Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

“Ай баратат” берүүсү театр жана кино өнөрүнүн чебери, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын элесине арналды.

Сабира Күмүшалиева 75 жыл сахнада, кинодо ар түрдүү кейипкерлердин кулк-мүнөзүн түзүп, кайталангыс таланты менен элдин эсинде калды.

Эпизоддук ролдордун чебери

Ал айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасында Керез аттуу кемпирдин ролун ойноп, тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн.

Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болуп, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Күмүшалиева ошондой эле “Уркуя”, “Эрте жаздагы турналар”, “Кызыл алма” жана башка жыйырмага чукул тасмада ар түрдүү кызыктуу образдарды жараткан.

Орустун театр реформатору Константин Станиславский,“кичинекей роль жок, кичинекей артист бар” деп айткандай Сабира Күмүшалиева да эпизоддук ролдордун чоң чебери болгонун, убагында зор таланттар Төлөмүш Океев, театр режиссерлору Медербек Назаралиев, Бообек Ибраев жана башка театр, кино адистери таасын белгилешкен эле.

Сабира Күмүшалиева Улуттук кыргыз драма театрында башкы ролдорду ойнобосо да, эпизоддук ролдогу кичинекей бир кейипкердин кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун, кебете-кешпирин талыкпай изденип, укумуштуудай ойноп чыгар эле деп эскерет Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев.

- Көргөндөрдүн эсинде болсо керек, бул киши кичинекей ролдо шумдуктуудай образдарды жаратчу. Жалил Садыковдун “Куудул Шаршен” деген драмасы боюнча коюлган спектаклде кемпирдин ролу бир кирип, чыкма эле. Ошондо Сабира эже кемпир болуп үйгө кирип, көлөчүн чечип, колтугуна кысып алып төргө чыгып кетет. Эми мындай нерсе чыгармада жок да. Мына ушундай адамдын оюна келбеген нерселерди ойлоп таап, кичинекей нерседен чоң бир образды жаратып койчу. Анан башындагы жоолукту “атаңдын көрү мен жаш кезде” деп бир чечип, артынан он жоолукту чечкенде көргөн кишинин боору эзилип жатып калчу. Бул киши мындай шумдуктарды кайдан таап алат деп таң калып калаар элек. Кенедей нерседен чоң образ жараткан мыкты чебер актриса болчу.

Кыргыз драма театрынын Умай энеси

Кыргыз драма театрында “Умай эне” деп аталып келген Сабира Күмүшалиеванын тагдыры 1934-жылдын сентябрынан тарта театр менен байланышып, өмүрүнүн 70 жылдан ашуунун сахнага арнап, жүздөн ашуун ар түрдүү образдарды жаратып, театр өнөрүндө өчпөс из калтырып кетти.

Мындан беш-алты жыл мурда үйүнө барып баарлашканымда, өмүрлүк жубайы залкар талант Муратбек Рыскулов жөнүндө өзүнчө бир керемет кеп улап, анын кыргыз театр өнөрүн калыптануусуна кошкон зор салымы, чыгармачылыгы, адамдык сапаты тууралуу, үй-бүлөгө күйүмдүү ата, сүйүктүү жар болгонун шуру тизгендей сөз учугун тизмектеп, абдан кызыктуу маек куруп берген эле.

Сабира Күмүшалиеванын уулу Искендер Рыскулов да кыргыз театр өнөрүнө жаңылык алып келген, өтө таланттуу театр режиссерлорунун бири болгон.

Кыргыз драма театрынын Умай энеси чынында эле өзүнөн кийинки жаштарга насаатын айтып, унутулуп бараткан кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын үйрөтүп, энелик мээримин төгүп турар эле деп калышат анын кесиптештери.

"Эмчек бала эмес, эмгек бала"

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев Москвадагы Шепкин атындагы институтту аяктап келип, кыргыз драма театрында иштеп жүрүп Сабира Күмүшалиева менен эне-баладай болуп жыйырма жылдан ашуун үй-бүлөсү менен катышып жүргөнүн, ал кишиден турмуштук таалим-тарбия алганын белгиледи.

- Мен ал кишини Сабира эже дебей эле, Сабира апа дечүмүн. Билинбей жүрүп эле иш аркылуу жүрүп эне-бала болуп калдык. Бир күнү ал киши минтип айтканы бар: “мен сени жакшы көрүп калганымдын себеби, сен ишке өтө тыкан, өтө жоопкеричилик менен мамиле кылганыңдан улам болду. Ошондуктан сен менин эмчектеш балам болбосоң да, эмгектеш балам болуп калдың”,-деп айтты эле. Чыны менен ал киши жалаң эле сахнада эмес, жашоодо да энелик мээрими менен өз эне катары турмушта жол көрсөткөнадам болгон. Атүгүл үй-бүлөдө да өйдө-төмөн болуп калса өзүнүн акылын айтып, туура жолго салып кеңеш берип турар эле.

Атагы алыска таанылган, кайталангыс таланты менен көпчүлүк элдин жүрөгүнөн орун алган, кыргыз эли сыймыктанган Төкөлдөштүн төрт кызынын бири Сабира Күмүшалиева көзүнүн тирүүсүндө Кыргыз мамлекетинде тынчтык, токчулук, ынтымак болсун деп батасын берди эле.

- Элим, калайык калкым! Ишиңер ар дайым ийгиликтүү болсун! Элим, калайык калкым аман болгула. Жергебизде тынчтык, молчулук болсун! Буга да кудайга шүгүр. Ушуга да ушунча ыраазымын. Ооми-ин, балакетиң алайындар!


Кыргыз эл баатыры, көрүнүктүү актриса Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Бишкек шаарына улай жайгашкан Төкөлдөш айылында жарык дүйнөгө келген.

Фрунзедеги педтехникумду бүтүрүп, 1932-жылы башталгыч мектепте мугалим болуп иштеп, 1934-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Токтоболот атындагы Улуттук кыргыз драма театрында чыгармачылык менен эмгектенип келген.

2007-жылы 15-сентябрда 91 жаш курагында дүйнө салган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG