Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Жаш режиссер Наргиза Маматкулова тарткан “Жымжырт” аттуу кыска метраждуу тасма Дубайда өткөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн IX эл аралык кинофестивалында “Мыкты режиссердук эмгек" жана калыстардын атайын сыйлыгына ээ болсо, Бишкекте өткөн эл аралык фестивалда “Эң мыкты тасма” деген сыйлыкка татыктуу болду.

Тасма “Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы” деген жазуу менен башталат. Андан соң ак кар баскан кыргыз айылдарынын биринин жалпы көрүнүшү. Айлана жымжырт.

Түшкү маал. Жупуну бөлмөнүн ичинде он жаштагы бала сыналгыны тиктеп отурат. Кара сыналгы болсо чыбырчыктап жакшы көрсөтпөйт. Тышта чоң энеси отун майдалап жатат.

Бала жылуу кийинип сыртка чыгып, дубалда сүйөнүп турган шаты менен жогору көтөрүлөт. Тамдын аппак кар баскан, из түшпөгөн чатырына чыгып, антеннаны ары-бери бурайт. Кара сыналгы тунук көрсөтүп калат. Бала мультфильм көрүп отурат.

Чоң энеси сырттан отун көтөрүп келип, мешке от жагат. Чоң эне менен неберенин бейкапар жашоосу.

Бир кезде экөө сыртка чыгышат. Кар баскан бир аяк жолдо чоң эне небересин чанага сүйрөп алган. Айлана мемиреп тынч. Экөөнүн дабышы менен чоң эненин күмүш чачпагынын шылдыраганы гана угулат. Кошуна келиндикине барып, бир литрдик айнек идишке сүт куйдуруп алышат.

Чоң эненин уул-келини банктан кредит алышып, аны төлөй албай, Орусияга иш издеп кетишкен. Бала менен чоң энеси үйүнө кайтып келишип, жылуу үйдө өз тирлигин улантышат. Жымжырттык баскан айылдын жалпы көрүнүшү.

Бир кезде банктын кызматкери келип, кредиттин мөөнөтү өтүп кеткенин эскертип, үйүндөгү баалуу буюмдарды алып кетерин айтат. Чоң эне үндөбөй банктын кызматкеринин талаптарын аткарат.

Бала акырын сыртка чыгып, бубак баскан терезеден үйдүн ичиндегилердин кыймыл-аракетине көз таштайт. Банктын кызматкери кара сыналгыны алып чыгып, каалганын жанында айласы кетип отуруп калат. Көрсө, бала анын тери өтүгүн тамдын чатырына ыргытып жибериптир. Ал шатыга чыгып барып, өтүктү алып, тиги кызматкердин алдына ыргытат.

Айылдын жалпы көрүнүшү. Баягы чоң энеси менен ары-бери каттаган бир аяк жол менен банктын кызматкери чанага кара сыналгыны салып алып, аялдамага баратат. Артынан чоң эне менен бала ээрчип алган.

Аялдамада машине күтүп турушат. Бала эки жакты карап, ичинен сызып отурган. Бир кезде банктын кызматкери кол баштыгынан жүз аарчысын алып жатканда чоң энесинин күмүш чачпагына көзү түшөт. Чоң энесинин эки өрүм чачын караса, баягы шылдырап, жылаажындай добуш чыгарган күмүш чачпагы жок.

Ошентип банктын кызматкери чоң эне менен неберенин караан туткан кара сыналгысын, ыйык туткан чачпагын алып шаарга кетет. Чоң эне менен бала жымжырттык баскан айылда калышат.



Философиялык ой камтыган “Жымжырт” тасмасынын маани-маңызы кыскача ушундай. Тасманын эмне үчүн “Жымжырт” аталып калганын жаш кинорежиссер Наргиза Маматкулованын өзүнөн уксак.

- Тынч жаткан жашоочусу көп эмес айылдагы турмуш. Каармандар жашаган үй да ызы-чуусу жок, тынч үй. Ал эми телевизор болсо өкмөттүн символу. Ошол өкмөт менен коомдун ортосундагы байланыш үзүлүп баратат. Коом өзүнчө, жашоочулар өзүнчө, өкмөт өзүнчө... Мына ошолордун ортосундагы жымжырттыкты көрсөтөйүн дегем.

Адам жашоосунун жымжырттыгына банктын кызматкери келип, бүлүк түшүргөнү менен табийгаттын жымжырттыгы бузулбайт. Көпчүлүк айыл сыяктуу андагы жашоо улана берет. Ошол эле мезгилде бул тасмада азыркы коомдун жүзү айдан ачык көрүнүп турат.

- Тасманын идеясы мага төрт-беш жыл мурда эле келген. Бул социалдык да тасма болуп кетет. Кинонун сюжетин мен оюман чыгарган жокмун. Болгон окуя. Мен аны көркөмдөп сценарий абалына келтирип, экрандаштырдым. Анткени биздин көрүүчүлөр көбүнчө заңгыраган эки кабаттуу үйлөрдү, кымбат баалуу машинелерди, бай жашаган бардар турмушту, көйгөйлүү маселени чагылдырбаган кинолорду көргүсү келет.

Балким мени айрымдары сындашаар, “кыргыздын жашоосунун терс жактарын чет өлкөгө көрсөтүп, фестивалда сыйлык алды” деп. Мен турмуштагы жашообуздун чындыгын көрсөттүм. Мындай көйгөй башка өлкөлөрдө деле бар. Мен бул тасмадагы башкы каарман кичинекей бала аркылуу өлкөнүн башынан өткөрүп жаткан окуяларды чагылдырайын дедим. Коомдун азыркы жасап жаткан иштери эртеңки күнү келечек муундардын мойнуна жүк болуп асылып, кандай жоопкерчиликке алып келет? Эртеңки муунга кандай мурас калтыра алабыз деген ой болчу.


Учурда Кыргызстанда тасма тартуу оңой иш эмес. Ага каражат, кинотехникаларды табуу кыйла татаал, кыйла көп түйшүктү жаратат. Жаш режиссерго Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы бардык жактан колдоо көрсөтүптүр.

- “Жымжырт” фильми Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясына мамлекет бөлгөн каражаты аркылуу тартылды. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, “Кыргызфильмдин” директору Таалай Кулмендеев бизге абдан чоң жардамын көрсөттү. Анткени ал “силер эмне кааласаңар ошонун баары болот, бардык шартты түзүп берем, силер жакшы фильм тарткыладеп, биздин ишибизге кийлигишкен жок. Колунан келген жардамын берди.

Наргиза Маматкулова сыйлык алууда, Дубай шаары

Наргиза Маматкулова сыйлык алууда, Дубай шаары

​9-16-декабрда Дубайда өткөн кыска метраждуу тасмалардын IX эл аралык кинофестивалында 61 мамлекеттен 158 тасма көрсөтүлгөн. Бул фестивалга катышууга 2100 тасма жолдомо жиберип, 158 тасма эле тандалып алынган. Калыстар тобу “Жымжырт” киносун жараткан Наргизага “Мыкты режиссердук эмгек" жана калыстардын атайын сыйлыгын бекер жерден тартуулабаса керек.

Эл аралык фестивалдарда тасманын көркөмдүк деңгээлине, сюжетине, маани-маңызына өзгөчө баа берилип, мен деген дүйнөлүк кадыр-баркы бар кино ишмерлер калыстар тобуна мүчө болушат.

- Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалына жюри болуп, англиялык белгилүү киносынчы Марк Адамс, Эмираттагы биринчи аял режиссер, абдан абройлуу Найла ал-Хажа, “Миллионер из Трущобыдагы” актриса Фрида Пинто калыс баасын беришти.

Ошондогу сыйлык алган учур Наргизанын турмушундагы эсинен кетпес кубанычтуу окуялардын бири болуп каларын ал күтпөптүр.

Адам жашоосунун жымжырттыгына банктын кызматкери келип, бүлүк түшүргөнү менен табийгаттын жымжырттыгы бузулбайт.

- Сыйлык бере баштаганда адегенде “Мыкты режиссура үчүн” деген сыйлыкты окуп атып, “Наргиза Маматкулова” дегенди укканда чындыгында аябай толкунданып кеттим. Башкача сезимдер пайда болду. Сахнага чыгып, сыйлыгымды алып, ыраазычылыгымды айтып кетип баратсам, уюштуруучулардын бири “токтой тур” деди. Мен түшүнбөй эле аны карап калдым. Сахнанын артына барып ал жактан документке кол койот экен. Ошол жакка барып кол коюп атсам, жюрилердин атайын сыйлыгы деп менин фамилиямды окуп атышпайбы. Сахнанын артынан чыга калдым. Бардыгына абдан күтүүсүз болду.

Дагы айта кетүүчү нерсе, ошол Дубайда жүргөн акыркы күндөрү 15-декабрда бул жакта Бишкекте “Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” деген эл аралык кинофестиваль өтүп жаткан. Анан мага электрондук дарегиме “Фестивалда мыкты тасма деген сыйлыкка татыктуу болдуң” деп жазып жиберишиптир. Менин кубанычым өзгөчө болду. Чет мамлекетте алган сыйлыктан да өз өлкөңдө алган сыйлык абдан баалуу болот экен. Башкача сезимди жаратат экен.


Ошол “Жымжырт” тасмасына Дубайда сыйлык ыйгарылган күнү Бишкекте да II жолу өткөрүлгөн “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” сыйлыгына татыктуу болгон. “Эл аралык фестивалдар жаш режиссерлордун чыгармачылык өсүшүнө өзгөчө таасир берет”, - дейт Наргиза.

Бир кезде “Кыргыз керемети” аталган кыргыз киносунун келечегине анчейин ишеним артпагандар да бар. Наргиза Маматкулова болсо кыргыз киносунун келечегинен үмүтү зор экенин жашырбады.

- Кыргыз киносунун келечеги абдан кең. Мен сырт жакта Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын, Азербайжандын киночулары менен жолугуп сүйлөшүп калганда байкадым. Алардын айткандарына салыштырмалуу бизде кинонун өсүп бараткан темпи абдан эле жакшы экен.

Мисалы, бизде кыска метраждуу тасмалар, автордук фильмдер, коммерциялык кинолор тартылып жатат. Алар да өзүнүн нугунда алдыга кетип баратат. Каалаган адам, каалаган темасын тарта алат. Бизде сөз эркиндиги деген эркиндик бар экенине көзүм жетти. Демек кыргыз киносунун келечегине үмүт менен караса болот.


Наргиза Маматкулова Панфилов районундагы Кум-Арык айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин Телерадио жана кино өнөр бөлүмүнө окууга кирип, белгилүү кино ишмерлер Артык Сүйүндүков, Талип Ибраимов, Асан Иманалиевден таалим алган.

Ал студент кезинде эле кыска метраждуу “Жашагым келет” аттуу фильмди тартып, Азербайжандагы, Казакстандагы, Швециядагы, Түркиядагы, Польшадагы, Италиядагы эл аралык кинофестивалдарда сыйлыкка татыктуу болот. Анын “Топташ”, “Сөйкө” деген тасмалары да АКШ, Тайланд, Франция, Австрияда байгелүү орундарды ээлеген. Учурда Наргиза Маматкулова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде иштейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG