Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Насыр Давлесов: Гимн элдин кулагында, канында жана жүрөгүндө болуш керек


Ала-Тоо аянтындагы улуттук желекти ардактуу кароол кайтарып турат. Бишкек. 2008-жылдын 7-октябры.
Ала-Тоо аянтындагы улуттук желекти ардактуу кароол кайтарып турат. Бишкек. 2008-жылдын 7-октябры.

Кыргызстандын гимнинин автору, эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, композитор Насыр Давлесов 80 жашка толду.

- Сизди алгач туулган күнүңүз менен куттуктап кетейин. Өткөндө Кыргыз Республикасынын гимнин өзгөртүү боюнча маселелер көтөрүлбөдүбү. Сиз гимндин автору катары буга кандай көз караштасыз?

- Гимн мамлекеттин символу. Мамлекет азыркы бир өзгөрүштөн экинчи өзгөрүшкө өтүп атканда, системасы кандай өзгөрсө дагы музыкалык символу көпкө чейин калыш керек. Башка өлкөлөрдү алсак, жүз жылдап ошол символдору кыймылдабай турат. Гимн символу өзү ыйык нерсе болот, көпкө чейин сактала турган, элдин кулагында, жүрөгүндө, канында болгон музыка болуш керек.

Ошон үчүн күнүгө эле система, президент өзгөрүлсө аны кайра эле жаңырта бериш туура эмес. Туура эмес дегеним, мыкты өлкөлөр, маеселен Америка, 40 жолу президенти, депутаттары алмашып атат, гимни ошол бойдон калды. Орусияны алсак, коммунизмден капитализмге өттү, музыкасын ошол бойдон калтырды.

Музыка деген бат эле элге сиңип кетип, элдин кулагында, жүрөгүндө болуш керек. Ошон үчүн сөзүн заманга жараша редакторлоо мүмкүн, ал эми музыка дайыма калыш керек. Аны дайыма оңдоп, жаңылай бериш менимче туура эмес. Себеби чоң, жакшы өлкөлөрдүн тартиби, тарыхы ошондой.

-Насыр агай, Кыргызстандын гимн нотасы кол жазма боюнча эле көчүрмөсү колдонулуп жүрөт деген маалымат бар. Аны көбөйтүп бастырууга көп каражат кетеби?


- Эки барак нотаны бастырууга канчалык көп нерсе кетсин. Ага көңүлдөрү жок, колдору тийбейт. Кол жазма менен аткарып жүрүшөт азыр Кыргызстандын гимнин ар кайсы жерге президенттер, делегаттар барганда. Кээ бир убакта ката менен аткарып жүрүшөт, аны эч ким караган жок. Символ ыйык, так, жакшы сакталыш керек эле. Буга маани беришпейт. Муну жөн гана музыка деп атышат, жок, бул кыргыздын каны, намысы.

- Бишкек шаарынын мурдагы гимнинин сөзүн Ж.Садыков, музыкасын сиз жаздыңыз эле. Аны эмнеге жаңы гимнге алмаштырып салды, себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Конкурстан кийин шаардын депутаттары угушкан, анан шаардын мэри жаңы болгондо жаңы гимн болуш керек деп туруп алышты. Ар бир шаар жетекчиси алмашкан сайын гимн алмашкандай бул көйнөк, гөлөш эмес да, эскирип кетти, жаңысын кийип алалы дегендей. Бул өзү дайым сактала турган символ болуш керек. Символ деген сөздү туура эмес түшүнүп жүрүшөт. Ошого мен каршымын.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG