Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Атактуу комузчу жана ырчы Атай Огонбаев бул күүсүн демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен.

Мындан бир нече жыл мурун Вашингтондогу атактуу Кеннеди борборунда, башкача айтканда, Американын эң эле атактуу концерттик залында казактардын мыкты деген элдик музыкалык коллективдери чоң программада концерт берген эле.

Айрыкча Курмангазы атындагы Казакстандын эл аспаптар оркестринин аткарган музыкалык номерлери залдын дүркүрөгөн кол чабууларына арзыган. Ал концертти америкалык музыка сынчылары жаңы бир музыкалык дүйнөнү, уникалдуу маданиятты ачуу катары баалашканы али да эсте.

Ошол cыяктуу дагы бир окуя быйыл апрель айында Нью-Йоркто болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн ар кыл музыкалык коллективдеринен куралган чоң топ Бириккен Улуттар Уюмунун кадимки чоң залында концерт берди. Ошол чоң концертте кадимки Атай Огонбаевдин “Маш ботою” аткарылды. Башка улуттардын музыкалары канчалык угумдуу болсо да, эмнегедир “Маш ботой” Бириккен Улуттар Уюмунун легендарлуу залында укмуштуудай шаңдуу жана көркөм угулду. Ошондо ойго келген нерсе - кыргыз менен казактын музыкалык маданияты бийик жана кооз, ошону менен бирге Европа маданияты менен көп жагынан үндөш экени болду.

Албетте, бул мен ойлоп тапкан нерсе эмес, бул тууралуу ошол эле Европа маданиятынын эң таанымал билермандарынын бири, “Бетховен” деген классикалык эмгектин жана “Жан-Кристоф” аттуу гений музыканттын тагдыры тууралу романдын автору Ромен Роллан ХХ кылымдын башында эле айтып кеткен экен. Кыргыз жана казак музыкаларын эң биринчи нотага түшүргөн Александр Викторович Затаевичке жазган катында Ромен Роллан: “Бул күүлөр мага эч бир бейтааныш же чоочун музыкадай сезилген жок, биздин эле Европанын бир кездеги элдик кайрыктарын, музыкалык флорасын эске салды” деп жазган жери бар.

Айтор, казактардын “Сары аркасы” менен БУУнун чоң залында жаңырган кыргыздын “Маш ботою” америкалык угуучуларды бир чети таң калтырып, экинчи жагынан Европа маданиятынын ички методикалык структурасына жакындыгы үчүн жүрөккө жакын сезилген чыгармалар болду. Бул тууралуу Стэнфорд университетинин профессору Алма Кунанбаева да абдан терең пикирин билдирген эле: “…кээ бир күүлөрдү ойдогудай кылып иштеп чыккан киши болгондо кадимки эле Бетховендин симфониялары чыга келмек”.

Демейде “Маш ботойду”, ушул улуу күүнү, башкача айтканда кыргыздын элдик маршын элдик ансамблдеринин аткаруусунда угуп келсек, БУУда аны ар кандай республикалардын артисттеринин кошмо оркестри элге тартуулады. Ошондогу концертти өз көзүм менен көргөн жана уккан киши катары айтаар элем: “Маш ботой” чоң залдагы көрүүчүлөрдүн кулагына да жаккан, көзүн да сүйүнткөн музыкалык номер болду. Атайдын гениалдуу күүсү бир чети таң калтырды, уккандардын дуулдаган кол чабуусуна арзыды. Анын шамал менен тең жарышкан сай күлүктүн чабышындай дуулдаган ритми, ар бир кайрыгында кулактын моокун кандырган темпи америкалыктарды, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген дипломаттарды, журналисттерди ыраазы кылып, эстетикалык рахат тартуулаганына өз көзүм менен күбө болдум.

Эми күүнүн кыска тарыхына кайрылалы. Атактуу комузчу жана ырчы Атай Огонбаев бул күүсүн демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен. Кийин филармония иштеп калгандан кийин комузчулардын ансамблин түзүп, ал ансамблдин репертуарына Атай биринчи кылып ушул ”Маш ботоюн”, андан соң кадимки Айдараалы жөргөлөктүн “Көйрөң күүсүн” киргизген дешет. ”Маш ботойдун” ушунчалык шаңдуу жана кайрыктарынын кооздугун байкаган профессионал композитор Феферман аны атайын оркестр үчүн кайра иштеп чыгып, бул чыгарманын азыркы угулушу ошентип жаралган экен. Кийинчерээк улуу дирижер Асанкан Жумакматов аны бир катар жаңы элементтер менен толуктап, айрыкча кода деп аталган бөлүктөгү кошумча музыкалык теманы кыябына келтире аткартып, финалдагы кайрыкка “оп-па” дегенди коштуруп, натыйжада азыр биздин кулагыбызга жат болуп калган, бизге эле эмес, бүт дүйнөгө таралган “Маш ботой” пайда болгон. Чын-чынына келгенде Атайдын ушул күүсүндөй профессионалдуу оркестрлештирген кыргыз күүсүн эч бир таба албайбыз. Бул күүнүн чыныгы шааниси жана мааниси быйылкы жылы Чолпон-Атада өткөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк экинчи оюндарында миң кишинин катышуусу менен аткарылганда бир чыкты окшойт чиркин. “Маш ботой” чыныгы элдик марш, элдик гимн экенин ошондо дагы бир жолу билдик го.

Баса, азыр Карамолдо Орозов тобу аткарып жүргөн күүлөрдүн көпчүлүгү өтө алгылыксыз оркестровкаланган. Көп чыгармаларда эптеп эле күүнүн мотивин механикалык түрдө кайталагандан башка эч нерсе сезилбейт да, угулбайт. Маселен, Токтогулдун “Миң кыялы” ушунчалык тез жана шашып ойнолгондуктан, ушундай алгылыксыз, талантсыз оркестровканын деле кереги бар беле же жок беле деген ойго келесиң.

Бирок “Маш ботойдун" багы бар экен, дал ошол Феферман менен Жумакматов жасап кеткен кереметтей кооз оркестровкасы бар үчүн Америкадан баштап Ыраакы Чыгышка чейин, Москвадан тартып Нью-Йоркко чейин кимди да болсо дуулдата алакан чаптырып келатат.

Жакында эле таланттуу кыргыз пианисти Азамат Садыков бул күүнү фортепьяно үчүн иштеп чыгып, Нью-Йорктогу атактуу Карнеги-холлдо угуучуларга тартуулады. Ал гана ага атайын видеоклип жасап, ал клипте “Маш ботойдун” Парижден тартып Вашингтонго чейин шаңдуу жаңырган гениалдуу кыргыз күүсүнүн маанисин дагы бир жолу көрсөтө алды.

Ошентип, бүгүнкү күндө “Маш ботой” кыргыз музыкасынын жүзүн көрсөткөн, деле элибиздин байыртан келаткан учкул оюн жана тилегин чагылдырган, эч качан бирөөгө баш ийип көрбөгөн, эркиндик менен руханий тазалыкты пир туткан улуу эл экенин көрсөткөн дүйнөлүк хитке айланды десек туура болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG