Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Классикалык музыканын кучагында...


1-августта Улуттук филармонияда “Мекендештер” форумунун алкагында дүйнөлүк классикалык чыгармалардан турган чоң программадагы концерт өттү.

Концертти Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр улуу композиторлор Абдылас Малдыбаев, Фере, Власовдун “Манас” операсынын башталышындагы музыка менен ачты.

Ошондой эле көркөм окуу боюнча республикалык кароо-сынакта биринчиликти алган Ирада Турдакунова Тоголок Молдонун “Ала-Тоо” деген ырын өтө кызыктуу окуп берип, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Австриядан келген скрипкачы, бир катар эл аралык сыйлыктардын лауреаты Андреас Айзенхут Пабло де Сарасатенин “Цыган кайрыктарын” жогорку чеберчиликте аткарып берди.

Андреас Айзенхаут
Андреас Айзенхаут
Ал эми теги кыргызстандык, эл аралык сыйлыктардын лауреаты, учурда Австрияда жашап, иштеп жүргөн Райхан Айзенхут атайын ушул концертке жана “Мекендештер” форумуна катышканы келгенин белгилеп, концертте Мануэль де Фальянын "Испан бийин” скрипкада безелентти.

Концертке келген зал толо көрүүчүлөр классикалык музыканын сыйкырдуу ыргагына арбалышып, ар бир кайрыкты ички сезимдеринен өткөрүшүп, ырахатка бөлөнүп отурушту.

Бул концертке башка иш-чаралардан айырмаланып, өзгөчө даярдыктан өтүшкөнүн оркестрдин жетекчиси, башкы дирижер Рахатбек Осмоналиев белгиледи.

Рахат Осмоналиев
Рахат Осмоналиев
- Бүгүнкү концерттин өзгөчөлүгү - мунун саясий жагы бар. Себеби көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, иштеп жүрүшкөн көптөгөн мекендештерибиз көрүп жатышпайбы. Алар адегенде Кыргызстанга болгон сагынычын таркатканы келишсе, экинчиден, бул жакта маданият, классикалык музыкага таптакыр эле маани берилбей калыптыр дебесин. Форумга келген мекендештер бийик искусствого да салымын кошот деген үмүттөмүн. Мына АКШда окуп жаткан уулубуз Азамат Сыдыков, Австриядагы кызыбыз Райхан Айзенхаут биздин концертке катышып, өнөрлөрүн тартуулаганы эле жакшы жөрөлгө. Анын үстүнө өзүбүздүн көрүүчүлөр да классикалык музыкага абдан суусап калышыптыр. Көптөн бери мындай концертте ушундай аншлаг болгон эмес.

Концерттин экинчи бөлүгүндө жаш да болсо эл аралык музыка чөйрөсүндө атагы чыгып келаткан белгилүү пианист Азамат Сыдыков Людвиг Ван Бетховендин фортепиано үчүн жазылган чыгармасын симфониялык оркестрдин коштоосунда жогорку чеберчиликте аткарды. Ал учурда Нью-Йоркто Mannes College of Music консерваториясында билим алууда. Азамат форумга “Роза Отунбаеванын демилгелери” корунун чакыруусу менен келген.

“Мекендештер” форумунда Кыргызстанда музыка өнөрүн өнүктүрүү тууралуу долбоорду сунуштайм деди Азамат Сыдыков.

- Кыскасы "биздин мамлекетке маданият, классикалык музыка керекпи же кереги жокпу" деген маселеге өкмөт өзгөчө маани бериши керектигин баса белгилейм. Муну өкмөт өнүктүрөбү же меценаттарбы деген суроону кабыргасынан койом. Андан сырткары маданият, классикалык музыка боюнча өзүбүздүн концепциябызды, программабызды чыгарышыбыз керек. Болбосо булар бизде жок. Ошондой эле жеке оюмча "ыңкылапка катышты, шайлоодо бийликке иштеп берди" деп, маданият мекемелерине жетекчилерди дайындабаш керек. Тескерисинче мыкты профессионалдарды дайындаш керек. Музыкалык окуу жайларда 15-20 жыл иштеген директорлордун ордуна жаштарды дайындоо зарыл. Азыр замандын агымына жараша жаштар жакшы иш алып кетишет деп ойлойм.

Улуттук филармониянын залында көрүүчүлөр толтура болду. Алар ар бир музыкант чыкканда дүркүрөтө кол чаап, эки сааттык концерт кантип соңуна чыкканы да билинбей калды.

Классикалык чыгармалардын концертинин демлгечиси экс-президент Роза Отунбаева “Мекендештер” форумунун алдында жергиликтүү жана чет өлкөдөн келишкен музыканттар элге ырахат тартуулап, жогорку чеберчиликтерин көрсөткөнүн белгилеп, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Концертке “Мекендештер” форумуна келген дүйнөнүн чар тарабында жашап, ар кайсы тармактарда иштеп жүрүшкөн Кыргызстандын таланттуу уул-кыздары да катышты.
XS
SM
MD
LG