Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Байсалдуу “Көч”


"Көч" даректүү тасмасы Германиядагы Гамбург жана Польшадагы Краков эл аралык кинофестивалдарына катышып келди.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студиясында тартылган “Көч” даректүү тасмасында алыскы Ат-Башы районунун топозчуларынын кыш күрөөдөгү катаал шарттагы жашоосунун бир үзүмү чагылдырылат.

Тасманын режиссерлору, Кыргыз эл артисти Молдосейит Мамбетакунов менен Артыкбай Сүйүндүковдун айтымында, “Көч” тасмасын тартууга кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, жаратылыш менен байланышта жашаган көчмөн элдин турмушун ааламдашуу доорунда Батыштын маданиятына жуурулуштуруп жибербей канткенде сактап калуу керек деген ой түрткү берген.

Молдосейит Мамбетакунов белгилегендей, атбашылык топозчулардын бир апталык жашоо шартын чагылдыруу идеясы да күтүүсүздөн жаралган:

- Бир күнү Таш-Рабат жайлоосунда топоз баккан малчыларга жолугуп калдык. Анан алар менен баарлашып атып ушул ой жаралып, аны ортого салып, талкуулап калдык. Топозчулар "биздин турмуш менен ушул топоздун өзүнүн жашоосу силерди кызыктырабы? Ушуну карап көрбөйсүңөрбү”, - деп калышты. Чындыгында топоз бийик жерде оттогон, бийиктикти жакшы көргөн жаныбар эмеспи. Ал эч качан жапыз жерде оттобойт.

Анан кыргыздын жашоосу да бийик тоодо, бийиктикти сүйгөн калк эмеспизби. Аң-сезиминин бийиктиги да бар. Бирок ошол бийик аң-сезимибизди колдоно албай жатпайбызбы. Мына, топоз да ысык-суукка, ач-токко, кыйынчылыкка чыдамкай жаныбар. Кыргыз эли да Совет доору өткөндөн кийин эмне деген гана кыйынчылыктарды башынан өткөргөн жок. Ошого моюн бербей чыдап, жашап эле тим болбостон акырындан өнүктүрүп келатабыз. Биз рухий ички байлыгыбызды мурунку үрп-адатыбыздан, мурдагы каада-салтыбыздан, мына ушул улуу тоолордон, касиеттүү көлдөрүбүздөн издешибиз керек экен.

Ошолорду биз символ катары карап алдык. Тоолор, бийиктик, кыйынчылык, топоздор, көч, жаратылыштын адам менен мамилеси. Ошого биз кандай туруштук беребиз? Ошону биз кантип келечек муундарга алып өтөбүз? Мына ушуларды биз тасма аркылуу кайчылаштырып көрдүк.


“Көч” даректүү тасмасындагы топозчулардын кыштын кыраан чилдесинде журт которуп, кар көчкүдөн коопсуз жайга көчүп баратышы, топоздордун көк жылгаяк муз аркылуу жайыт которушу, кар көчкүдө калган топоздорду, азыркы көчмөндөрдүн реалдуу турмушун оператор Стамбулбек Мамбеталиев эч бир жасалмалуулугу жок, жогорку чеберчиликте тарткан.

Тасманын соңунда көч Таш-Рабат тарыхый комплексинин жанынан өтүп баратканда ал жердеги чет элдик туристтер топозчулар кармап алышкан тирүү карышкырга, топоздорго кызыгып, ал түгүл соодалашып да жиберишет.

Кыскасы карт Тянь-Шандын кырка белине чейин жеткен чет элдик туристтердин ырынын коштоосунда чакан көч тоо арасына кирип көрүнбөй калат.

Режиссер Молдосейит Мамбетакунов бул тасмада жалгыз эле атбашылык топоз баккан малчылардын турмушу эмес, алар аркылуу Кыргызстандын бүгүнкүсү менен эртеңкиси тууралуу тынчсыздандырган ой камтылганын айтат:

- Ошол тоонун арасында базардын пайда болушу, бийик тоонун чокусуна чет элдик туристтердин келип атышы, башка тилдерде сүйлөшү, башка музыкалардын чыгышы, башка маданияттын келиши - мына ушуларды кыргыздар кандай кабыл алып жатат? Тасмада бардыгы менен жуурулушуп көрүүгө аракет кылып атат.

Бирок жергиликтүү элдин, топозчулардын ой сезими, руханий байлыгы тоолордо болуп атат. Алар айтып атпайбы, “бизди бул базар сактап калбайт, музыкалары түшүнүксүз, тоолордун арасында жашап атып ушул келип жаткандардын жакшы жагын пайдаланып, өзүбүздүн рухий дүйнөбүздү байытышыбыз керек”, - деп. Биз дагы тасма аркылуу кыргызды тоолору, каада-салты, үрп-адаты, көчмөн жашоо шарты сактап калат деген ойду айткыбыз келди.


Мына ушул “Көч” даректүү тасмасы өткөн айда Польшанын Краков шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышты. Бул иш-чарага катышып келген тасманын дагы бир режиссеру Артыкбай Сүйүндүков эл аралык калыстар тобунун чечимине ичи толбой калганын айтты:

- Негизинен калыстар тобун сындабайт деп коюшат го. Бирок алардын мамилесинен улам шектүү ой туудурду. Краковдогу фестивалда калыстар тобунда беш мүчө бар экен. Алардын бири америкалык, экинчиси германиялык, экөө тең Германиядагы Берлин эл аралык кинофестивалынын өкүлдөрү экен. Мен бир аз кечигип барып калдым эле, алар менен жолукканда экөө тең бирдей биздин “Көч” тасмасына добуш бергендиктерин айтып, фильмиңер мыкты тартылыптыр дешти.

Калыстар тобунда канча кишисиңер десем, “беш мүчө бар” дешти. Алардын бирөө КМШ мамлекеттердин өкүлү катары Орусиядан барыптыр. Анан фестивалга катышкан тасмаларды көрдүк. Тигилер кичине күнөөлүүдөй болуп, тартынып сүйлөп калышты. Мен бир нерсе болгон экен деп шекшидим.

Франциянын, Британия, Америка, Испания, Жапония жана Кыргызстандын фильми көрсөтүлдү. Бардыгы эле биздин тасманы жакшы деп атышкан. Жыйынтыгында Жапониянын анимациялык киносуна сыйлыкты берип коюшту. Чындыгында Жапониянын анимациялык тасмасы техникалык жактан өтө бийик жетишкендикте тартылыптыр.


Ал эми Гамбургда 10-июнда өткөн эл аралык фестивалда да жапондордун тасмасы байге алып кеткени табышмактуу болуп калганын айтат Артыкбай Сүйүндүков.

- Гамбургдагы фестивалда да бардык фильмдерди көрдүм. Алардын ичинен Швециянын, Түштүк Кореянын жана биздин тасма жакшы тартылыптыр, ушул үч фильмдин бирөө алат болуш керек деп атканбыз. Анан эле Жапониядан келген фильмге башкы байгени ыйгарып коюшту. Ал фильмге эч ким деле кызыгып, пикир айткан эмес.

Ал фильм башталганда эле телевизордун экраны чыбырчыктап атканын көрсөтөт. Жанагы кара-ак телевизор өчүп калганда чыбырчыктайт го, ошондой болуп чыбырчыктап турду. Анан үч мүнөт, он мүнөт өттү, жыйырма беш мүнөт өттү, баягы телевизор чыбырчыктап турат. Анан отуз беш мүнөт өттү. Баягы телевизор эч нерсе көрсөтпөй, чыбырчыктап атып эле кино бүтүп калды. Ошого эксперименталдык тасма деп байгени берип коюшту. Эмнеси эксперименталдык экенине мен эле эмес, бир тобу түшүнбөй калды.


Биз кеп кылып жаткан “Көч” даректүү тамасы кыргыз-түрк “Манас” университетинин каржылоосунда 7 миң долларга тартылган. Анын техникалык жактан да эл аралык деңгээлге жооп бере албастыгы биздин чыгармачылык дараметибизге эмес, кино өнөрүнө жасаган жоопкерчиликсиз мамилеге байланыштуу дейт Молдосейит Мамбетакунов.

- Эл аралык кинофестивалдар ар кыл багытта уюштурулат эмеспи. Бизди Польшадагы фестивалга “эң мыкты оператордук иш” деген багытта чакырып калышты. Эми ал жердеги кинокамераларды көрсөң укумуш. Бүгүнкү талапка ылайыктуу түркүн камералар бар экен.

Анан бизден сурап калышты, “кайсы камера менен тарттыңар?” – деп. Биз Panasonic betacam менен тартканыбызды айттык. Алар “ушундай дагы камера барбы?” деп таң калып сурашты. Көрсө Panasonic betacam менен кино эмес, үй-бүлөсүн, саякаттаганын тартышат экен. Жыйынтыгында "берели деген оюңар жакшы, сюжеттери мыкты, тартылышы жакшы, бир гана техникалык жактан кемчилиги бар экен, ошон үчүн фестивалга кошпой калдык" дешти. Эгерде тасма жаман болсо, бизди эмнеге чакырмак эле, жол киребизге акча төлөп? Анан фестивалдан тышкары көрсөтөлү дешти.


Дагы бир кызыгы фильмдин бюджетин сурашты. Биз 7 миң долларга тартканыбызды айтсак аябай таң калышты. Аларда 7 миң долларга кино тартат деген түшүнүк жок экен.

Былтыр Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Гран-прини, бир катар эл аралык фестивалдарда байге алып, Кыргызстанды даңазалап жаткан “Көч” даректүү тасмасын аткаминерлер көрсө болот эле дейт Артык Сүйүндүков. Көрсө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өкмөт мүчөлөрү бул тасманы көрө элек экен.

Кинорежиссерлор Артыкпай Сүйүндүковдун жана Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" даректүү фильми өткөн жылы “Ак илбирс” Улуттук кино сыйлыгында эң мыкты деп табылып, алты номинация боюнча сыйлыкка татыктуу болгон.

Гамбургдагы эл аралык фестивалда “Көч” тасмасы дагы 4 мамлекетке чакыруу алды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG