Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында билим алган окуучулар салттуу улуттук музыкадан дүйнөлүк классикалык музыканын сырларын үйрөнүшөт.

70 жыл аралыгында аталган окуу жайдан тарбияланган жүздөгөн музыканттар кыргыздын көркөм өнөрүн өнүктүрүүдө зор салым кошуп келишет.

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында учурда 300гө чукул студент билим алууда. Аларга 80ден ашуун мугалим сабак берет.

Окуу жайда кыргыз эл аспаптары, фортепиано, вокалдык искусство, үйлөмө жана урма аспаптар, кыл аспаптар, эстрадалык музыкалык искусство, хор дирижерлугу, музыканын теориясы, жалпы фортепиано, жалпы билим берүү тартиби, орус элдик аспаптар бөлүмдөрү бар.

Эл аспаптар бөлүмүндө элдик таланттар

Кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуз сабагында машыгып жаткан Жетиген уулу Аскат кол ойнотуп, Ниязалынын “Кер толгоосун” эргип чертип жатты.



Аскат 15 жашында Кочкор районунан келип окууга кирген. Азыр кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти. Жакында өткөн комузчулардын республикалык кароо сынагында 3-орунду жеңип алган.

“Аккан арыктан суу агат” дегендей Аскат чоң аталарынын жолун жолдоп, кыргыздын музыкалык аспаптарынынын кадыр-баркын көтөрүп, эл аралык деңгээлге алып чыгам деген тилегин билдирди.

Алагушев Бек
- Мен үчүн элдик аспаптар - ата-бабадан калган мурас. Менин чоң атам жана анын тукуму улуттук музыкалык аспаптарга, элдик ырларга жакын. Белгилүү комузчу Зайнидин Иманалиев өзүмдүн атамдын эң улуу агасы болот. Зайнидин Иманалиев менин устатым. Ал кишинин комуз черткенин көрүп отуруп, мен кичинекей кезимде, тилим чыкканда эле комузчу болом деп айтчумун.

Аскат сыяктуу Алагушев Бек аттуу студенттин да чоң аталары өз убагында комузда кол ойноткон эл шайырлары болуптур. Бек темир комуз, чопо чоор, сыбызгы, чогойного жан киргизип, комуз чертет.



Аскат менен Бек азыркы жаштардын бүйүрүн кызыткан эстрада жанры жөнүндө өз алдынча окуп, толук түшүнүк алышканы менен кыргыздын улуттук аспаптарын башка аспаптарга алмаштырбай, билимин өркүндөтүп, кыргыздын фольклордук чыгармалары, залкар күүлөрү аркылуу өнөрлөрүн көргөзөрүн ишенимдүү айтышты.

Нурсалкын Жусурова
Кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн класс жетекчиси, комуз боюнча мугалим Нурсалкын Жусурова өлкөнүн алыскы айылдарынан “до” деген нотаны билбеген 14-15 жаштагы өспүрүмдөр келип, төрт жылда улуттук салттуу музыкадан баштап дүйнөлүк классикалык чыгармаларды үйрөнүп чыгышарын белгиледи.

- Бизде окуган балдарыбыздын көпчүлүгү, кыргыздын таланттуу балдары жер-жерлерибизден, көп райондордон, облустардан келишет. Анан бизден терең билим алышат. Балдардын таланты жалгыз эле кыргыз эл аспаптар эле бөлүмү эмес, фортепиано, вокал, ыр жагына, эстрадага кетип жатышат. Ошолорду алып кеткени үчүн булар музыканын дүйнөсүнө көбүрөк киришип атышат. Алган билимдерин дагы жогорулатып, бизди бүткөндөн кийин консерваторияга барышат. Андан кийин аспирантурага барышат. Кыргыз искусствосуна көп салым кошот, бизден бүткөн окуучулар.

Назик манжалар скрипкага жан киргизет

Кыргыз эл аспаптар бөлүмүнөн чыгып, экинчи кабатка көтөрүлсөм Европанын салттуу классикалык музыкалык аспабы - скрипканын мукам үнү угулду. Класска баш баксам окуу жайдын 3-курсунун студенти Сабина Абдырасулова устаты Галина Альябева менен көнүгүүлөрдү ойноп жатышыптыр.



Сабина Абдырасулова
Бул кыл аспаптар бөлүмү өткөн кылымдын 40-жылдары түзүлүп, ушул аралыкта 300дөн ашуун скрипка, виолончель, контрабаста ойногон жогорку адисттеги музыканттар тарбияланып чыккан. Алардын арасынан Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Бразилия, Швеция, Австрия, Германияга иштеп кеткендер бар.

Фортепиано бөлүмүнүн окутуучусу Ирина Шевчук Кыргызстандагы музыканттар маянанын аздыгынан чет мамлекеттерге кетип жатканын белгилеп, таланттуу жаштарга өкмөттүк деңгээлде колдоо көрсөтүлүүсү керек деп эсептейт.

Такшалган артисттер менен тең тайлашкан студент

Сол тараптагы класста коңур үндүү артист Мукаш Абдыраевдин “Жалыныңа күйгөнмүн” аттуу ырды созуп жатты.



-Чынын айтсам сенден башка жоктордой,
Ал кезекте бир башкача көрүндүң.
Ай күбөдүр, мен жалбарып айтканда,
Болсоң боло сүйгөн жарым өзүмдүн.
Жок дедиң да, “жакшы көрөм сени да,
Капа болбо сенден башка сүйгөнүм”.
Чындыгында баш жок экен сүйүүдө,
Амал канча жалыныңа күйгөнмүн.


Адилет Кулаев
Каалгадан баш баксам бул ырдап жаткан 4-курстун студенти, эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү Адилет Кулаев экен. Ал Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынан. 8-классты бүтүп Бишкекке окууга келген. Бала кезинен ырды жакшы көргөн Адилет төрт жыл аралыгында дүйнөлүк классикалык композиторлордун чыгармаларын аткарууга жетишкен.

- Бул окуу жайдан 1-курстан эле классикалык композиторлордун чыгармаларын үйрөндүм. Алар Бах, Бетховен, Моцарт, Глюк, Гайдн жана башкалар. Кийин романтиктердин чыгармаларын, Шумен, Шопен, Шуберт сыяктуу улуу композиторлорду окуп, билдим. Андан соң орустун классикалык композиторлорунун чыгармалары менен тааныштым.

Адилеттин устаты Анара Тажыбаева шакирти табигат берген талантынан тышкары абдан аракетчил, эмгекчил, тырышчаак экенин белгилеп, аны кыргыздын болочоктогу “жылдызы” болот деген ишенимде.

Окуу жайда жалаң "фанаттар" иштейт

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, профессор Тенти Мураталиев менен жолугушканымда, келерки аптада окуу жайдын 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө камылга көрүп жатыптыр. Анын айтымында, кыргыздын таланттуу уул-кыздары, көркөм өнөр деп жан дилинен берилген “фанаттар” келип окуу жайдан профессионалдык музыканын сырларын үйрөнүшөт.

Тенти Мураталиев
Ал ошондой эле окуу жайдан улуу таланттар тарбияланып чыкканын, азыркы жаш мугалимдердин айлык маянасы 1 миң 200 сом болсо да айлыктын аздыгына карабай жаш таланттарды тарбиялап жатышканын белгиледи.

- Бул окуу жайды улуу талантардын устаканасы деп айтсам эч жаңылышпайм. Ак калпак кыргыз элине, Ала-Тоонун учу-кыйрына эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө кыргыздын искусствосун даңазалаган ушул окуу жайга быйыл 70 жыл толуп жатат. Бул окуу жайда 70 жылдын ичинде 4 жарым миңге чукул улуу музыканттар, дирижерлер, композиторлор, ырчылар, комузчулар, чоорчулар, деги кайсы аспап болсо дагы айтсак боло берет. Академиялык, салттык аспаптар болобу, ошону бүтүргөн окуучулар менен кыргыз эли аябай сыймыктансак болот.

Тенти Мураталиев белгилегендей окуу жай эле эмес жалпы республика боюнча академиялык музыкалык аспаптар фортепиано, скрипка, контрабас, флейта, кларнет жана башка аспаптар жетишсиз экен.

70 жылдык тарыхы бар окуу жай

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы Кыргыз Республикасынын Элдик кеңеш комитетинин токтому менен 1939-жылы борбор шаарда музыкалык-балет училищеси болуп уюштурулган.

1940-жылы 1-сентябрдан баштап толук кандуу иштеп, окуучуларды кабыл алышат. Алгачкы директору Ф.А. Поляков, окуу бөлүмүнүн башчысы Б.А.Орлов болгон.

Бул окуу жайдан кыргыздын залкарлары, СССРдин эл артисттери Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтакунова, Кыргыз эл артисттери Насыр Давлесов, Э.Жумабаев, С.Бекмуратова, С.Чоткараева, Э.Мойдунов, Б.Жандаров, С.Жумалиев, А.Бөдөшев, К.Эралиева жана башка таланттар билим алышкан.

Кыргыз эстрадасынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров да ушул окуу жайда окуган.

1990-жылы окуу жайда залкар комузчу, кыякчы М.Күрөңкеевдин музейи ачылган.

2007-жылы Кыргызстандагы АКШ элчилигинин көмөгү менен америкалык музыка борбору ачылып, ал жерде Интернет, аудио-видео, сейрек кездешүүчү ноталар менен таанышууга, СD , DVDни кеңири колдонууга, батыш музыкасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

М.Күрөңкеев атындагы окуу жайдын 70 жылдык мааракеси 6-декабрда салтанаттуу белгиленери күтүлүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG