Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Кыргыз искусствосу менен маданиятына салым кошкон инсан, киносценарист, чебер прозаик, 72 жашында күтүүсүз дүйнө салган Кадыркул Өмүркулов тууралуу кесиптештеринин эскерүүсүнө орун бердик.

Кадыркул Өмүркулов кыргыздын туңгуч жазма акын кыздарынын бири Нуркамал Жетикашкаева менен Кыргыз драма театрынын биринчи режиссеру Өмүркул Жетикашкаевдин уулу болгон. Улуу Ата Мекендик согуш чыкканда Өмүркул брону болсо да суранып кеткен экен. Көп өтпөй Кронштадда курман болот.
Наристесин бооруна кысып, жесир калган Нуркамал Жетикашкаева кийин кыргыз адабиятында кайталангыс из калтырган жазуучу, кара сөздүн жоргосу Касымалы Жантөшевге турмушка чыгат.

Касымалы Жантөшев замандаштарынын эскерүүсүндө колу ачык, бапыраңдаган киши болгон. Кадыркулга өз атасындай мээрим төгүп өстүргөн. Бул инсандын жашоосунда өзгөчө орду бар экенин Кадыркул Өмүркулов буга чейин бир нече интервьюларында айткан жайы бар. Жантөшевдин көзү өтүп кеткенден кийин анын калемине таандык “Каныбек” романын басмадан чыгарып, экрандаштырууга салым кошкон.

"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу учурунда

"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу учурунда

Кадыркул Өмүркуловдун өмүр баянынан өзүнчө бир кино жаратса болчудай. Ал бой тарткандан баштап өз киндигин өзү кескен. Жаштайынан заводдо иштеп, Москвадагы кинематографисттер институтунун сценарист факультетин алгачкылардан болуп окуп бүткөн.

Институтту бүтүп жатканда кинорежиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” фильмине алгач киносценарийди жазышты. Эки таланттын мээнетинен жаралган фильм кыргызга атак-даңк, сыймык алып келди.

"Кыргыз кереметинин" көч башында турган бул тасма тууралуу сөз болгондо, Кадыркул агай анын жаралышына Чыңгыз Айтматовдун салымы зор болгонун эскерип айтчу. Эмесе ошол кинонун таржымалына учкай токтоло кетели.

60-жылдары 23 жаштагы жаш режиссер менен жаш сценарист Москваны көздөй сапар тартышат. Ал кезде Москванын колдоосу жок 5 мүнөттүк дагы тасма тартылчу эмес экен. Бирок кашайып Москвага барганда Мамкино талкуусунда сценарий өтпөй калат. Анда отургандар мындан көрө колхозчу, же завод-фабрикадагы жумушчу тууралуу жазбайт белеңер деп, кайра жазып чыгууга тапшырма беришет.

Шаабайлары сууп, кайра Кыргызстанга жөнөмөкчү болгон кезде капилеттен Чыңгыз Айтматовго жолугуп калышат. Ал киши Союздук кино пленуму болуп, ошого катышканы барган экен. Сценарий тууралуу уккандан кийин, кайра сүйлөшүп көрүүгө убада берет. Ошонун эртеси эле аталган мекемеден телефон чалышып, сценарийге кол коюп беришет. Мына ошентип "Бакайдын жайыты" жаралат. Тасма жарык көргөндөн кийин бир нече эл аралык жана союздук сыйлыктарды жеңип алган.

Кадыркул Өмүркуловдун замандаш кесиптеши, белгилүү кинорежиссер Артык Сүйүндүков анын кыргыз киносуна кошкон салымын мындайча белгиледи:

- Кадыркулдун кыргыз кинодраматургиясына кошкон салымы чоң. Азыр саналуу эле драматургдар калды. Кинонун фундаменти сценарий да. Ошол маселе күндөн-күнгө проблема боло берет. Кадыр өзүн-өзү көп даңазалабаган, иштерман адам эле. Кыргыз интеллигенциясынын мурунку муунунун акыркы могикандарынан болуп атат.

"Бакайдын жайыты" тасмасынан бир көрүнүш

"Бакайдын жайыты" тасмасынан бир көрүнүш

"Бакайдын жайыты" Кадыркул Өмүркуловго атак-даңктан тышкары, үй-бүлөлүк бакыт алып келген. Өмүрлүк жубайы Бүбүсара Рыскулова менен ошол кино аянтында таанышкан. Бул тууралуу кесиптеш-калемдеши Акимаалы Чекиров мындай деди:

- "Бакайдын жайытындагы" келиндин ролун жубайы аткарган. Анда кичинекей кыз болчу. Ошол талаадан, тээ Суусамырдын белинен таанышып, жылдыздары келишип калган экен. Ага аралжы болгон Муратбек Рыскулов болгон. Муратбек ата менен Кадыржан экөө аябай жакшы, чыгармачыл эриш-аркак болушкан, ата-баладай эле. Сабира эже Күмүшалиева болуп, өмүр бою көзү өткөнгө чейин чоң сый менен жүрүштү. Арбактары ыраазы болсун.

Кадыркул Өмүркулов 45 жылдан ашуун чыгармачылык өмүрүндө окурмандар сүйүп окуган, идеясы терең повесттерди, аңгемелерди жазган. Анын сценарийи боюнча “Ак куулар конгон айдың көл”, “Каныбек”, “Эски тегирмен”, “Жер касиети”, “Кербез”, “Акжолтой”, “Бурма” ж.б. көркөм жана даректүү кинофильмдер тартылды. Республикалык жана эл аралык сыйлыктарга ээ болду.

Темир Бирназаров

Темир Бирназаров

Кадыр Өмүркулов өмүрүнүн акырына чейин кинодон кол үзбөдү. Көз жумардан бир күн мурда кинорежиссер Темир Бирназаровго чалып көпкө сүйлөшкөн экен:

- Кадыр агай бир жарым ай мурун өзүнүн "Мөңгү муңу" деген жыйнак китебин берген, кино тартуу максатында. "Ушул китепти окуп, өзүңө жаккан чыгарманы танда, каражатыңан кам санаба" деди. Мен окуп бүткүчө эки-үч жолу "кайсы чыгарма жакты" деп телефон чалып турду. Мен "Ак жолтой" жакканын айтсам, "ал тартылган билесиң да, башкасын окуп көрчү" деди. Макул деп, "Мөңгү муңу" дегенин окуп бүтүп, жаңы эле "Адыл уста" деген аңгемесин окуп жаткам. Эки күндөн кийин Кадыр агай кайра чалды, бүттүңбү деп. Мен "бүтөөрүм менен сизге чалам" дедим. Эртеси кайтыш болгонун угуп, абдан жаман болдум.

Кыргыз кинокереметинин акыркы могикандарынан болгон Кадыр Өмүркуловдун аты кыргыз искусствосу менен маданиятынын тарыхында түбөлүк өчпөй, унутулгус эмгектеринде жашай берет.

Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Өмүркулов 1941-жылы 16-февралда Сокулук районунун Жыламыш айылында туулган. Ал Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1993-1994-жылдары Кыргыз телерадиокорпорациясынын президенти болуп эмгектенген. Узак жылдар бою Кыргыз Улуттук университетинде, 2002-жылдан тарта кыргыз-түрк “Манас” университетинде сабак берип өткөн жылы пенсияга кеткен.

"Кыргыз кереметин" 50гө жакын даректүү жана көркөм тасмалар менен байыткан инсан 6-декабрда жүрөк оорудан көз жумду. Артында жубайы, эки уул, эки кызы жана неберелери калды. "Азаттык" үналгысынын жамааты Кадыркул Өмүркуловдун жакындарына көңүл айтат.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG