Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Жалал-Абад шаарында бюджет бекибей, курулуш иштери токтоп турат


Шаардык кеңеш депутаттары чогула албай жаткандыктан быйылкы калаанын бюджети бекилбей, курулуш иштери токтоп турат. Бул тууралуу шаар мэри Салайдин Авазов “Азаттыкка” билдирди. Жолдорду жамоо жана жаңы көчөлөрдү асфальттоо жумуштары да аткарыла элек.

- Республикалык бюджеттен тендөөчү грант аркылуу берилүүчү 15 млн сом акчаны да шаардык кеңештин чечими жок албай калдык. Ошол эле учурда 1 млрд. сомдук алты инвестициялык долбоор да кезекте турат. Болгону биз азыр тазалык жана көрктөндүрүү жумуштарын гана аткарып жатабыз, – деди Авазов.

Жалал-Абадда беш фракциядан турган шаардык кеңеш декабрда шайланганына карабай чогула албай жатат. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы КСДП, "Кыргызстан", "Республика Ата-Журт" фракцияларынан куралып, "Өнүгүү-Прогресс" менен "Ата-Журт" фракциялары азчылыкта калган. Депутаттардын чогула албай жатканына фракция арасында араздашуулар себеп болууда.

Быйылкы жылдагы Жалал-Абад шаарынын бюджети 345 млн сомду түзөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG