Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

"Тарых жана тагдыр" берүүбүздүн бүгүнкү чыгарылышында "Ордо Сахна" ансамбли жана анын улуттук руханий казынага кошкон салымы тууралуу сөз кылабыз.

Байыркы дүйнөнүн улуу ойчулу Платон: “Музыка ааламды уйкудан ойготуп, жандүйнөгө канат бүтүрүп, акыл менен ойду алда кайда алып учат” деген экен. Анын сыңары жакшы музыканы укканда анын керемет кайрыктарына маашырланып, жанды жыргатып эле тим болбой, ошол музыканын тереңинде жаткан сезимдерге, ойлорго кулак төшөйбүз, түрдүү аспаптардын тили менен туюнтулуп жаткан карт тарыхтын күүсүнө сермелебиз. Кыргыз угармандары эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн музыка күйөрмандарына жакшы тааныш “Ордо Сахна” тобунун чыгармаларын укканда алды менен ушул ой кетет. Маселен, ооз комузчулар аткарган “Улуу тоо” күүсү тоолор менен талааларга, капчыгайлар менен жылга-жыбыттарга не бир шаң киргизип, бүт ааламга күндүн чыгышын, жашоонун кереметин даңазалаган күү. Сезимди дүргүтүп, жер менен суунун касиетине сыймыктанткан күү. Бул чыгармада ааламга, бизди курчаган кең дүйнөгө кайрылып айтылган не бир маанилүү ой жатат, эл-журт билиши керек болгон бир олуттуу кабар, үмүт менен тилек, болгондо да асыл үмүт, бийик ой, шаң жана салтанат жатат.

Азыркы кыргыз музыкасы тууралуу сөз кылып жатып, кепти атайын “Ордо Сахна” музыкалык тобунун чыгармачылыгынан баштаганыбыздын өз себеби бар. Эң башкысы, бул топ кыргыздын элдик музыкасын бүгүнкү күндүн музыкалык маданиятынын деңгээлинде кайра иштеп чыгууда. Эски музыкалык мотивдерди биздин замандын талабына ылайык кайра жаңыртууда. Демейде, кыргыз элинин тарыхы океандай чалкыган дастандарда, “Манас” баштаган эпостордо, легендалар менен айтымдарда, кошоктордо, уламыштарда чагылдырылган деп келсек, “Ордо сахна” биздин өтмүш музыкада да эң сонун чагылдырганын далилдеди. Биздин оомалуу-төкмөлүү узун тарых биздин элдик музыкада, айрыкча комуз менен кыл кыякта, чоор менен чогойнодо, керней менен сурнайда, ооз комуз менен сыбызгыда да сакталып калганын көрсөттү. Көңүл коюп уккан киши чоор менен чогойнодогу кайрыктарда тээ атам замандагы жеңиш менен жеңилиштердин, кайгы-касиеттердин элеси, драмалуу да, муңдуу да сүрөттөрү, деле жашоонун жарыгы менен караңгысы, кубанычы менен кайгысы турганын оңой эле баамдайт.

Мен муну руханий Ренессанс, анын ичинде музыкадагы Ренессанс деп айтаар элем. Эгер Ренессанс деген сөз Кайра жаралуу деген маанини билдирерин эске алсак, анда биз тыңшап аткан музыкалык берметтерди элге алып чыккан, кайра иштеп чыккан бирден-бир чыгармачыл топ -баарыбызга жакшы белгилүү “Ордо Сахна” музыкалык ансамбли болду десек адилеттик болоор эле.

“Ордо Сахна” тобунун негизги чыгармачылык максаты - элдик музыканы, унутта калган кайрыктарды кайра жандандыруу, бүгүнкү күндүн техникалык деңгээлинде сүйлөтүү, Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таратуу болду. Америка менен Швейцария, Орусия менен Корея, Жапония менен Канада, Түркия… Санай берсек “Ордо Сахна” ансамбли барган мамлекеттер, ансамблдин музыканттары катышкан регионалдык, дүйнөлүк масштабдагы фестивалдар абдан көп. Менин байкашымча, эбак легендага, жомокко айланган баатыр бабаларыбыздын өтмүшүн биздин музыканттар кээде аң-сезимдүү түрдө, кээде инстинкт менен, өңчөй интуиция менен сезип жана баамдап жатышкандай. Натыйжада эч бир күтүлбөгөн музыкалык композициялар жаралып, улутубуздун казынасы терең, өтө маңыздуу музыкалар менен баюуда. Эски музыкалык мотивдер жаңы аранжировкалар менен чырайына чыгып, форма жагынан байып, натыйжада эч бир күтүлбөгөн музыкалык берметтер жаралууда.

Маселен, мен өзүм Москвадагы жети жылдыздуу “Балчуг-Кемпински” отелинде “Ордо Сахна” 2003-жылы концерт бергенде залда отурган орустун саясатчылары, окумуштуулары, интеллектуалдары, журналисттери менен жазуучулары таң калып башын чайкаганын өз көзүм менен көргөмүн. Бишкектеги беш жылдыздуу “Хаят” мейманканасында ушул топ дипломатиялык корпуска арнап, “Ордо” деген Нурлан Нышановдун импровизациясын ойногондо сыртта турган ХХI кылым эстен чыгып, кыргыздын кылым карыткан кары тарыхына, Улуу Кыргыз каганатына, Алтай менен касиеттүү Энесайга кыял менен болсо да сермелип кеткендей кырдаал болгон эле. Музыканы баалаган адистер ошондо эле кыргыз элдик музыкасынын жаңы доору, руханий мурастарыбызды кайра иштеп чыгуу заманы башталганын бир ооздон белгилешкени эсте. Бир чети табышмактуу, экинчи жагынан муңдуу, ошону менен бирге философиясы терең “Ордо” импровизациясы кыргыз музыкасынын кийинки он жылдагы эң эле терең жана уникалдуу, ошону менен бирге ушунчалык кооз туундуларынын бири болуп калды. Бул чыгарманы укканда анын ички мазмунун туюндурган сөз же ыр саптары табылабы деп кыргыздын философиялык поэзиясынын бир канчаларын барактап да көргөн элем. Ошондо таланттуу акын кызыбыз Алмаш Чойбекованын төмөнкү саптары эске келген болчу:

Байыркы талаада байыркы таш жатат,

Байыркы жылдардын күнүнө какталат,

Кээде аны улуган бороон да жалмалап,

Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.

Мезгилге кайтарып ал таштар кум болоор,

Кум кайра жер болуп, ал жерге гүл толоор.

Жок болбос бир гана Күн, Жер, Ай, жылдыздар,

Океан чайпалаар, эң көрктүү гүл солоор.

Билинбей өткөндө жылдардын закымы,

Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.

Эскирбей, өлбөй да калат го түбөлүк,

Адамзат өнөрү, даанышман акылы.

…Улуу художник, боёк менен, кыл калем менен өзүнүн сүрөттөгү эпосун жараткан Жоомарт Кадыралиевдин “Кылымдар дастаны” деген полотносу бар. Ал полотнодо маркум Жоомарт агабыз байыркы заман менен азыркы доорду байланыштырып, кыргыз журтчулугунун келечеги -анын улуттук нарк-насилин сактай билишинде жана ата-бабалар калтырган улуу мурасты, руханий дөөлөттөрдү артынып алып, келечекти көздөй ишенимдүү кадам шилтешинде деген ойду айткан эле. Ошол сыңары “Ордо Сахна” музыкалык тобу бизге бабалар калтырган музыкалык мурастарды жаңы күндүн техникасы, музыкалык маданияты менен кулагыбызга жеткирүүдө. Азыр бул топтун биз четин гана чыгарган чыгармалары Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунда жаңырып келет. Тойлордобу, мааракелердеби - ар дайым ушул топтун музыкаларын угууга болот. Ал гана эмес чөнтөк телефондордо да “Ордо Сахнанын” музыкасы көп жаңырат.

Себеби, биз жогоруда белгилегендей, бул топ бизге, кыргыз калкына, керек болсо дүйнөгө биздин ата-бабаларыбыздан калган музыкалык табериктерди жаңы деңгээлде, жаңы көз менен, жаңы чечмелениш менен тартуулап берди. Эмне дейбиз, ушул демилге дагы да улансын дейли, нечен заман катылып жаткан руханий казынабыз элге-журтка, айрыкча жаңы муундарга түбөлүк менчик болсун деп тилейли.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG