Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Кабулдагы удаалаш кол салуу 16 адамдын өмүрүн алды


Кабулдагы чабуул
Кабулдагы чабуул

Ооганстандын баш калаасы Кабулда эки жанкечтинин жардыруусунан кеминде 16 киши мерт болуп, 40тай адам жаракат алды.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, шаршемби күнү бир жанкечти жардыруучу зат салынган унаа менен Кабулдун батышындагы полиция имаратынын дарбазасын сүзүп кирген. Андан соң бир канча согушкер ичкери кирип, полиция менен атыша кеткен.

Экинчи жанкечти Кабулдун чыгышындагы Улуттук коопсуздук агенттигинин кеңсесине кирип барып, өзүн жардырган. Талиптер эки чабуулга тең жоопкерчиликти алды.

НАТО баштаган эл аралык коалициянын Ооганстандагы миссиясы 2014-жылы аяктаган. Андан бери ооган армиясы кол салууларды алдын алууда кыйынчылыкка туш болуп келет.

XS
SM
MD
LG