Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Кыргызстанда унутта калып бараткан кино жанрдын бири даректүү тасмага кийинки убакытта жаш режиссерлер көп кайрылып, алар тарабынан тартылган тасмалар коомчулуктун талкуусуна коюлууда.

Жаш режиссёрлордун пикиринде каражаттын тартыштыгынан улам өздөрүнүн көз карашын видеокамера менен тарткан даректүү тасма аркылуу чагылдыруу кыйла жеңилге турат. Ошол эле маалда дасыккан кино ишмерлер азыркы тартылып жаткан даректүү тасмалардын көркөмдүк деңгээли төмөндөп кеткенин айтышууда.

Убагында кино өнөрүнүн чеберлери Мелис Убукеев "Манас" публицистикалык даректүү тасмасын, Төлөмүш Океев "Мурас", "Жылкылар", Болот Шамшиев "Манасчы", Геннадий Базаров Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө даректүү тасмаларды тартып, кыргыз маданиятынын казынасына көөнөргүс мурас калтырышкан.

Кино адистеринин айтымында, даректүү тасмалар мамлекеттин жандуу тарыхын камтып, коомдун өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот. Негизинен даректүү тасмалар окуяларды чагылдырган хроникалдык, публицистикалык, илимий, автордук журналистикалык багыттан турат. Кино тартуу көп каражатты талап кылгандыктан кийинки мезгилде Кыргызстанда даректүү тасмалар телевизиондук ыкмада тартыла баштады.

“Манастын төрөлүшүн утурлап”

Ушу тапта режиссер Нурбек Эгендин 1 саат 20 мүнөттүк “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасы Бишкектеги жогорку окуу жайларда көрсөтүлүүдө.

Анда Нурбек Эген "Кыргызстан мамлекет катары эгемендүүлүгүн канткенде сактап калат? Келечеги кандай болот? Ар бир атуулдун өз өлкөсүнө мамилеси кандай? Мамлекет атуулдарын коргоп, колдой алабы? Мамлекеттин өнүгүүсүнө ким, кандай салым кошо алат? Улуттун, тилдин наркы канткенде сакталат?" деген суроолорго жооп издейт. Кыргызда Манас сыяктуу көп улуттуу элдин башын бириктирген, күч кубаттуу мамлекет түзө турган "курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган" инсан, жаңы муун келеринен үмүт артат.

"Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунда.
“Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасы Махмуд Кашгари атындагы чыгыш университетинде, Президенттин алдындагы академияда студенттерге көрсөтүлүп, режиссер менен жолугушууда алар тасма аркылуу кыргыз мамлекети жөнүндө кенен маалымат алышканын, ар бир атуулду ойлонто турган көйгөйлөр козголгондугун билдиришти.

Режиссер Нурбек Эген даректүү тасма тартуу көркөм фильмден кыйла жооптуу экенин белгилеп, мамлекет, улут, каада-салт, тил маселесине байланыштуу көйгөйдү элдин талкуусуна алып чыкканын айтты.

- Мен бул даректүү тасма аркылуу өлкөбүздүн бүгүнкүсү жана келечеги, ар бир жарандын патриоттуулугу, улуттун тагдыры тууралуу көйгөйлөрдү элге айтып, ошону эл менен талкуулайын дедим. Негизинен көркөм фильм болобу, даректүү тасма болобу ойлогон ойду, алдыга койгон максатты жеткирүү керек.

Нурбек Эген “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасы аркылуу баатырдык, эпикалык чыгарманы эмес ишкер, комузчу, продюссер, чет жердеги студент, Орусиядагы кафелердин биринде иштген кыргыз кызы-бармен, жазуучу аркылуу кыргыз мамлекетинин кечээгиси менен бүгүнкүсүнө, келечегине ой толгойт.

Тасмалардын көркөмдүк деңгээли талкууда

Советтик кино мектебинен тарбия алган режиссер Бекеш Абдылдаев өз кезегинде тарткан даректүү тасмалары менен бир катар эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон.

Анын көз карашында тарых, келечек муун үчүн өлкөнүн бүгүнкү жандуу тарыхын, күнүмдүк жашоосун чагылдырган даректүү тасмаларды тартууга өкмөт милдеттүү түрдө көңүл буруусу абзел. Ал ошондой эле кийинки жаш режиссерлор даректүү тасма тартууда көркөмдүк деңгээлине өзгөчө көңүл буруусу зарыл деп эсептейт.

- Дагы эле көркөмдүк деңгээли жогору болбой турат. Кээ бир жаш режиссерлор окуяны үстүртөдөн көрсөтүп коюп атышат. Документалдуу нерсени нукура, элге жеткиликтүү кылып, экрандан накта чындыкты көргөндөй кылып, көркөмдүк жагына өзгөчө маани бериш керек. Эл ошол тасмадан таасир алгандай болсун. Даректүү тасма - бул биздин жандуу тарыхыбыз. Мына ошол тарыхты бурмалабай, агын ак, көгүн көк кылып тартуу керек.

Айрым адистер өлкө эгемендүүлүк алгандан бери даректүү тасмага көп маани берилбей, жыйырма жыл аралыгындагы өлкөдөгү ар кандай өзгөрүүлөргө бай тарыхый окуялар кино аркылуу чагылдырылбай, сыналгы үчүн тартылып калганын белгилешүүдө.

Жаңы муундун дүбүртү чыкты

Белгилүү режиссер Эрнис Абдыжапаровдун пикиринде, учурда даректүү тасмаларды тартуу ыкмасы жаңы нукка бурулуп, жаңы көз караштагы жаш муун келди.

"Курманжан датка" даректүү тасмасынан фрагмент, 28-декабрь, 2010
-Чынында акыркы он жыл аралыгында даректүү тасмаларды эстетикалык жактан, чыгармачылык жактан өздөштүрүү деңгээли өтө төмөндөп кеткен. Азыркы күндө даректүү тасманын башкача түрү, жаштардын жаңы көз карашы пайда болду. Бир-эки жыл аралыгында тартылган даректүү тасмалардын айтайын деген ою терең, көркөмдүк деңгээли талаптагыдай тартыла баштады. Жаңы агым, жаңы муун өздөрүнүн пайдубалын түптөп, “Кыргыз кереметин” кайра жаратат деген үмүттөмүн.

Кийинки кезде кыргыздын кинорежиссерлору да даректүү тасмаларга кайрылышты. Өткөн жылы режиссер Замир Эралиев өкмөттүн каражатына Алайдан чыккан айтылуу Курманжан датканын өмүр таржымалын камтыган "Тоо ханышасы" деген аталыштагы даректүү тасма тартып, коомчулукка тартуулады.

Ага чейин жаш режиссер Элнура Осмоналиева Кыргызстанда 15 жылдан бери биринчи жолу 58 мүнөттүк толук метраждуу “Дордойдон чыккан асыл таш” деген даректүү тасма тартып, ал Алматыда өткөн “Шакендин жылдыздары” эл аралык кинофестивалында жана Орусиядагы фестивалда байгелүү орунга татыктуу болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG