Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

“Азаттыктын сахнасы” берүүcүнүн мейманы - Улуттук кыргыз драма театрынын таланттуу актрисасы Шайыргүл Касымалиева. Ал “Чыңгыз хандын ак булуту” спектаклинде Алтун кемпирдин образын мыкты аткарып, актердук жогорку чеберчилигин көрсөтө алды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыргүл Касымалиева 1989-жылы Москвадагы Шепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын бүтүп келип Республикалык жаштар театрында чыгармачылык чыйырын баштайт. Кийин Улуттук кыргыз драма театрында ондогон образдарды жарата алды.

"Кыргызфильм" киностудиясында Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" повести боюнча тартылган «Куш өмүр» көркөм тасмасында Сейденин, "Кошокчу" деген кыска метраждуу тасмада башкы каарманды, "Мосфильмде" тартылган «Чыгыштын устаты» тасмасында, бир нече телесериалдарга тартылган.

Шайыргүл Касымалиева Улуттук кыргыз драма театрында Антон Чеховдун "Сунуш" (Предложение), "Маараке той" (Юбилей) спектаклдеринде башкы каармандардын ролун жогорку чеберчиликте аткарып, көрөрмандардын купулуна толду.

Төрт жыл мурда Т.Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгыз хандын ак булуту" чыгармасы боюнча түркмөн режиссеру Какажан Ашыр сахналаштырган спектаклде Алтун деген кемпирдин ролун ойноду.

Ал спектаклдин эмне себептен коюлганы тууралуу Шайыргүл Касымалиева буларга токтолду:

- Чыңгыз агайдын бул чыгармасы ушул убакта абдан актуалдуу болуп турат. "Чыңгыз хандын ак булуту" повести боюнча биздин кыргыз драма театры эле эмес, Казакстандын жана башка мамлекеттердин театрлары мыкты спектаклдерди коюшту. Бул чыгарма боюнча Орусиянын кинематографисттери көркөм тасма тартышты. Мында Чыңгыз хандын каардуу башкаруусу аркылуу адамдардын кул сыяктуу жашоосу, жеке адамдын авторитардык бийлигинин күңгөй-тескейи чагылдырылган.



- Бул спектакль менен тоталитардык системанын терс жактарын көрсөтүп, адам баласы эркин, адилет коомдо жашоосу керектигин көрсөтүү мүдөөсүн көздөгөн десек болобу?

- Ооба, ошондой десек болот. Анткени адам укуктары корголгон, ачык коом, мыйзам эл үчүн иштеген калыс, адилет башкарууга багыт алган мамлекеттер өнүгүп-өсүп жатканын көрүп жатпайбызбы.

Спектаклди коюп жатканда режиссер жүрөгүнөн толкуп чыккан идеясы катары Эрдене менен Доглан каза болгондон кийин спектаклдин аягында куштар учуп бараткандай, каркыралар учуп бараткандай негизде коюп, анын тегерегинде эркиндикти эңсеген эл колдорун алдыга созуп, азаттыкка умтулгандай бир эпизод кошкон.

Ошол эпизод аркылуу режиссер өз мамлекетиндеги, өз элинин көйгөйүн көрсөттү. Ошол эле мезгилде бизде дагы тоталитардык система өтө өнүгүп бараткан болчу.

- "Чыңгыз хандын ак булуту" спектаклиндеги сиз ойногон Алтын кемпирдин образына учкай токтоло кетсеңиз?

- Бул ролдогу каарман Алтун бир топ жашка барып калган улгайган кемпир. Ал карып калганда Эрдене менен Догланды Чыңгыз хан өлтүртүп салгандан кийин алардан төрөлгөн ымыркай баланы алып калат. Ошол баланы өлүмдөн сактап калыш үчүн зыркырап кудайга жалынып-жалбарат. Анын муң-зарын Көкө Теңир уккандай болуп, кемпирдин эмчегинен сүт чыгып, ымыркайды эмизип, аны өлүмдөн сактап калат.

Муну менен келечекке үмүт бар, бул наристенин келечеги кең, жашоосу жакшы болот деген идея камтылган.

Режиссер Какажан Ашырдын дагы бир өзгөчөлүгү - Алтун деген кемпирдин образына драмалык жактан да, трагедиялык жактан да кеңири монолог жасаган. Менин көз карашым боюнча спектаклдеги мындай чечилиш - эне бар жерде жашоо бар, "ата аска-зоо, эне боорундагы булак" дегендей, эне бар жерде жашоо улана берет. Эне булак сымал адам баласынын өмүрүн узартып, укум-тукумун улай берет.

- Ошол Алтун кемпирдин монологунан кыскача үзүндү айтып кетпейсизби?

- Жардам бергиле, жардам бергиле? Жардам бергиле? Эми эмне кылам?
Эмне ыйлайсың? Ырысы жок. Тегеректе кыбыр эткен жан жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG