Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Сталбек Бактыгулов мыкты симфониялык чыгармаларды, соната, музыкалык пьесалар менен кошо жанга жагымдуу обондуу ырларды да жаратып келет.

“Азаттык”: Акыркы убакта чыгармачыл адамдар, алардын ичинде композиторлор “чыгарма жазылбай калды, өкмөт жардам бербейт” дешет. Ал эми сиз эмне кылып жатасыз?

Бактыгулов: Чыгармачыл адамдарга, маданиятка көңүл бурулбай атат деген көйгөйлүү маселелер тууралуу проблеманы уккум келбей калды. Адамдын өзүнөн болуш керек. Кудай алдында жүзүң жарык болуп, чыгармачылыктан, эмгектен кол үзбөсөң жылуулук тиет окшойт.

Азыр Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине даярдык көрүлүүдө. Ага арналган салтанат музыкалардын баары мага тапшырылды, андан тышкары Маданият министрлиги тарабынан Кыргыз опера жана балет театрына төрт акттуу балетим каралып жатат. Балет классикалык музыкада эң көлөмдүү жанрлардын бири. Менин чыгармама кайдыгер карабаган музыка ышкыбоздорун кубандыра алам го деген жылуу тилектемин.



“Азаттык”: Симфониялык чыгармаңыз тууралуу айтсаңыз, алар кандай темада?

Бактыгулов: Симфониялык чыгармалардын негизги өзөгүндө тарыхый окуялар жана драмалык мүнөздөгү симфониялык картина жанры көп басымдуулук кылат. 50 жаштан ооп калгандан кийин айрыкча кылчактабасаң да, өзүңдүн чыгармачылыгыңа сын көз карашта карай баштайт экенсиң.

Менин жан дүйнөм, жүрөгүм симфониялык жанрга жакын экен. Жакында 5 жарым сааттык симфониялык музыка компакт диск чыгаруунун алдында турам.



“Азаттык”: Ушул чыгармаңыздын мазмуну тууралуу айтып берсеңиз?

Бактыгулов: “Өмүр жана көз ирмем” деп койдум. Себеби кыргыз элибизде көп тарыхый окуялар өттү. Ош окуяларына байланыштуу, мен да кыргыз пендеси катары кайдыгер караган эмесмин. Мен ушул темага чыгармачылыгымда көңүл бурам деп ойлогон эмесмин.

Жусуп Биримбаев деген экономист досум бар, 40-50 жаштан кийин досторуң тандалып калат экен. Мен ал адамды турмушка оптимисттик көз караштагы, дайыма жайдары маанайда көрдүм эле. Кайнэжесин жана келинин жоготуптур, “колумда 4 жана 2 жаштагы неберелерим калды, алар энемди сагынып атам дейт, мен болсо эмне деп жооп береримди билбейм, алар өлүм дегенди түшүнө албайт экен, музыканын тилинде чаңырып бересиңби” деди. Ош окуясына байланыштуу “Өмүр жана көз ирмем” деген музыканы жаздырып келдим.

Бирок ачуу факт: азыр симфониялык музыканы фондуга жаздыруу мүмкүнчүлүгү Кыргызстанда жок экен. Кыргыз радиосундагы симфониялык оркестр филармонияга которулган дейби, үн режиссерлору да жумуштан айдалыптыр. Бул айрыкча классикалык музыкага аралашкан композиторлор үчүн чоң трагедия. Анан кудайдын жардамы менен Алматыга барып жаздырып келдим.



“Азаттык”: Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романынын негизинде жазылган сиздин симфониялык чыгармаңызды 1988-жылы Москвадан радиодон угуп абдан сыймыктандым эле. Өткөндө да балдар хору сиздин чыгармаңызды аткарып жатканын кулагым чалып калды. Балдар темасына да кайрылып жүрөсүзбү?

Бактыгулов: Менин чыгармачылыгымда балдар темасы жок. Биздин республикада “Ак шоола” элдик хору бар. Бир күнү досум Турдубек Чокиев заказ берип калды, эртең жазып берсең дароо китепке чыгарат элем деп. Премьерага мени №67 мектепке чакырып калышты, “Тай күлүк” деген шаңдуу мүнөздөгү ыр жазып бергем, балдар жыргап ырдап атышат.

Тагдырыңан алыс кутула албайсың, жүрөгүңө, каныңа сиңген ачуу турмуш тарыхы, тагдырдын изи чыгармачылыкта деле өзүнүн көз карашын билдирет экен. “Сталбек Бактыгулов менен тааныштырам дебедиңиз беле, кана ал агай” десе, “мына мен” деп тура калсам, балдардын баары ыйлап, ошондо же соорото албайбыз, же мен чыгып кете албайм, ыңгайсыз абалда болдум.

Муну менен айтайын дегеним, чыгармачылыгыма да, пенде катары да залакасын тийгизген бабалык кездеги ачуу тагдырды душманыма да каалабайм. Ошол себептен тагдыр менен күрөшө билиш керек, жалгыз эле бир ыр менен токтолуп калбайм, дагы да балдар темасына кайрылып, балдарды кубандырам деген аракетим зор.



“Азаттык”: Кийинки кездери сиз акын жубайыңыз Сүйүн Кубатованын, саясатчы-акын Каныбек Иманалиевдин ж.б. акындардын сөздөрүнө да лирикалык обондуу ырларды чыгарып келатасыз. Мурда азыркыдай лирикалык ырларыңызды көп укчу эмес элек?

Бактыгулов: Айрыкча Советтер Союзу учурунда мен ыр жанрын теңиме алчу эмес элем. Кудай кесир кылбасын, ыр жазган акындарга өтө сын көз карашта карачу элем. Замандын шарапатынан алыс кете албайт экенбиз. Симфониялык чыгармалар жок болгондон кийин, жазсаң балетиң коюлбаса, көзүң бар туруп жокко эсе болуп калыш чыгармачыл адам үчүн өзүн-өзү көмүп салууга барабар экен, чоң трагедия.

Ошон үчүн композитор катары жоголуп кетпестин аракетинде аздыр-көптүр музыка ышкыбоздорун, музыка күйөрмандарын кубандырып турайын деп кийинки кездерде элдик, эстрадалык пландагы ырларга аралашып, эл арасында ырдалып жүрөт. Кээ бир эл оозуна алынып калган ырларым меники экенин билбесе да, элдикке айланганы мен үчүн ого бетер кубаныч.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG