Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жүз жылдыгынын урматына 14-майда Улуттук китепканада чыгармаларынын көргөзмөсү ачылып, ал жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

Кыргыз эл баатыры, улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду жакындан билген замандаштары аны кыргыз үчүн күйгөн, мекенчил инсан катары баалап, кезинде ошол улутчул көз карашы үчүн азап тарткан калемгер эле деп калышат. Сөз чебери өмүрүнүн акыркы мезгилинде жазган китебин “Мен миң жыл жашадым” деп атаган. Мында, улуу сүрөткердин эстетикалык чен-өлчөмү, дүйнө кабылдоосу, сезүүсү, туюуму камтылган.

Филология илимдеринин доктору, профессор Абдылда Мусаев жакында “Миң жыл жашаган Түгөлбай Сыдыкбеков” аттуу макаласын жарыялап, анда залкар калемгердин бейнесин азыноолак ачып бергенге аракет кылган.

Илимпоздун айтымында, Түгөлбай Сыдыкбековдун турмуштук көз карашын, чыгармачылыгын иликтеген көлөмдүү эмгектер жокко эсе.

- Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылык портретин жана көп кырдуу ишмердүүлүгүн, биринчи иретте сүрөткерлик ишмердүүлүгүн иликтеген эмгектер дээрлик жокко эсе.

Абдылда Мусев белгилегендей учурунда Түгөлбай Сыдыкбековго дагы жалпы Совет адабиятындагыдай Коммунисттик идеологиянын, диктаттын нугунда мамиле кылынып келген.

-Түгөлбай Сыдыкбековдун кандайдыр бир маселелерди ачык, тикелей койгондугунан улам 70-жылдардын тегерегинде анын чыгармачылыгы дээрлик изилденбей калган. Адабият таануу дагы, адабий сын багытындагылар дагы оң же терс пикирин айтпай оолактап, бир топ мезгил жүрүп калган да. Бу киши ошол кезде бийлик менен дагы ачыктан-ачык карама-каршылыктарга барып, акыйкат сөзүн айтып турган. Түкөмдүн көз карашы, турмуштук позициясы, философиясы өзгөргөндөн кийин ошонун барыдгы чыгармачылыгында дагы чагылдырылган.

Тарыхый булактарга караганда жазуучу, публицист Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине кайрылуу кат жазып, анда 1984-жылы советтик бийликтин катаал цензурасынан өтүп жарыяланган расмий Кыргызстандын тарыхы боюнча китепте Эне-Сай кыргыздарынын тарыхы таптакыр четке кагылганына каршы чыккан. Бул анын бийликтин туура эмес саясатына карата сын көз карашын билдиргенинен бир эле мисал.

67 жыл калемин колунан түшүрбөй эли-журту үчүн опол тоодой эмгек кылган залкар жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу өлкөдө коомдук кырдаал өзгөргөндөн кийин кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы келип чыкканын белгилеген профессор Абдылда Мусаев улуу сүрөткердин 1982-жылы басмадан чыккан “Мезгил сабактары” деген китебинде туулган күнүн кантип тактап алгандыгы тууралуу жазылганын айтты.

- Түгөлбай Сыдыкбеков энесинин айтканы боюнча болжоп менен 1912-жыл деп тактап алган. Анын энеси “кой төлдөп жаткан мезгилде төрөлгөнсүң”, - деп айтчу экен. Анан ал 15-апрелден 15-майга чейин койлор төлдөйт эмеспи деп бир баракты 30 бөлүкчөгө кесип, ар бир күндү жазыптыр. Аны бүктөп кайнатасынын тебетейине салып туруп аралаштырып, ошондо беш-алты жаштагы Динара деген кызына сунуп туруп, бирди алып чык дептир. Динара бир кесим кагазды алып чыкса 14-май деп жазылыптыр. “Мына ошентип 14-майды туулган күнүм, 1912-жыл туулган жылым деп аныктагам”,- деп эскерүүсүндө жазып атпайбы.

Ошентип быйыл Кыргыз эл баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, залкар жазуучу, коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдык мааркесин өткөрүү боюнча вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекованын жетекчилиги астында өкмөт атайын комитет түзгөн.

Залкар жазуучунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 14-майда Кыргыз улуттук университетинде «Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер, XX кылымдын Бакайы» темасында илимий-практикалык конференция, Мамлекеттик тарых музейинде жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча көргөзмө, Улуттук китепканада китептер көргөзмөсү жана Кыргыз улуттук драма театрында салтанаттуу жыйын өттү.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” сыяктуу 14 роман, бир нече ыр, поэма жазган.

Ал «Манас», “Семетей” эпосторунун үч томдугунун редакциялоого жана басмадан чыгарууга дагы зор салым кошкон. Улуу калемгер 1997-жылдын 19-июлунда 85 жаш курагында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
XS
SM
MD
LG