Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Кыргыз фольклор жыйноочуларынын акыркы могиканы


Маркум Буудайбек Сабыр уулун акыркы сапарга узатуу, 26-апрель.

Маркум Буудайбек Сабыр уулун акыркы сапарга узатуу, 26-апрель.

24-апрелде Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 78 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды.

Маркумдун сөөгү 26-апрелде Байтик айылынын жанындагы көрүстөнгө коюлду.

Сагымбайдын “Семетейи” китеп болуп чыкпаганына арманы күч эле


Буудайбек Сабыр уулу “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине көп келип, элдик оозеки чыгармаларды кандай шартта, кайсы мезгилде чогултканын кеп кылып калаар эле.
Маркум Буудайбек Сабыр уулун акыркы сапарга узатуу, 26-апрель.

Өткөн жылы ноябрь айында кеңсеге баш багып, мындан 26 жыл мурда Нарын районунун Жан-Булак айылынан Сагынбай Орозбаковдун айтуусу боюнча Семетей эпосунун араб тамгасындагы кол жазмасы табылганын, аны Улуттук илимдер академиясына тапшырышканын, бирок ошол Сагынбайдын айтуусундагы Семетей өзүнчө китеп болуп чыкпаганына кейип-кепчиген эле:

- Биздин экспедициянын жетекчиси Кубат Ибраимов келип Илимдер Академиясына ошол кол жазманы тапшырганда, директор айтыптыр, “аз суммадагы акчаны айтып, ошого макул болсо алгыла, макул болбосо кайра жибергиле”,- деп. Мен айттым, “аны бекер беришпеди беле, жакшылап иреттеп туруп басмаканага бериш керек”,-дедим. Бирок ошого карабай акча доолайт деп, Тоголок Молдонун вариантына окшош экен деп Кеңеш Кырбашев менен Эсеналы Абдылдаевге рецензия жаздырып, ошону менен текчеге коюп коюптур. Ошондон бери 26 жыл өттү дагы эле текчеде турат. Биздин көзүбүздүн тирүүсүндө өзүнчө китеп болуп чыгып, Сагымбайдын “Семетейи” өзүнө таандык болсо болот эле, -деген болчу Маркум Буудайбек Сабыр уулу.

Буудайбек аксакал болбосо үч миңден ашуун күү жазылбай калмак


Фольклор жыйноочу 40 жылдан ашуун өмүрүн Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, элдик оозеки чыгармаларды, күүлөрдү чогултуп, жыйноого арнады. Кыргыз үналгысынын “Алтын казынасына” үч миңден ашуун комуз, чоор, темир комуз, кыл кыяктын күүлөрүн жаздырган.

Өткөн жылы “Азаттыктын” кеңсесине келгенде мындан бир топ жыл мурда Алайкуудан Датка деген залкар кыякчыны алып келип кыргыз радиосуна 40 күүсүн жаздырганын эскерип айтканы бар.

Ал кийинчерек кыргыз радиосуна барса “Датка кыякчыңдын күүсүн өчүрүп коюшту” дегенде “заманам куурулуп, кыргыздын кайдыгерлигине, мурдунан алысты көрө албай, келечекти ойлобой, күнүмдүк көр-тирликтин кулу болгонуна абдан кейидим эле”,-деген болчу, кайран киши. Кийин Датка кыякчыны кайра чакырып келип 70тей күүсүн радиого жаздырыптыр. Ошол маалда радиодо башкы редактор Жумакадыр Эгембердиев экен.

Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 1957-58-жылдары студент кезинде эл арасынан фольклордук чыгармаларды жыйноо маселесин көтөрүп, Кыргызстан Борбордук Комитетине кат жолдоптур. Ал кездеги республиканын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаков анын демилгесин колдоого алып, эл арасынан кол жазмаларды жыйноого атайын токтом чыгартып, шарт түзүп бериптир. Ошондон кийин “Менин фольклордун артынан түшкөнүмө Искак Раззаков себепчи болгон”,-деп калчу.

Юдахинди колдоп кызматтан айрылганда

Буудайбек аксакал 1960-жылы жаштар журналында иштеп жүргөндө Константин Кузмич Юдахинди колдогондугу үчүн кызматтан алынганын эскерди эле. Ошол жылы Юдахиндин 70 жылдыгы эч бир басылмага чыкпасын деген жогору жактан катуу тапшырма болуптур. Ага карабай Буудайбек аксакал журналдын башкы редактору иш сапары менен сыртка кеткенинен пайдаланып, журналдын үч бетине Константин Кузмич тууралуу сүрөтү менен көлөмдүү макаланы чыгарып жиберет. Буга жаалданган “атка минерлер” башкы редакторду баш кылып Буудайбек аксакалды жана башка бир нече кызматкерди жумуштан алышат.

Анын кесепетинен көп мезгилге чейин кызматка алынбай, колу-жолум бош экен деп отуруп калбай, эптеп жол киресине каражат таап алып, жер кыдырып, элдик чыгармаларды жыйнап келгенин “Турар” басылмасынын директору Тилек Мураталиев мындайча эскерди:

- Бул киши эмгегин соодалашпаган, эл үчүн бекер, көп ишти акысыз жасаган. Жумушу жок, бош калганда дагы жалгыз байбичесинин айлыгына жашап, эч кимден акча албай райондорго, жер-жерлерге барып элдик оозеки чыгармаларды чогултуптур. Анын мындай иши келечек муундар үчүн үлгү.

Тилек Мураталиев Буудайбек Сабыр уулунун “Жомокчулар жана жомоктор”, ошондой эле “Эл шайырлары” аттуу эки китебин 2008-жылы басмадан чыгартты.

Кыргыз фольклор жыйноочуларынын акыркы могиканы

Эгерде Тилек Мураталиев болбогондо белгилүү фольклор жыйноочунун бул чыгармалары жарык көрбөй калмак болчу, деп дагы бир фольклор жыйноочу Тайтөрө Батыркулов баса белгиледи. Анын айтымында, Буудайбек Сабыр уулу үч миңден ашуун күүнү жыйнаган кыргызда жалгыз фольклор жыйноочу болгон.

"Эгерде Буудайбек болбогондо кыргыздын үч миңдей күүсү жазылбай калмак",-дейт Тайтөрө аксакал.

Буудайбек Сабыр уулун жакындан билгендер анын элдик оозеки чыгармаларды жыйноодогу жоопкерчилигин, чын дилинен берилип жасаган ишин азыркы фольклор жыйноочулар жасай алышпастыгын белгилешип, кыргыз фольклорун жыйноочу акыркы могикан дүйнө салганын айтышты.

Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу “Санжырачылар жана уламалар”, “Бабалар баяны”, 2 томдон турган “Кыргыз эл жомоктору” кол жазмалары басууга даяр экендигин кыйытты эле.

Канчалаган баалуу кол жазмалар жарык көрбөй, Улуттук илимдер академиясынын кампасында катылып жатканын айтып, көзүнүн тирүүсүндө ошол баалуу кол жазмаларды чыгарыш үчүн атайын кол жазмалар институту ачылса арманы болбостугун айтканы бар.

Маалыматтарга караганда, Буудайбек аксакал 1933-жылы туулган. Алардын үй-бүлөсү Токмок шаарында турушчу. Атасы Сабыр темир уста болуп узанып жүргөн чакта согуш башталып, Улуу Ата мекендик согушка аттанат. Ал Орусиянын Орла шаарында окко учат. Ошол жылы апасы дагы каза болуп Буудайбекти, беш жаштагы инисин жана 17деги эжесин Ак талаа районунун Дүрбөлжүн айылындагы аталаш агасы алып кетип, багып алат. Ал жерден 7 жылдык мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип №5 мектептен окуйт.

1950-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, аны 1954-жылы ийгиликтүү аяктайт. Кийинчерек «Жаш Ленинчи» журналында бөлүм башчы болуп, андан соң жооптуу катчы болуп иштеген.

1960-жылы жаштар журналынан кызматтан алынгандан кийин элдик оозеки чыгармаларды, элдик музыкаларды, күүлөрдү жыйноо менен алектенип, кыргыз адабияты менен маданиятынын казынасын "алтынга алмаштыргыс" өтө баалуу материалдар менен толтурууга зор салым кошкон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG