Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Жабыркаган төрт үй-бүлө “Семетей” мейманканасына жайгаштырылды


Кырсыктан кийинки көрүнүш.
Кырсыктан кийинки көрүнүш.

Авиакырсыкта жабыркаган төрт үй-бүлөнүн 20 мүчөсү Бишкектеги “Семетей” мейманканасына жайгаштырылды. Төртөө чоң кишилер, 11и балдар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар ысык тамак, жуунуучу каражаттар жана башка керектүү буюмдар менен камсыздалды.

16-январда эртең менен Боинг-747-400 үлгүсүндөгу жүк учагы Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Андан 38 адам көз жумуп, 26сы жараат алды. Кыштактагы ондогон үйлөр кыйрады. Учак май алмаштыруу үчүн конууга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.

Өкмөттүн чечими менен үйсүз калгандар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG