Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Бишкекте башталган “Оймо-2012” эл аралык фестивалы Ысык-Көлдө уланууда.

Борбор Азиянын уздарынын колунан шайы, нукура пахта, жүндөн жаралган күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, сайма басылган кийимдер, териден жасалган дойбу, шахмат, камчылардан башка чоподон, айнектен жасалган кооз сувенирлер, оюулардын ар түркүн үлгүлөрү биринен бири өтүп, көз жоосун алат.

Ачык түстөгү боёктор менен боёлгон буюмдардын ортосунда кездеме, кийиздерди иреттеп отурган чырайлуу келин Жамал Маматкадыр кызы Кытайдын Кызыл-Суу облусунан экс-президент Роза Отунбаеванын чакыруусу менен келиптир.

Жамалдын айтымында, учурда Кытайлык кыргыздардын арасында кол өнөрчүлүк абдан өнүгүп, кыз-келиндер жумуш менен камсыз болууда. Анын фабрикасынан чыккан кездеме, улуттук кийимдер, сувенирлер туристтерди суктандырып, өтүмдүүлүгү менен айырмаланат.

- Кол өнөрчүлүк Жунгодогу кыргыздарда абдан өнүгүп баратат. Айыл-айылдарда, оодан-оодандарда кыз-келиндер кол өнөрчүлүк менен алектенет. Кызыл-Суудагы Харбидияр соода маркезинде “Жамал миң түркүн кол өнөр орду” деген ордум бар. Фабрикам бар. Анда элүү аял иштейт. Негизинен саякат буюмдары, кыз себи, кыргыздын улуттук кийимдерин тигебиз.

Кытайлык кыргыз кыз-келиндери кийе турган элечектин өңү кызыл түстө, жээгине жалтырак калай, күмүш, шуру, седеп кадап абдан кооздолуп жасалат экен. Жамал Маматкадыр кызы жакында эле Кытайда өткөн “Манас” фестивалына карата бир миңден ашуун элечек жасаптыр. Ал кыргыздын улуттук кийимдерин, буюмдарын дүйнөгө таанытсамбы деген ойдо экен.

Ал эми Түркиядан келген уста Назуф Көмерт болсо айнектен шакек, сөйкө жана башка кооз буюмдарды отурган жеринде шырылдатып от жагып, жасап атты.

Назуф Көмерт 44 жылдан бери узанып, анын айнектен жасаган буюмдары жеке эле Түркия эле эмес чет мамлекеттерге дейре тараган. Ал Кыргызстанга экинчи ирет келип жатканын, ага бул жактын кооз жаратылышы, кыргыздардын меймандостугу жакканын кошумчалады.

Ал эми жарманкени көргөнү келген Кожош аттуу жигит мындай иш чара республиканын алыскы аймактарында дагы уюштурулса деген каалоосун билдирди:

- Жарманке абдан жакшы уюштурулуптур. Менин оюмча, мындай иш-чараны алыскы аймактарда өткөрсө жакшы болот эле. Мисалы, Нарында жергиликтүү элдин шырдак, туш кийиздери жана башка жүндөң жасалган буюмдары коюлса. Баткенде болсо кыздын себи, төшөк сыяктуу буюмдарды койсо. Ушул өңдүү кол өнөрчүлөр Алай, Жалал-Абад, Чаткал, Чүйдө дагы бар да. Дайыма Бишкекте, анан Ысык-Көлдө өткөргөнү жакшы, бирок алыскы аймактагылар ушуларды көрсө кол өнөрчү кыз-келиндер көбөйөт эле.

Негизинен “Оймо-2012” эл аралык фестивалы биринчиден адамдардын жашоо шартын жакшыртуу болсо, экинчиден туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу максатында уюштурулуп жатканын иш-чаранын пиар-менеджери Жеңишгүл Өзүбекова кошумчалады.

Анын айтымында, “Оймо” фестивалына катышуучулардын саны жылдан-жылга арбып баратат.

- Биздин фестивалга туштап туристтер жолдомо ала башташты. Жыл өткөн сайын фестивалдын географиясы дагы кеңейип баратат. Быйыл Кытай, Индия, Ооганстандан дагы кол өнөрчүлөр буюмдарын алып келишти. Ушуну эл аралык, дүйнөлүк деңгээлге чыгарып алсак дегенде эки көзүбүз төрт. Менимче ушуну колдоп, өнүктүрүүгө өкмөт тарабынан жакшылап көңүл бурса абдан натыйжалуу болот эле. Болбосо бейөкмөт уюмдардын, чет өлкөлүк уюмдардын аракети алсыз, аздык кылып жатат.

“Оймо-2012” эл аралык фестивалы Бишкекте 25-июлда расмий ачылып, кыргыздын каада-салтын даңазалаган акындардын ырлары коштоду.

Жеңишгүл Өзүбекова бул иш чара 27-июлдан 5-августка чейин Чолпон-Атада улантыларын кошумчалап, муну Кыргызстандагы кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча Борбор Азия ассоциациясынын CACSARC-kg ресурстук борбору, Төлөмүш Океев атындагы кор, Маданият жана искусство боюнча Борбор Азия тармагы, Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулганын кошумчалады.

VII эл аралык “Оймо-2012” фестивалына Борбордук Азия, Түркия, Индия, Ооганстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Тоолуу Алтайдан келген 100дөн ашуун кол өнөрчүлөр, уздар, зергерлер катышууда.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG