Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Талкууга түшкөн кыргыз тили


23-июнда бир катар уюмдар Кыргызстан президент Роза Отунбаеванын кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча демилгесин колдоого алган кайрылуу таратты.

Кыргызстан элдери Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы мамлекеттик тилди башка улут өкүлдөрү билүүгө тийиш деген ой айткан. Мындай билдирүүнү өзгөчө орус тилдүү маалымат каражаттары сынга алууда.

“Кыргыз тили” коому өлкө башчысынын тилди өнүктүрүү сунушун колдоорун жарыялады. Аталган коомдун президенти Раимжан Курбанов:

- Жалпы коомчулукту бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биригүүгө чакырабыз. Кыргызстанды мекендеген бардык улуттар мамлекеттик тилди мыкты билсе, эл биримдигине жана ынтымагына шарт түзүлөөр эле.

Кыргызстан элдери Ассамблеясында Роза Отунбаева башталгыч класстарды бүткөн ким болбосун кыргыз тилин билүүгө тийиш экенин айткан. Андан тышкары мамлекеттик тилди билүү замандын талабы экенин тастыктаган.

- Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун өкүлдөрү чечкиндүү түрдө кыргыз тилин окушу керек. Жок, кыргыз тили деп окубай кайдыгер болсо, четте кала берет. Парламент, шаарлар, облустук акимчиликтердин бардыгы бүгүн кыргыз тилине көчтү. Ал эми кыргыз тилин билбеген кызматкерлер эч жакка кабыл алынбайт. Ошону менен бирге кыргыз тили канчалык маанилүү экендигин билип, башталгыч класстарды толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүү керек деп да чечкиндүү талап койдум.

Президенттин билдирүүсүн өзгөчө орус тилдүү маалымат булактары кызуу талкууга алышты. Алардын айрымдары “Кыргызстандын өлкө башчысы орус тилин үйрөнүүдөн баш тартуу сунушун жарыя кылды”,- деп маалымат таратса, кээ бири “учурда Орусияда болжолдуу 600 миңден ашык кыргыз иштеп жүрөт, алар жумушка орношууда сөзсүз орус тилин билүүсү керек. Кыргыз президентинин жогорудагыдай билдирүүсүнөн кийин эмне болоор экен?”, - деп суроо коёт.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “кыргыз тилин гана үйрөнгүлө деген мажбурлоо көптөгөн башка улут өкүлдөрүнүн башка жакка көчүп кетүүсүнө себеп болот”, - деп билдирүү таратты.

- Бул деген билимсиздик, биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Мен жакында эле Финляндия менен Татарстанда болуп келдим. Ал эки өлкөдө тең мамлекеттик эки тил бар. Маселен, Татарстанда орус жана татар тили. Бардык гезит-журналдар, жарнамалар, иш кагаздары эки тилде жүрөт. Эли биз сыяктуу тилди саясатка айлантпастан тынч, ынтымакта эле жашап атат. Өзгөчө ЖК залында орус тилде сүйлөй баштасаң, ким бирөөлөр кыжырданып, жек көрө баштайт. Мен ошон үчүн ушундай кайрылуу менен чыктым.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков “ушундай шартта кыргыз тилинин маселесинен көйгөй издөөнүн зарылчылыгы жок”,- деп белгилейт.

- Президент расмий тилге басмырлоо болсун деп айткан жок. Ал мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарыл, себеби кыргыз тили улуттарды ынтымакка чакыра турган тил деп жатат. Анан албетте тилден саясат издеген адам - Кыргызстанга жакшылык каалабаган адам болуш керек.

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары 1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Бирок, адистердин баамында, ал 22 жыл арасында коомдук-саясый турмушка кеңири сиңип кете албады.

Ортодо саясатчылар тилди айрыкча Орусия менен карым-катнашында саясый сооданын куралына айландырып, анын шыр өнүгүшүнө кедергисин тийгизди дешет байкоочулар. Ошентсе да кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз тилине дит баккан башка улут өкүлдөрдүн саны артып баратканы, саясий иш-чаралар аз-аздан болсо да мамлекеттик тилге көчө баштаганы көзгө урунат.
XS
SM
MD
LG