдүм, Үрүмчүгө барганда да бардык улуттар барып оюн көрсөткөндө да маңгулдар “Кара жорго” бийин бийлеп чыгышты дейт. Буларда аял кишилер бийлебейт дейт. “Кара жоргону” эркектер гана бийлейт дейт. Ошентип бий бийленип жүргөн убакта казактын Иле-Казак автоном облусунда турган Сансызбай деген казак акыны бар экен, ошол “Кара жорго болбосо, бийдин шаңы болобу?” деп жазган дейт, ошону кыргыздар которуп алып ырдап жатпайбы азыр.

“Азаттык”: Бийдин аты “Кара жорго” бекен? “Кара жорго” деген казак менен кыргыздын сөзү болуп жатпайбы?

Тилек Мураталиев: Калмак-маңгулдун тилинде деле ушинтип “Кара жорго” деп аталат экен. Анан кийин казак акыны ырын жазып чыккандан кийин бийди Иле казактары бийлей баштады дейт. Бирок айтышчу дейт “бул маңгул эл бийи” деп. Ошентип казактар өз акыны жазган ыр менен бийлеп чыгып жүрүштү дейт. Маңгулдар ага чейин бийди сөзү жок эле бийлеп жүрүптүр. Андан кийин аны алматылык казактар же кытайлык кыргыз туугандар айткандай, советтик казактар алып кетип “Кытайлык казактардын бийи” деп бийлей баштады дейт.

“Азаттык”: Ии...

Тилек Мураталиев: Аңгыча эле силер бийлеп чыктыңар дейт, “бу деген кыргыздын унутулуп калган бийи экен” деп. Негизи маңгулдардын бийи деди. Себеби ошол элдин түпкүлүктүү бийи экени билинип турат дейт. Бийлегенде эле эңкейе калып, түзөлө калып, эки ийниңерди шалкылдатып, ырдын ыргагына салып бийлейсиңер, бирок силер андан эч бир маанини сезбейсиңер дейт. Ал эми маңгулдардын түпкүлүктүү бийи экенин алардын өзүлөрү бийлегенде билсе болот дейт, булар бийлегенде мааниси кадимкидей көрүнүп турат, чындыгында бул маңгулдардын эле, силерче айтканда калмактардын эле бийи дейт.

“Азаттык”: Кыргызда илгери “Калмак бийи” деген болгон да.

Тилек Мураталиев: Аны өткөндө көл тарапка барып аксакалдардан сураштырдым. Кытайда ушинтип бийлешет экен, силер калмактарга жакын турат эмессиңерби, “Калмак бийи” деп коет экен, ушул бийди “бийлешчү беле?” десем, “ооба, бизде Бөрүбашта, Челпекте (кыргызстандык калмактар жашап турган айылдар) калмактар бийлешчү, биз да көрүп калдык деди аксакалдар.

“Азаттык”: Ошол бийдин калмактардыкы экенин далилдеген дагы фактылар барбы?

Т. Мураталиев:- Эми фактылары мындай экен. Ошол бийди кыргыздар бийлеп жүргөнүн, казактар бийлеп жүргөнүн маңгулдар билет да, билип Кытайда тыюу салып коюптур. “Кытайда биз бийлебейбиз, казактар да бийлебей калды” дейт.

"Биймерген" бийи. Сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики. Обону: Азамат Отунчиевдики. Аткаруучулар: "Жаз" бий тобу. "Көрөгөч" рубрикасына түшкөн видео.

“Азаттык”: Эмне, сотко бериптирби?

Тилек Мураталиев: Эми буларда автордук укук аябагандай катуу кармалат. Кокус булардын улуттук каада-салтына шек келтирсең же ырын же бийин уурдап алсаң, чоң уурулук кылган менен барабар. Мыйзам күчтүү. Ошон үчүн бийлебей токтотуп коюшту го. “Бийлебей калдык” дейт. Мурун казактар бийлечү дейт. Бирок “маңгул эл бийи” деп бийлечү дейт. “Кийин телесинен көрбөй калдык, бийлебей калышты. Ал эми интернеттен көрүп атабыз, казактар да көп бийлебей калышты окшойт, бирок силер кыргыздар шалкылдап күчөп бийлеп кирдиңер” дейт.

“Азаттык”: Тилек, бирок бу “Кара жорго” кимдин бийи болсо да, көчмөн турмушта жашаган көчмөн элдин бийи экендиги кыймыл-аракетинен, бийдин ыргагынан көрүнүп турат. Бирок ошол “Кара жоргонун” таасири менен кыргыздар азыр көп бийлерди ойлоп таап, бийлеп кирбедиби.

Тилек Мураталиев: Ооба. Бул эми мындай да. Бийдин доору башталганына эки жыл болду окшойт.

“Азаттык”: Ыры да жазылып жатат, эми мында жаман нерсе деле жок го дейм.

Тилек Мураталиев: Чынын айтканда, кыргыздар улуу элбиз да. Кыргыздардай “Манас” эпосун чыгарган, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун чыгарган эч ким жок. Андан тышкары кырктай майда эпосторубуз бар. Биздин артыкчылыгыбыз ошондо, мындай эпостор казактарда, өзбектерде да, ошол эле монголдордо да жок. Кыргыздар деген эмне кылган? Кыргыздар деген оор басырыктуу эл болгон. Санжыра айткан, дастандарды ырдап, “Манас” айткан. Оор басырыктуу дегеним, кыргыз шалкылдап бийлеген эмес. Ал эми аял кишилердин эл алдына чыгып бийлегени уят болгон. Сиз деле пайгамбар жашынан ашып калдыңыз. Бала кезиңизде ушинтип кыз-келиндердин шалкылдап бийлегенин көрдүңүз беле?

“Азаттык”: Жок, чын эле той-топурларда көргөн эмес экенмин.

Тилек Мураталиев: Бийлеген эмес. Мейли бийлесе бийлесин, бирок эми бүгүн минтип бийлеш керек да, кыргыздар мурда бийлеген эмес экенбиз, эми бийдин доору келди. Биз бий үйрөнүп, бий ойлоп таап бийлеп жатабыз” деп эле бийлей бериш керек да ошончолук эле бийлегилери келсе, анан “унутулуп калган бий экен, анан шалактап биздин ата-бабаларыбыз бийлеген экен” деп кайдагы бир жаман адаттарды тарыхыбызга жабыштыруунун кандай кереги бар эле” деп ойлойм.

“Азаттык”: Анда ушуну менен аңгемебизге чекит коелу. Өнөр өлбөсүн. “Өнөрлүү эл өлбөйт” деген өзүбүздүн сөзүбүз бар. Ал эми жанагынтип, бирөөнүкүн өзүбүздүкү кылганды токтотолу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG