Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Накта кыргызча рок


Кайрадан чогулган "Ариет" тобу.
Кайрадан чогулган "Ариет" тобу.

Жетимишинчи жылдары Ошто студент балдар түзгөн «Ариет» рок эстрадалык тобу кайрадан сахнага кайтты. Бир кездери эл арасында аябай популярдуу болгон топтун жигиттеринин чачтарына азыр ак түшкөн.

«Автострада». Бул ыр 35 жыл мурун жаралып, кыргыз рок күйөрмандарынын сүйүктүү чыгармасы болгон. Аны азыр деле ырга ышкыбоз айдоочулар унаасында жаңыртып жүрөт. Ырды 1976-жылы Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинин студенттеринен куралган «Ариет» тобу жараткан.


please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
Түз линк


Өз мезгилинде жамы журтка белгилүү болгон рок топту улуу муундун өкүлдөрү өзгөчө эргүү менен эстешет. Алардын бири 60 жаштагы Калбек Жалиев:

- Ал кезде азыркыдай фонограмма жок эле. Алар жандуу чыгышчу. Соло гитара, бас гитара жана урма аспаптарды сахнада булар чындап ойношчу. Үндөрү да таза болчу. Азыркыдай бирөөгө ырдатып коюп, сахнага чыгып секиришчү эмес…

Жетмишинчи-сексенинчи жылдары Кыргызстанда, айрыкча республиканын түштүк аймагында атак-даңкка жетишкен «ариетчилердин» жетекчиси Абдуманап Төрөбековдун айтымында, топ алгач «Шайыр үндөр» деген аталыш менен Ноокатта иш баштаган.

- Топтун курамында мен, Абдуманап деген адашым, Разак жана Фархат аттуу урма аспаптарда ойногон жигит төртөөбүз болгонбуз. Ноокатта иштеп жүргөн учурубузда Өзгөн районунун ошол кездеги биринчи катчысы Вагинур Талипов деген киши бизге Өзгөнгө келип иштөөнү сунуштаган. Үй беребиз, колдоо көрсөтөбүз дешкен. Разак менен Абдуманап өзгөндүк болчу, алар макул болуп кетип калышты. Топту жоготуп албайлы деп Фархат экөөбүз да барып, ошол жакта иштеп калганбыз.

Өзгөнгө келген соң жергиликтүү бийликтин сунушу менен топтун аты өзгөртүлгөн. Абдуманап Төрөбеков Совет доорундагы патриоттуулукка ыктап, намыстуу бололу деген таризде рок-топко «Ариет» деген аталышты сунуштаган.

- Абдуманап Нышанов жана мен жараткан ырлар репертуарыбыздагы негизги чыгармалар болчу. Мисалы, «Автострада», «Балалык», «Гүлдөп жүрүп күн өтсүн», «Терезеңдин түбүндө» жана башкалар. Анан сөзсүз түрдө элдик ырларга жаңыча аранжировка жасап, алып чыксак эл аябай жакшы кабыл алышат эле, - деп эскерет өткөн күндөрүн Абдуманап Төрөбеков.


please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00
Түз линк


“Ариетчилер” Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдөн сырткары Сирия, Иордания жана Германияга барып, рок-фестивалдарга катышып келген. Бирок кыргызча роктун баштоочулары турмуштук ар түрдүү себептерден улам 1983-жылы тарап кеткен.

Отуз жылдык тыныгуудан соң эски достор быйыл кайрадан биригишти. Тилекке каршы, топтун алгачкы курамындагы клавитуралык аспаптарда ойногон Разак Абдыкадыров азыр бул дүйнөдө жок. Жаңы курамда Абдыманап Төрөбаев, Абдыманап Нышанов, Алик Балбаков, Ибрагим Токонов жана Өмүрбек Райимбердиев иштеп жатат. Алардын бардыгы ар түрдүү аспаптарды чертип, ырдашат.

Рок күйөрманы Сабыр Абдумомунов «Ариет» тобу популярдуу болуп турган кезде мектептин кенже классындагы окуйт эле. Азыркыга чейин «Автострада», «Кел бийлейли» сыяктуу ырлар эсинде.

- «Ариет» тобун кичинекей мезигилимде гана билип калдым. Рок күйөрманы катары бул топту «Машина времени», «Ялла» сыяктуу топторго салыштыра алам. «Ариеттин» кайра сахнага кайтышы менен Кыргызстанда рок-музыка өнүгөт, бул жанрга кызыккан жаштарды куштарлантат деген ойдомун.

Сахнага кайткан «ариетчилер» учурда жаңы ырларды жазуу менен алек. Өзгөндүн маданият үйүндө иштеп жаткан топ бүт Кыргызстанды ырлары менен багынтууну максат кылган. Азырынча эски музыкалык аспаптарда иштеп жатышат. Ырларын кайрадан жумуру журтка жайылтуу үчүн аларга каржылык колдоо көрсөтөр демөөрчү керек болуп турат.
XS
SM
MD
LG