Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

18-июнда белгилүү манасчы жана коомдук ишмер Уркаш Мамбеталиев күтүүсүз каза болду.

Манасчы, төкмө акын, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу Сапарбек Касмамбетов замандашы, айтылуу манасчы Уркаш Мамбеталиевди эскерди.

– Курдашыңыз, замандашыңыз, чыгаан манасчы Уркаш Мамбеталиевдин арты кайырлуу болсун.

- Эми ажалга айла жок экен, арты кайыр болсун.

Сиз Уркаш аба менен көп жылдардан бери үзөңгүлөш жолдош болуп жүрүп, жакындан жакшы билчү элеңиз. Ал киши "быйыл 75 жашка чыктым" деп баскан-турганы тың эле жүрдү эле. Мурда жүрөгүм же бир башка жерим ооруйт деп айтчу беле?

- Ал билинген эмес. Анын аденома деген оорусу бар эле. Кээде кармай калчу. Өткөндө Соң-Көлдө “Манас жер” деген кароо сынак болуп, ошол жерге барганда ооруп, саарасы токтоп калып, догдурлар жардам берген. Андан кийин абдан тың, жакшы эле жүргөн. Эч качан “бир жерим ооруп атат” деп даттанганын уккан эмесмин.

Уркаш аба Кыргызстандагы манасчылардын алдыңкысы эле. Анын сейрек кездешүүчү талантына кандай баа бересиз?

- Мен Уркаштын талантына таазим кылам. Ал бир дагы университет, институтту бүтпөй, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктагандан баштап такай “Манастын” аркасынан сая түшүп, жалаң манасчылык өнөрдү колуна кармап, өзүнүн акындык дареметин элге көрсөтө алды.

Өнөрүнүн арты менен Эл артисти деген наамга, кадыр-баркка жетти. Уркаш улуу талант эле. Анын адамгерчилиги жогору бөтөнчө жан эле. Өзү апенди чалыш, чогуу жүргөндө чукугандай сөз таап, өткөн-кеткенден кеп салып, бирөөгө жамандыгы жок, өтө карапайым, жөнөкөй адам эле. Абдан жакшы инсан болчу.

Уркаш аксакал бала кыял, ишенчээк адам болчу деп айтып калышчу эле.

- Ооба, жаш баладай өтө ишенчээк адам болчу. Бир жолу айтылуу Асангул куудул филармонияга жумушка барып, “ой, Уркаш, сени чоңдор издеп таппай жүрбөйбү. Сен Түркияга барат экенсиң. Паспортуңду алып, түрктөрдүн элчилигине бара кал” дептир. Уркаш болсо шашкалактап үйүнө барып, паспортун алып Түркиянын элчилигинин жанында кечке жүрүптүр. Филармониядагы кесиптештери анын жанына отуруп алып, аркы-беркини айттырып, боорлору эзилип, кыраан-каткы болуп күлүп атышчу.

Уркаш аксакал “Манас” эпосун Саякбайдын, Сагынбайдын вариантын жаттап алып айтат экен деген имиш сөздөр да айтылып кетти эле. Ушунун чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- “Эл оозунда элек жок” дегендей, ар кандай имиш сөздөр айтыла берет. Эгерде адамда жылоологон шык болбосо эч качан “Манас” айта албайт. Миң жаттаган менен анын даремети болбосо айта албайт. Жаттап алып “Манас” айтат деген болбогон сөз. Жаттап алып кыйын болсо бир саат, бир жарым саат “Манас” айтаар.

Уркаштын жаттап алып “Манас” айтат деген оюма да келген эмес. Ал кадимки төкмө акындардай “Манастын” кайсы жери болсо да көбүртүп айтаар эле. Анын жаттап алып “Манас” айтат дегенине такыр ишенбейм. “Манас” айтуу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Уркаштын жаткан жери жайлуу болсун. Анын артында шакирттери абдан көп. Артынан чыккан таланттар көп. Мына азыркы чыгып келаткан жаш манасчылардын бардыгы ошол Уркаштан таалим алышты. Анын баскан-турганын көрдү.

Манасчылык өнөргө кенен жол ачып, “балдар мына бул жерин мындай айткыла, бул жердеги сюжети мындай болот. Ар бир манасчынын өзүнүн кошкон варианттары болот. Кандай гана манасчы болбосун ал кошот. Кошумчасы болбосо ала манасчы боло албайт” деп өзү көрүп калган мурдагы манасчылар тууралуу айтып, шакирттерине жакшы таалим-тарбия берген.

Эми ажалга айла жок тура. Дагы бир залкарыбыздан ажырап отурабыз. Уркаштын жаткан жери жайлуу болуп, жараткан ага бейиштен орун берсин.

- Маегиңизге рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Манасчы Уркаш Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган. Эмгек жолу 1957-жылы Ысык-Көл драма театрында башталган. Кийин Т.Сатылганов атындагы кыргыз филармониясына "Манас" боюнча солист болуп кабыл алынган.

"Манас" эпосун У.Мамбеталиевдин айтуусунда "Манастын колунун Чоң казатка аттанышы", "Колдун жолдо жүрүшү", "Алманбет менен Чубактын жол талашы", "Кичүү казат", "Көкөтөйдүн ашынан" үзүндүлөр Кыргыз Илимдер академиясынын Манас бөлүмүнө кабыл алынган.

Мамбеталиевге 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин президиуму тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG