Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Кыргызча таптаза сүйлөгөн бул кызды караколдуктар "Биздин Маша" деп коюшат.

Каракол университетинин студенти Мария Колесникованын өткөн жумада "Азаттыкка" кымбатчылык тууралуу берген маеги угармандарыбыздын жана окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун туудургандыктан аны кайра кепке тарттык. Жети-Өгүздүн Светлая Поляна айылында туулуп өскөн кыз бул жолу өз үй-бүлөсүнөн тышкары жетиөгүздүк орус тектүү жарандардын турмушу, алардын кыргыздар менен карым-катнашы тууралу кеп салып берди.



“Азаттык”: Мария, өткөндөгү маегиңизден соң сизге биздин угармандардын кызыгуусу артып жатат. Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Ата-энеңиз ким, кайда турушат, канча бир туугансыз?

Мария Колесникова: Мен Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында турам. Ошол жерде төрөлүп, мектепти да ошол айылдан бүттүм. Ата-энем экөө тең орус улутундагы адамдар. Папам болсо өзү деле кичинесинен кыргызча сүйлөчү экен. Менин кыргызча сүйлөп калышым да ошо папамдан болду го.

“Азаттык”: Кыргыз тилин үйрөнүүгө сиздерге эмне түрткү болду?

Мария Колесникова: Билбейм эми... Досторумдун баары кыргыздар. Ошолордун арасында жүрүп, үйрөндүм го. Мектепте окуп жүргөндө эле кыргыз тил мугалимдери ар кандай олимпиада, конкурстарга жибере беришчү.

“Азаттык”: Мектепти бүтүп, шаарга окууга келдиңиз. Эмнеге орус филологиясына тапшырбай, кыргыз филологиясында окуп калдыңыз?

Мария Колесникова: Ата-энем мени англис тилине тапшыр дешкен. Мен аларга каршы чыгып, кыргыз филологиясына тапшырайын дедим. Анан алар дагы каршы болушкан жок “эми өзүңдүн каалооң” депчи.

“Азаттык”: Ошентип жогорку окуу жайына кыргызча сүйлөп эле келип калдыңы, кандай кабыл алышты?

Мария Колесникова: Тестирлөөдөн мен кыргыз тилине салам десем, мугалимдер жүрөгү түштү да. Жанымда папам бар болчу. Анан папам “Ай, салам дегенден кийин, салдыра бербейсиңерби” деп кыргызча сүйлөп койсо, анда да таң калып калышты. Жок эжеке окуйм деп жатып, болбой жатып тапшыргам.

“Азаттык”: Чогуу окуган студенттер кыргыз кызындай эле кабыл алып калса керек?

Мария Колесникова: Башында көнбөй жатышты. Орусча сүйлөп алышат. Анан кайра келип ошону эле кыргызча сурашат. “Башында аябай көнө албай жаттык” деп азыр айтып калышат. Бирдеме деп айтайын дегенде “орусча айтсамбы же кыргызча айтсамбы деп ойлонуп калчубуз” дешет да. Азыр кыргызча эле сүйлөшөбүз. Мени “Биздин Маша” деп коюшат.

“Азаттык”: Окууда маданий иш-чараларга көп катышасыңбы?

Мария Колесникова: Ооба. Көбүнчө көркөм окууларды айттырышат. Шайлообек Дүйшеевдин “Кыргыз тилин унуткандар” деген ырын көп айтам. Ошондон үзүндү айтып берейин.

Кыргызмын дейсиң мага кыйшактап бийлеп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага тамекинин түтүнүн үйлөп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага кыргызча араң сүйлөп туруп.
Кыргыз эмес кыргыздарды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Каада салтын, тарыхын унуткандар.

“Азаттык”: Рахмат. Сизге окшоп, кыргызчаны суудай сүйлөгөн улан-кыздар айылда көппү?

Мария Колесникова: Көп эле. Бирок айрымдары көп сөздөрдү биле беришпейт да.

“Азаттык”: Светлая Полянада орус тектүү тургундар басымдуубу? Алар качан келип олтурукташып калган, тарыхка кызыгып көрдүңүз беле?

Мария Колесникова:
Эми Светлая Поляна деп аты эле айтып тургандай эле, айылда жалаң эле орус улутундагы адамдар жашачу экен. Анан кийин кыргыздар келип, айылга отурукташып калыптыр. Азыр орустардан 20 түтүндөй эле калган. Көбүнчө Россияга, чет өлкөгө көчүп кетти да.

“Азаттык”: Ошол көчүп кеткендерден кайра мекенин, жерин сагынып кайрылып келгендер болдубу?

Мария Колесникова: Кайрылып, коноктоп келишет. Бирок сагынып келдик деп туруп эле, бирок кайра кетип калышат.

“Азаттык”: Азыр айылда кыргыздар менен камыр-жумур болуп аралашып, улутка деле карабай калгансыздарбы?

Мария Колесникова: Ооба. Кыргыздарда ар түрдүү айт, нооруз деген майрамдар бар го. Ошондой майрамдарга биз деле барабыз. Тойлорго орус кыргыз дебей, чогуу барабыз. Бири-бирибизди чакырабыз.

“Азаттык”: Эки улуттун ортосунда кыз беришип, кыз алышып дегендей көрүнүштөр барбы?

Мария Колесникова: Ооба. Биздин айылдан эки орус кыз кыргыз балдарга турмушка чыгышкан. Алардан балалуу болушкан уже.

“Азаттык”: Көлдүн Ак-Суу районунда Отрадное деген айыл бар. Ошол айылда да ушундай орток үй-бүлөлөр көп. Алардын балдарын айырмалоо мүмкүн эмес. Орусча сүйлөп жиберет десең эле, сага кыргызча жооп берет. Сиздерде да көппү ушундай бүлөлөр?

Мария Колесникова: Биздин айылда да бирөө бар болчу. Алардын кичинекей кызы бар. Же толук кыргызга окшошпойт, же оруска окшошпойт. Бирок кичинесинен орусча-кыргызча сүйлөчү. Мындай карасаң келбети кыргызга эле окшош, бирок көзүн карасаң орустуку да .

“Азаттык”: Ошентип да айырмалайсыңарбы?

Мария Колесникова: Эми түшүнбөй каласың да. Кайсы улуттан болду экен деп ойлонуп каласың?

“Азаттык”: Башка жактан келип калган жокпу дегендейби?

Мария Колесникова: Ии.

“Азаттык”: Эгер бир кыргыз жигити сиздин да колуңузду сурап калса эмне кылат элеңиз?

Мария Колесникова: Эми азыр макул болмок эмесмин. Анткени мен азыр окуп жүрөм да. Биринчи орунда азыр окуу да. А бирок кийинчерээк сураса, балким макул болмокмун, билбейм. Ата-энем эмне дейт, аларды да укмакмын.

“Азаттык”: Ала качып кетсечи?

Мария Колесникова: Жок. Ошол салт такыр жакпайт мага. Калбайт элем мен. Билбеген кишиге кантип каласың. Мен каршымын ошол салтка. Менин группалаш кыздармды көп ала качышат. Калбайм деп жатып эле, акыры ата-энелерине каршы чыга албай калып калышат.

“Азаттык”: Айылдын жаштары эмне менен алек болушат?

Мария Колесникова: Көбүнчө ата-энелер айылда калат. Жаштар шаарга чыгып, иштешет. Айылга келгенде достору, классташтары менен жолугуп турушат.

“Азаттык”: Айылда жакшы салт бар он жылдык, жыйырма жылдык дегендей. Силерде бүтүрүүчүлөр ошентип келип турабы?

Мария Колесникова: Ооба. Жылда он жылдык, жыйырма жылдык деп белгилешет. Башка чет өлкөгө кетсе да, жыйырма жылдыктарга келип кетишет. Майрамдаганда, 25-майда линейкага келишет. Анан салт болуп калгандай эле той сыяктуу бир үйгө чогулушат. Таңды тосуп, тоого барып, көлгө барып эс алышат.

“Азаттык”: Айылда калгандар эмне тиричилик кылышат?

Мария Колесникова: Турмуш айыл чарба менен өтүп жатат. Көбүнчө картошка, чөп, майда бараттарды себишет. Мал багышат. Эми бизде кой, эчки, чочко дегендер бар да.

“Азаттык”: Мына азыр эт кымбаттап жатат. Анан Караколдо чочконун эти дайыма баа болот. Азыр анда айыл тургундары байып жаткан турбайбы?

Мария Колесникова: Ооба, бирок чочконун эти кымбат болуп эле байып жатат десек да болбойт. Чочко жем көп жейт. Жем болсо азыр кымбат.

“Азаттык”: Айылда чочко багып калган кыргыздар барбы?

Мария Колесникова: Багып көрүшкөн. Бирок азыр бакпайт.

“Азаттык”: Эмнеге бакпай калышты?

Мария Колесникова: Билбейм эми, жактырбай коюшту го.

“Азаттык”: Нарында бир Унгефуг деген немис киши бар. Ал тынымсейит уруусуна кирип алып, эл менен катышат экен. Силерде да ошондой көрүнүштөр барбы?

Мария Колесникова: Окуудан бир агай “Жети-Өгүздө кандай уруулар бар?” деп сурап калды. Мен тилекмат деген урууну билчүмүн. Ошону айтсам, ал “анда сен ошол тилекмат уруусунансың” деп мени киргизип койду.

“Азаттык”: Тегиңди сүрүштүрө келгенде, анча-мынчаларга ошол урууданмын деп коесуңбу?

Мария Колесникова: Ооба.

“Азаттык”: Келечекте өзүңүздү кандай элестетесиз, өзүңүздү ким деп көрөсүз?

Мария Колесникова: Эми көбүнчө коомдук иштерге көп катышкандыктан өзүмдү коомдо бир орунду ээлеген адамдардын бири катары элестетем. Кыргызстанга кандайдыр бир салым кошкон адамдардын бири катары элестетем.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG