Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

23-сентябрда Улуттук тарых музейинде Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган көргөзмөдө Алай ханышасынын өз колу менен сайган саймасы көрөрмандардын кызыгуусун туудурду.

“Курманжан датка – доор инсаны” деген аталыштагы көргөзмөдөгү экспонаттардан өзгөчө көңүлгө урунганы 1886-жылы Курманжан датка саймасын сайып, небересине сеп кылып берген туш кийиздин бөлүгү болду. Аны кезинде Датканын урпактары тарых музейине алып келип бериптир.

- Бул туш кийиздин бөлүкчөлөрүн туштук деп Курманжан датканын урпактары пайдаланышыптыр. Анатациясына караганда "бул саймаларга Курманжан датканын колу тийип, өзү да кошо сайышкан" деп айтылып жүрөт. Ошол кезде небересинин себине берилген туштук деп көргөзмөгө биринчи жолу коюп жатабыз.

Курманжан датканын үй-бүлөсүнө таандык такыя
Музейдин кызматкери Октябрина Урманбетова белгилегендей, Курманжан датканын үй-бүлөсүндө пайдаланып жүргөн кеп такыяны жана шайыдан жасалган туш кийиз, коюлган экспонаттардын дээрлик бардыгы XIX кылымдын соңуна таандык Алай өрөөнүнөн алынып келинген буюмдар.

Тарых музейинин баяндамачысы Өмүрбек Самудинов Кокон хандыгы, Алымбек датка тууралуу жана Курманжан датканын ишмердүүлүгүнө байланыштуу өткөн кылымдын башталышында Орто Азиядагы окуяларды күбөлөндүргөн сейрек документтердин көчүрмөсү да экспонаттардын катарынан орун алганын айтты:

- Бул жерде Санкт-Петербургдун, Ташкенттин архивинен алынган түп нускалары эмес, көчүрмөлөрү. Бул Курманжан датканын орус бийлиги менен мамилелерин чагылдырган жана ошол доордогу маанилүү документтер. Курманжан датка түздөн түз байланышкан түп нуска сүрөт бар. Аны өз доорунун атактуу инсаны, финландиянын мурдагы президенти Карл Маннергейм тарткан.

Карл Густаф Эмил Маннергейм (оңдо) менен түшкөн сүрөт
Карл Густаф Эмил Маннергейм теги швед, Финляндияда ак сөөктүн үй-бүлөсүндө төрөлүп, Орусиядан жогорку аскердик окуу жайды бүтүргөн. Анын өмүр таржымалындагы урунттуу окуялар болуп 1906-1907-жылдары Борбор Азияга жасаган экспедициясы айтылып жүрөт.

Ошол маалда Алай өрөөнүнө барып, 95 жаштагы Курманжан датканы небереси менен жана атка мингизип сүрөткө тартып алган. Ал 1944-жылы Финляндиянын президенти болгон.

Музейдин реставрация бөлүмүнүн башчысы Батма Абасканова Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган көргөзмөгө Алай ханышасына тиешелүү маанилүү буюмдардын сүрөттөрү коюлбай калганына өкүндү.

- Орусиядан алып келе турган эң негизги буюм Курманжан даткага орус падышачылыгы тарабынан берилген бриллиант чегерилген алтын билериктин жана алтын сааттын сүрөттөрү эле. Тилекке каршы каражаттын жоктугунан учурунда алып келип, көргөзмөгө койо албай калдык. Ал буюмдар кайда экени белгисиз. Бирок сүрөттөрү Орусияда бар. Ошону алып келгенге чамабыз жетпеди.

Курманжан датканын буюму
Батма Абасканова али да болсо эл арасында XVII-XIX кылымга тиешелүү баалуу сейрек буюмдар, китептер табыларын айтып, аларды музейге экспонат катары тапшырышса, келечек муундар үчүн баа жеткис мурас болот эле деген ойдо.

- Элдин арасында баа жеткис буюмдар болушу мүмкүн. Бирок азыркы заманда руханий дөөлөттөн материалдык кызыкчылык өйдө туруп жатканда тарых музейи экспонаттарды алардын оюндагыдай акчага сатып алууга чамасы чак. Ошондуктан көпчүлүк буюмдар арзыбаган күнүмдүк акчага чет элдиктерге сатылып кетүүдө. Эгерде ошондой баалуу, тарыхый буюмдары бар адамдар келечек муундар үчүн, мамлекеттин тарыхы үчүн деген патриоттук сезими болсо, алып келип берет деген үмүттөмүн.

“Курманжан датка – доор инсаны” деген аталыштагы көргөзмөдө XVII-XIX Борбор Азиядагы окуяларга, Кокон хандыгы, Алымбек датка тууралуу да тарыхый документтер, сейрек сүрөттөр коюлган. Бул иш-чара октябрь айынын биринчи жарымына чейин өткөрүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG