Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

18-январда Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда болгон “Ак шоола” менен ырдайбыз” же “Туулган күн” деп аталган мааракелик театрлаштырылган оюн-зоок концертине белгилүү опера, эстрада, фольклордук топтун ырчылары катышты. Алар “Ак шооланын” элге таанымал “Чыр бала”, “Мамалак”, “Мээрим” ырларын балдар менен чогуу ырдашты.

“Азаттык”: “Ак шоола” үлгүлүү балдар хорунун түзүлгөнүнө 30 жылга аяк басыптыр. Ушул мезгилге бир саресеп салып өтсөңүз?

Гүлмира Эсенгулова: Карап отурсаң отуз жыл бат эле өтүп кеткендей. Кээде чын эле ушунча убакыт өтүп кеттиби деп ойлоп калат экенсиң. Эгер өзүнчө бир окуялардан алып карап көрсөң, анда отуз жыл көп убакыт экени сезилет. Кантип эле ушунча убакыт өтүп кетти, ал кездерде ушундай кыйынчылыктарга кантип түттүм экен, дегиң келет. Айтор, өткөн өмүрдү ар кандай өңүттө караса болот. Эми муну менен айтайын дегеним, өткөн күндөрүмдүн кубанычы да, ызасы да, ачуусу да, таттуусу да баары меники. Кээде ойлоп көрсөм менин бир өмүрүм деле “Ак шоола” менен бирге өтүп кетиптир.

“Азаттык”: Өткөн өмүрүңүзгө өкүнөсүзбү?

Гүлмира Эсенгулова: Эми ар кимдин чыгармачыл тагдыры болот экен. Ушул отуз жыл менин чыгармачылык тагдырыма буйруган окшойт. Себеби, башка жол тандаганга такыр мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Ушуга кандайдыр бир себептер менен келип, баштап калып эле андан алыстап кете албай калдым. “Ак шоола” менен алпурушуп, ал менин жашоомдун маңызына айланып ушул куракка келдим окшойт.

"Ак шоола" тобунун кичинекей ырчылары.

"Ак шоола" тобунун кичинекей ырчылары.

“Азаттык”: Анда “Ак шоола” балдар хорун түзүп, отуз жыл аралыгында миңдеген балдарды тарбиялап калышыңызды тагдырдын буйругу десек болот экен да...

Гүлмира Эсенгулова: Ошондой. Бирок мен кайсы кесипке барсам да баары бир балдар менен иштемекмин деп ойлойм. Кичинекейимен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудум. Абдраевди бүткөндөн кийин Москвага барып, ВГИКке тапшырып, кинорежиссер болгум келген. Балдар үчүн кино тартсам деп кыялданчумун. Себеби, 6-7-класста окуп жүргөндө эле балдар үчүн ыр жазып, 1-2-класстарга барып үйрөтүп, алардын чачын тарап, жанынан чыкчу эмесмин. Мектепти бүткөндө атам режиссер болушумду көп жактырбай, агайым Султан Юсупов бир күнү мени “кызым, Кычан Жакыпов атындагы пионерлер үйүндө жалаң кыргыз балдардан турган хор ачабыз, сен сөзсүз ошол жакка баргын, ошондо сен Караколго барбайсың, Фрунзеде каласың” деди. Мага ушул экинчи сунуш жакты, макул деп барып иштеп калдым. Ошондон бери “Ак шоолада” иштеп келатам.

“Азаттык”: Ошол отуз жыл аралыгында мамлекетибизде саясий, экономикалык өзгөрүүлөр болду. Кычан Жакыпов атындагы пионерлер үйү жоюлду. Ошондой кыйын мезгилдерде сакталып калуунун өзү чоң маселе болсо керек.

Гүлмира Эсенгулова: Мен муну мындай деп айтаар элем, чынында бул буйрук болду. Экинчиден, мага ошол кезде мамлекет 29 жашымда эле “Эл агартуунун отличниги” деген наам берип койду. Ал кезде мындай наамды алуу оңой эмес эле. Чынында сыйлык, наам менен деле ишим жок эле. Бирок ошол отуз жашымда, али эч нерсе жасай элегимде эле олуттуу наам алуу мага чоң жоопкерчилик жүктөгөн. “Ак шооланы” орто жолго таштабай, бардык кыйынчылыктарга чыдап ушул күнгө жеткиргенге түрткү болгон.

“Азаттык”: Ошол кездеги “Ак шоола” менен бүгүнкү “Ак шооланы” салыштырып кетсеңиз...

Гүлмира Эсенгулова: Балдар бардык учурда бирдей болот, биз гана өзгөрүп турабыз. Ошентсе да жылдан жылга ата-энелердин социалдык абалы жакшырып, балдары үчүн каражатын, убактысын сарптай баштаганын, наристелерди өз унаалары менен жеткирип келе баштаганын айта кетишибиз керек.

“Азаттык”: Адистер сиздердин хор салттуу хорго окшобой турганын айтып келишет...

Гүлмира Эсенгулова: Ооба, биздин балдар хор ырларын аябай жандуу жана шаңдуу аткарышат. Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн табити болот жана ал эмне иш кылса да андан сезилет деп ойлоп калдым. Мен табиятымдан бала кыял, эмоционалдуу окшойм. Бала кезимде эле Абдраев мектебинин чоң хору бар эле, абдан күчтүү хор болуп эсептелчү. Ырдаганда мен дайыма эмнеге ушул жерден күлүп, колуңду жайып койсоң болбойт, эмнеге ушул жерден жер тээп койсо болбойт, дей берчүмүн. Кичине кыймылдап койсом эле агай-эжейлерибиз “сен эмне кылып жатасың, ордуңда туруп ырда, жылбай ырда”, - деп урушуп калчу.

“Азаттык”: Чет өлкөлөргө көп чыгып жүрөсүздөр. Ал жактагы адистер силердин ырдоо стилиңерди кандай кабыл алат?

Гүлмира Эсенгулова: 1996-жылы Прибалтикага барганыбызда өзүбүзгө болгон ишеним бекемделди. Прибалтика – бул хор искусствосунун өлкөсү эмеспи. Кол тамга калтырган дептериме жазышкандардын баары “мындай хорду эч качан көргөн эмеспиз, хор ушундай кооз, көркөм болорун биринчи көрдүк”, деп жазышты. Түркмөнстандын “Шатлык” деген бий тобу бар эле, анын жетекчиси Абдулин: “Ак шоола” хор көркөмдүү, кооз искусство эмес, деген стереотипти сындырды”, - деп жазды. Ушул сөздөрдөн кийин мен чынында аябай шыктанып, эч нерсе өзгөрткүм келбей калды. Мен билгенден балдарга ушундай ырдаган жагат, наристелердин дүйнөсү ушундай, аларды тыптынч отургузуп кое албайбыз, алар кыймылдан эс алышат. Балдар түптүз туруп ырдаса, ички эмоциясын чыгара албай калышпайбы. Биз хор искусствосуна жаңы стиль киргиздик. 30 жылдан кийин муну так айта алам, көп адистер да белгилешет.

“Азаттык”: Сизге чоң рахмат! Чыгармачылык ийгилик!

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG