Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Чыгармачыл жубайлар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшев кырк жылдан ашуун убакыттан бери өнөрдө да, үй-бүлөдө да эриш-аркак болуп, угармандардын руханий дүйнөсүн аруулап келет.

Таланттуу жубайлар ушунча жыл ичинде төрт жүздөн ашуун ыр-романстарды, кантата, хорлорду, симфониялык оркестр үчүн чыгармаларды, комуз үчүн күүлөрдү, ар кандай музыкалык аспаптар үчүн көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. Биз таанымал жубайлардын астанасын аттап, маектешип, ыр-күү угуп кайттык.

Каныкей Эралиева: Буюрса, быйыл 40 жылдын жүзү болот. Экөөбүз баш кошкон кезде мен 18 жашта элем. "Убакыт зымыраган куш" демекчи, билинбей эле бир топ убакыт өтүп кетиптир. Ушунча жыл өтсө да, чыгармачылыгыбызды, бири-бирибизди таштабай бактылуу өмүр сүрдүк.

“Азаттык”: Кыз-жигит болгон күндөр эсиңиздердеби?

Атайбек Бөдөшев: Жетелешип деле кыз-жигит доорун сүргөн жокпуз. Экөөбүз Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан таанышканбыз. Каныкей экөөбүздү музыка жакындатты. Ал кезде тартип темирден бекем эле. "Кызга кырк үйдөн тыюу" демекчи, бейчеки басып, каалаганын кылган адам жок болчу. Каныкей "Кыргыз жери" аттуу ыры менен чыгып калган. Күнүгө музыка менен алек болуп, радиого барып ыр жаздырып, телеге түз эфирге чыкчубуз. Бири-бирибизди кантип жактырганыбызды деле байкабай калдык. Тамакка чогуу барып, бир жатаканада жашачубуз. Эртең менен 6да туруп, саат 7де ашканага барып, бекер тамактанчубуз. Эртеден кечке ушул жерде музыка менен алек болуп жүрсөк, анан кайдагы жетелешип басуу? Кудайдын буйругу экен, баш кошуп, бирге түтүн булатып жашап калдык.

“Азаттык”: Чыгармачылыкты тандадыңыздарбы же чыгармачылык силерди тандадыбы?

Атайбек Бөдөшев: Бул суроого так жооп берүү кыйын экен. Менимче, музыка жаатындагы чыныгы талант чыгармачылыкка кичинесинен эле аралашат. 1-2-классынан комуз чертет, ырдайт дегендей. Мен башынан эле музыкасыз жашай албасымды билчүмүн. Музыканын кереметине түшүнбөй, ырдап жаткан радиону өчүрүп салган адамдарды аябай жаман көрчүмүн. Көрсө, ошол кезде балалык баёо сезим менен баары эле музыканы сүйөт деп ойлоп жүрүпмүн да.

Каныкей Эралиева: Менин чыгармачылыкка болгон кызыгуум ыр жазуу менен башталды. Мектеп босогосун аттап, тамга тааныгандан баштап дептеримдин чекесине уйкаш болсо да, болбосо да ырларды жазып жүрдүм. Кийин 3-4-класстарда окуп жүргөндө уккан обондорду, ырларды илип алып, ошол замат кайра-кайра ырдай берчүмүн. Ошентип жүрүп мектепте, классымдын биринчи ырчысы аталдым. Ушундан улам ырчы, обончу болуп калдым го дейм. Обончулукка 4-класстан баштап кириштим. Алгачкы угуучулардын алдына «Бөбөктөр», «Тууган жер», «Биз тоонун балдары» аттуу обондорумду аткарып, ырчы-обончу катары таанылдым.

“Берчи мага жарым кашык музыка”

“Азаттык”: Чыгармачылык сапарда бири-бириңиздерге болгон атаандаштык, кызгануу болдубу?

Каныкей Эралиев: Биз бири-бирибизге жаман маанайда атаандашпайбыз. Бул жагынан чындыгында Атайбек да, мен да айкөлбүз. Кимибиз жакшы чыгарма жазсак кубанып, колдойбуз. Бирок жараткан чыгармаларыбызга сын көз менен карайбыз десем туура болот. Эгер жараткан чыгармаларыбыздын кемчилигин көрүп турсак ачык айтмайыбыз бар.

Атайбек Бөдөшев: Эгер экөөбүз бири-бирибизге эрегишсек анда чыгармачылыктан да, үй-бүлөлүк бакыттан да куру калмакпыз. Бул өмүрдө биз материалдык эмес руханий байлыктын артынан куудук. Чыгармачылык эргүү менен жашадык. Кудайга шүгүр, ошол эле учурда эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Кичүү уулубуз - скрипкачы. Чоң уулум биздин оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алган жардамчыбыз. Кызыбыз мурда опера ырчысы болчу. Кийин таштады дагы милицияга жумушка кирип кетти. Азыр минтип небере эркелетип отурабыз.

“Азаттык”: Жаш кезде турмушта казан-аяк кагышкан учурлар болсо керек. Мисалы, кызганыч дегендей...

Каныкей Эралиев: Адам болгондон кийин баары баштан өтөт тура. Кезинде Атайбек экөөбүздүн ортобузга от жаккысы келгендер да болгон. Бирок алардын баарын жеңдик. Кызганыч да болду. Бири-бирибизди аңдышкан кездер да өттү.

“Азаттык”: Кимиңер көбүрөөк кызганчу элеңер?

Каныкей Эралиев: Албетте Атай да...

Атайбек Бөдөшев: (күлүп) Каныкей мени кызганган учурлар деле болгон.

“Азаттык”: Эми кайра музыкага келсек. Тажрыйбалуу, таанымал, кесипкөй композитор, ырчы катары азыркы кездеги кыргыз обондору, ырчылары жөнүндө оюңуздар кандай?

Каныкей Эралиева: Азыркы жаш ырчылардын баарын эле начар дешке болбойт. Бирок көпчүлүгү аткарышкан чыгармаларынын сөзүнө, обонуна маани беришпейт. Тилекке каршы, алардын басымдуу бөлүгү бир күндүк гана ырларды, обондорду аткарышат. Менин оюмча, азыркыдай көңүл коштук кылсак, кыргыздын нукура элдик музыкасынан кол жууп калышыбыз мүмкүн.

Атайбек Бөдөшев: Мен ырчыларга доомат койбойм, кептин баары обончуларда. Азыркы ырчылардын ичинен үнү жакшылар көп, бирок көбү туура эмес ырды тандап алышат. Анүстүнө көбү ырчылыкты хобби кылып жүрүшөт. Кийин тандалып отуруп мыктылары гана калат. Мисалы, азыр орто муун болуп калгандарды карасаңар, Айчүрөк Иманалиева, Сыймык Бейшекеев сыяктуулар гана келатышат. Динара Акулова дагы келатат, бирок тийип-качып, акыркы күндөрү солгундай баштады. Азыркы жаш ырчыларды айта турган болсом, ырлардын сапаты начар, мен сынды обончуларга коем. 15 жаштан 35 жашка чейинкилердин арасында чыныгы обончу жок, бул трагедия.

Күүгө айланган мезгил закымы

“Азаттык”: Атайбек мырза, кийинки кездерде сизди чоң комузчу катары да таанып калдык. Обон менен күү чыгаруунун айырмасы барбы?

Атайбек Бөдөшев: Бар эмей. Айтылуу М.Абдраев бир күү жараткандан көрө, бир симфония жазган оңой деп айтаар эле. Ичимден кантип эле ошондой болсун деп ойлочумун. Аныгында анын айтканы туура экен. Мен обончулукка ооп кеткеним менен комузчулукту таштаган эмесмин. Музыканттардын баары эле менин комуз чертеримди жакшы билишчү. Бирок Искусство институтунда окуп жүргөндө окуунун талабы боюнча соната, симфония жанрларында иштөөгө туура келди. Ушул жерден Каныкей экөөбүз тең бизге элдик обончулук жанры жакын экенин туйганбыз. Ошентип окууну аяктаганча комузга кол тийген жок десем да болот. Кийин комузга кайрылганымдын себеби, эртели-кеч кармай калганымда бир кайрык кулагыман кетпей жаңырып туруп алганында болду окшойт. Ошону менен 12 жыл өткөнчө кайрып жүрүп, бир күү жараттым. Демейде, обонду эргүү келгенде тез эле жазып коет эмессиңби. Комузда башка экен. Сөз менен айтып бере алгыс, күү менен гана жеткире турган, башка музыкалык аспаптарда бере албаган сырдуу кайрыктар дал ушул касиеттүү комузубузда катылыптыр. Аны сезип, туя билүү, угарманга жеткирүү ар бир эле комуз кармагандын чекесине бүтпөсө керек. М.Абдраев ошон үчүн жогорку сөзүн айткан турбайбы.

“Азаттык”: Комузчулукка качантан бери батыл кирише баштадыңыз?

Атайбек Бөдөшев: "Тогуз кайрык" теле конкурсу болуп калып, ага белгилүү комузчулар Болуш Мадазимов, Саадабай Шабданов келип калыптыр. Конкурс бүткөндөн кийин аларды үйгө чакырып, кысынып жатып чыгарган күүлөрүмдүн бирин чертип берсем, Саадабай ага комузум менен кошо кучактап алып "…мен сени аккордеон кармап кетти деп аябай өкүнчү элем, комузга кайрылган турбайсыңбы. Ушул жолуңдан кайтпа" деди эле. Анан кол ойноткондон мурда, күүнүн маңызына карап чертип жүр деп биртоп насаат айткан. Күүмдү өзү кайра чертип көрүп, айрым жерлерин мындай кайры деп жол көрсөткөн. Ошондон баштап менде өзүмө ишеним пайда болуп, күү чыгарууга белсенип кириштим. Бирок күү обон эмес. Азыр 140тай обонум, болгону тогуз гана күүм бар. Бир күүнү бериси үч, арысы алты жылда барып бүткөрүп жүрөм. Бир жылда бир күү чыгара албайт экенсиң. Көкүрөктө дагы үч-төрт күүнүн кайрыктары жүрөт. Аларды качан аягына чыгам, айта албайм.

“Азаттык”: Анда ошол күүлөрүңүздөн угуп, маегибизди жыйынтыктайлы.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG