Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Пианино менен дүйнөнү тыңшайт


Гүлшан Конушева таланттуу пианист. Москвадагы атайын музыкалык мектептен, андан кийин Пётр Чайковский атындагы консерваториядан билим алган.

Гүлшан Конушева учурда улуттук консерваторияда иштейт. Биз барганда музыкалык класста фортепианодо ойноп жаткан экен. Бүткүчө тыңдап отурдук:

- XX кылымда жашап өткөн немис композитору Роберт Шумандын “Арноо” чыгармасы. Муну дагы бир немис композитору, музыкадагы Веймар мектебинин негиздөөчүсү Ференц Лист аябай жактырып калат. Анан ушинтип фортепиано үчүн кайра жазып чыккан экен. Махабат жөнүндө. Мага жаккан чыгармалардын бири.

Жаш пианисттин музыкага болгон кызыгуусу эрте ойгонгон. Өзүнөн улуу эжеси музыкалык мектепте окучу экен. “Эжени көрүп сиңди өсөт” дегендей, Гүлшан аны туурай баштайт.

- Союз маалында ата-энелер балдарын музыка же спорт мектебине берип койчу. Менин эжем да музыкалык мектепте окучу. Ал үйгө келгенде пианинодо ойноп калаар эле. Аны угуп туруп, дал өзүндөй кылып кайталап берчүмүн. Апам муну байкагандан кийин мени да музыкалык мектепке жетелеп барды. Мугалимдер угуп көрүп эле, “идиреги бар турбайбы” деп алып калышкан. Үч жылдай Москва районунун борбору Беловодское айылындагы музыкалык мектепте окудум.



Секелек кыздын таланты көз жаздымда калбайт. Тынымсыз машыгып жүргөн учурда борбордон комиссия келип калат:

- Ал кезде борбордогу музыкалык окуу жайлардын мугалимдеринен турган комиссия жер-жерлерди кыдырып, таланттуу балдары тандап алчу. Бир күнү бизге да ошондой комиссия келип, мени тандап алышты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлмира Токомбаеванын колуна бардым. Бир жылдан кийин Москвадагы борбордук музыкалык мектепке алып барып, өтүп кеттим. Андан кийин консерваторияда окудум. Баш-аягы 15 жыл Москвада жашадым.

Пианист кыз чет жерге баргандан көп өтпөй союз ыдырап, кыйын күндөр башталат. Ата-энеси ошол кыйынчылыкка карабай кызын окутат. Гүлшан консерваторияны аяктагандан кийин туулган жерге кайтып келет. Башында бул жактагы маданияттын абалын көрүп, келгенине өкүнүп кетчү экен. Азыр ал оюнан кайткан:

- Башында Москвада калсам эле болмок деп өкүнгөн учурлар болду. Анын үстүнө тилден кыйналдым. Кыргызча билчү эмесмин. Мурат Бегалиев агай келгенде дароо эле Улуттук консерваторияга жумушка алган. Студенттерге сүйлөп жатып, эне тилди үйрөнүп кеттим. Москвада калсам ким болмок элем? Балким жөнөкөй эле бир музыкалык мектепке ишке орношмокмун. Бул жакта шүгүр, аздыр-көптүр атагым бар. Жогорку окуу жайда иштеп жатам.

Учурда Гүлшан маал-маалы менен чет өлкөгө чыгып турат. “Бизде иште, шарт түзүп беребиз” дегендер да болгон, азыр да чакыргандар көп.

- Европа мамлекеттеринен, Орусиядан, Тажикстандан чакыруу алгам. Чынын айтсам баргым келбеди. Орусияда 15 жыл жашаганым деле жетиштүү. Биздин ректорубуз Мурат Бегалиев агай музыканттарга жакшы карайт. Кетпей калганымдын бир себеби да ушул. Агай "гастролдорго чыга бергиле, бирок бул жакта эле иштегиле" деп тамашалап калат. Жакшы мугалимдерин такыр кетиргиси келбейт.



Гүлшандын дагы бир өзгөчөлүгү ал фортепианодо эркин ойнойт. Айрым музыкаларда эле китепти карабаса, көбүнүн нотасын жатка билет.

- Европада клаверди карап ойной беришет. Биз эми советтик мектепте окуп калдык да. Анда чыгармаларды жатка билүү керек деген талап бар болчу. Бул эми бир чети туура. Анткени жан дүйнөң менен берилип ойнойсуң. Ал эми китепти караганда өзүңдү көзөмөлдөй баштайсың. Жаңылып калбайын деп отуруп, музыканын образы ачылбай калат.

Кыргыз композиторлорунун арасында фортепиано үчүн музыка жазгандар сейрек. Гүлшан көп учурда Муратбек Бегалиевдин “Кайрык” чыгармасын ойнойт экен:

- Муратбек Бегалиевдин фортепиано үчүн жазылган “Кайрык” аттуу чыгармасы бар. Көп учурда ошону аткарып жүрөм. Бул музыкада комуздун, чопо чоордун дагы бир топ аспаптардын добушу берилген.

Кыргыз музыка айдыңында мыкты пианисттер саналуу. Гүлшан Конушева алардын катарына кирет. Бир нече эл аралык сынактардын лауреаты. Учурда жаш шакирттерди даярдап атат.
XS
SM
MD
LG