Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Бакыт Орунбековдун “Бөлүнгөн кыргызы”


Журналист, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Бөлүнгөн кыргыз” аттуу китеби жарык көрдү. Публицистикадан, жол очерктеринен, интервьюлардан турган бул китепте Кыргызстандын эгемендик жылдардагы тарыхы, көйгөйү чагылдырылган.

“Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” демекчи, кыргыз коомунда биз баарыбыз күбө болуп, аралашып жашап жаткан “бөлүнүү процессине” өзүмдүн жеке байкоолорумду, аны жеңилдетүүгө же чечүүгө боло турган сунуштарым менен ачык бөлүшкүм келди. Кеп Мекенибиздин келечеги жөнүндө болгондуктан сөз учугу дагы уланат деп ишенем. Анда жолго чыгалы...” деп башталат Орунбековдун “Бөлүнгөн кыргыз” деген китеби.

Андан ары бир эле элдин региондорго, урууларга, динге, партияларга, “кыргыз” жана “киргизге”, бай-кедейге бөлүнүүсү тизмектелип, мындай бөлүнүүлөрдүн башталышы, себеби, андан кантип арылуу керек экени мисалдардын, салыштыруулардын негизинде чечмеленет.

Илим жана журналистика

Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевдин айтымында, Бакыт Орунбековдун башка журналисттерден айырмасы анын журналисттик кесип менен илимди эриш-аркак алып жүргөнүндө. Ошондуктан ал макалаларында Кыргызстандагы социалдык-саясий кырдаалга, кыргыздын улуттук-руханий баалуулуктарына токтолсо да илим менен айкалыштырат:

- Кыргыз коомунда бөлүнүүчүлүк кадам сайын кездешет. Ушуга байланыштуу теманы өзүнүн илимий көз караштары менен ар тараптуу талдоого алган экен. Регионалдык бөлүнүүдөн башка кесиптик кошуундар аркылуу бөлүнүүчүлүк боюнча да так аныктама бериптир. Бул китеп журналисттер үчүн да, илимпоздор үчүн да керектүү китеп деп эсептейм.

Бакыт Орунбеков
Бакыт Орунбеков

​Сыдыкбаев аталган китептеги журналистика маселелерине байланыштуу макалалар, ой-толгоолор, тажрыйбалар, сунуштар массалык маалымат каражаттарында иштеп жүргөн ар бир эле адис үчүн керектүү окуу курал болот деген ойдо.

Орунбековдун окурмандарынын бири Бакыт Мырзабеков да кийинки кездерде кыргыз журналистикасынын күнгөй-тескейин иликтеген адабияттар жокко эсе болуп турганын, тажрыйбалуу журналисттин бул эмгеги ошол кемтикке кошкон өз салымы болгонун белгиледи:

- Мени журналисттин чет өлкө сапарларынан улам чыккан кызыктуу макалалары кызыктырды. Ал макалаларды бул тармакта иштегендер чет элдик журналисттердин иштөө тажрыйбасын үйрөнүү үчүн окуп чыгыш керек экен.

Бакыт Мырзабеков Орунбеков журналисттер үчүн сабак боло турган жагдай аталган китебинин бир гана салаасы экенин, китепте эң башкысы эгемендик алган өлкөдөгү эркиндиктин жоопкерчилиги ошол элдин өз колунда болорун түз да, кыйыр да туюнтканын айтат.

Бөлүнүүчүлүк жана мамлекет жоопкерчилиги

Китептин редакторлорунун бири, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орунбасары Алмаз Кулматов болсо аталган китепте эгемендик жылдары 70 жыл бою кимдин ким экенин жаап-жашырып келген жыргалыбыз да, жыласыбыз да, былык-чылыктарыбыз да улам биринин артынан бири чубалганы журналисттин тили менен ачык, так баяндалып берилгенин белгиледи:

- Мында журналист өтө актуалдуу маселелерди козгогон. Бирок өзүнүн пикирин эч кимге түз таңуулаган эмес.Өзүнүн көз карашын басымдуу кылган эмес. Сапарга чыккандагы макалалар топтомунда Чехов аткандай, "андай экен, мындай экен" деп божурабастан андагы тажрыйбаларды бөлүшкөн.

Кулматовдун пикиринде, Орунбеков аталган китебинде белгиленгендей, мамлекеттин аталышы кыргыз улуту менен аталып жаткандан кийин, өлкөнүн бардык жоопкерчилигин биринчи кезекте кыргыздар көтөрүшү керек. Өзү эле эмес, бул мамлекетте жашап жаткан бардык улуттардын тынчтыгы, бейпил жашоосу, тынч эмгектенүүсү үчүн жоопкерчилик тартышы абзел. Андай жүктү тартыш үчун ири алдыда кыргыздын биримдиги, ынтымагы, алдыңкы билими, эмгекчилдиги, мекенчилдиги, намыскөйлүгү, сарамжалдуулугу, бүйрөлүгү керек.

Белгилей кетсек, “Бөлүнгөн кыргыз” - Бакыт Орунбековдун төртүнчү китеби. Буга чейин анын 2009-жылы “Чайпалган Кыргызстан”, 2011-жылы “Көп партиялуулук жана парламентаризм келечеги”, 2014-жылы “Карбоз ата жана бабалары” аттуу китептери жарык көргөн.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG